Айбат » «Ар-намыс» ар-намыстан куржалак калганбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » «Ар-намыс» ар-намыстан куржалак калганбы?

Кулов Феликс«Ар-намыс» фракциясы жармакташкан өкмөттү куроо процессинде табигый жүзүн көрсөттү. Фракция лидери Феликс Кулов көчүгүндөгү жылуу креслосун жана өзү «жем жеген акырларды» сактап калыш үчүн партиялаштарынын талабына моюн сунуп, коомчулук тарабынан кескин сынга кабылган адамдарды жооптуу министрликтерге сунуштады. Буга Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Камила Талиева менен күч структуралары боюнча вице-премьер Абдырахман Маматалиевдин таржымалын айтсак жарашат.

«Маданияты жок элдин – келечеги жок» дейт элибизде. Келечегин ойлогон мамлекет ириде маданиятына өзгөчө көңүл бурары шексиз. Мындай маанилүү тармакты өз ишин мыкты билген профессионал, искусство адамдары менен тил табыша алган киши башкарышы керек. Тилекке каршы, бул министрликке Камила Талиеванын сунушталышы көпчүлүктү иренжитти. Ал турсун, партиялашы Айнуру Алтыбаева, Талиеваны Маданият министрлигине татыксыз экендигин жар салды. Эл өкүлүнүн айтымында, Камила Абдразаковна маданиятсыздыктын эң жеткен чегин ушу кезге чейин далай даңазалаптыр. «Талиева 2012-2013-жылы вице-премьер-министр болуп иштегенде күндүз жумушка келген эмес. Кечинде келип алып кол алдындагы кызматкерлерди да иштөөгө мажбурлаган. Алар жумуштан кечки 9дан кийин гана бошогон. Болбосо, ошол жумуштарды күндүз деле жасоого мүмкүн эле. Анын ишинде система деген түшүнүк жок болгондуктан кол алдындагы кызматкерлер бат-бат алмашып турган. 2012-жылдын сентябрынан 2013-жылдын октябрына чейин эле 12 жардамчыны, 15 катчыны иштен кетирип, айдоочуларын бир нече жолу алмаштырган. Ушундай адам кантип Маданият министрлигин жетектесин?» дейт Айнуру айым. Минтип партиялаштары тарабынан колдоо таппаган К.Талиеваны өкүмзордукка салуу менен сүрөөнгө алуу күдүк ой жаратат.

«Ар-намыстын» өкүлү Токон Мамытов күч структуралары боюнча вице-премьерликти аркалаган кезинде олуттуу иштерди жасады. Бирок, аны эч себепсиз кызматтан кетирип, ордуна Абдырахман Маматалиевди отургузуу аракети жүрүүдө. 57 жаштагы Абдырахман Мадакимовичдун баскан жолуна саресеп салсак, эгерим укук коргоо органдарында эмгектенбептир. Болгону 2000-2004 -жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппаратында Коргонуу, коопсуздук жана укук тартиби боюнча бөлүмдүн, мамлекеттик кызмат жана уюштуруу иштери боюнча бөлүмдүн, кадрлар жана атайын иштер бөлүмүнүн башчылыгын аркалаган. Ал эми анын 1999-жылы Баткен районун жетектегени кызык окуя менен коштолгон. Ошол жылы Баткенге «сакалчандар» бастырып кирип, бир нече адамды барымтага алышканы маалым. Алардын арасында Абдырахман Маматалиев да бар. Ошол окуяга күбө болгондордун айтымында, «сакалчандар» Маматалиевди чөгөлөтүп, мазакташкан экен. Жыйынтыгында ири сумма менен А.Маматалиевди бошотуп алышыптыр.

Маданият жаатында түшүнүгү жок Талиеваны министрлик постко түртүп, өмүрү күч түзүмүндө эмгектенбеген Абдырахман Мадакимовичти жооптуу кызматка көчүк бастырганы жатышат. Убагында «темир генерал» атыгып, калың элдин алкоосуна татыган Феликс Шаршенбаевич карылыкка алдырып, жеке кызыкчылыгын гана көздөп «чала жан» партиялаштарын жооптуу тармактарга дайындатканы жатыр. «Ар-намыс» деп аталганы менен ар-намыстан куру жалак калган бул партияга «бали» дегенден бөлөк аргабыз жок…

 Айбат гезити №72



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru