Айбат » «Шректин» «эшеги» Төрөбаевге эмнеге жармашты?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Шректин» «эшеги» Төрөбаевге эмнеге жармашты?

Сатыбалдиев Элмурза«Илгери-и, илгери-и» деп башталган жомоктордой, америкалык «Шрек» мультфильминин башкы каарманы Шректин атын алган мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен анын «Эшеги», «Азия-Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев тууралуу баяныбызды дагы улантууга туура келди. Асланбектин КТРКдагы кыз-келиндер менен аттуу-баштуу саясатчы айымдарды кылтагына илип, махабаттын туу чокусуна чыгып, анысын видеого тартып алып, аларды ошол «кино» менен опузалап, айына белгилүү өлчөмдө «салык» алып турары, суу жүрөк саясатчыларды шыбап, гезитинин кийинки санында кайра аларды мактап, коркутуп акча талап кыларын кесиптештери жакшы билет.

Ошондой эле «Шрек» агасы Э.Сатыбалдиевди болушунча «саап», үй, машине алдырганын айтпай ак коёлу. Албетте бекер эмес, анын акысына Элмурза Сатыбалдиевдин буйругун аткарып, ал ишарат кылган саясатчы, чиновник, депутаттарды жамандаган макалаларды «Азия-Ньюска» байма-бай жарыялатып турат. Табиятынан ар кыл жээкке ойдолоктоп «секирип», «ойномой» жагынан алдына ат салдырбаган «Эшек», ой кокуй, Асланбек Элмурза агасынын акчасын алып, анын заказын аткарганга ыраазы болбой калганбы, эми «Өнүгүү» партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевге чап кенедей жабышкан кербези.

Муну «Азия-Ньюстун» акыркы кездеги сандарынан даана байкайсың. Мисалы, аталган гезиттин кечээги санында «Б.Төрөбаевди кушчулар көтөргөнү турат» деген алакандай болгон макала жарык көрдү. Макалада Төрөбаевдин түбү Таластын кушчу уурусунан экендиги, мындан улам, Бакыт мырза таластыктарга ыктап жаткандыгы жазылган. «Мына ушунун баары Төрөбаевди төргө чыгарууга демилге болуп атыптыр» деп жыйынтыкталат макала. Эшикте техникасы өнүккөн XXIкылым өкүм сүрүп жатса, Сартбаевдин ууру-ууруга бөлүнүүчүлүктү козгогону эмнеси, ыя? Же Бакыт Эргешович регионалдык деңгээлден өйдө көтөрүлө албай жатабы? «Tushtuk.kg сайтын М.Мырзакматов менен Б.Төрөбаев каржылайт» деген имиштерди эске алганда, аргасыздан ушундай суроолор жаралат экен.

«Пулун болсо кулуңмун» принцибин бекем тутунган Асланбек мындан ары Төрөбаевдин жетегинде жүрсө, башкы демөөрчүсү Элмурза Ракыевич кандай реакция жасаар экен? «Мына сага!» деп «Шректигин» карматып «Эшегин» көчүктөн ары теппейби? Көрө жаталычы…

Элмурза Ракыевич дагы, Бакыт Эргешович дагы маалымат каражаттарында курган маегинде элди тынчтыкка үндөп, оппозиция, позиция деп бөлүнбөй, ынтымакта мамлекетти өнүктүрүү керектигин айтып келишет. Ага ишенели десек, алар каржылаган «Азия-Ньюс» гезити минтип элди ууру-ууруга бөлүп, аларга жакпаган саясатчылардын үстүнөн жугунду куюп, бириктирбей эле бүлүндүрмөй саясатын жүргүзүп жатканы кандай? Же эки мырза коомчулук алдында кооз сүйлөп, көшөгө артында «суу куймай» адатынан кутула албай жатышабы?

Деген менен, Э.Сатыбалдиев менен Б.Төрөбаев келечегин ойлогон фигуралар эмеспи. Өзгөчө “Шрек” мырза иниси «Эшекти» тыйып, теске салар. Бирок, ишениш өтө кыйын. Анткени «Эшекти хан сарайга камасаң да эшек бойдон кала берет» накылы бекеринен айтылбаса керек…

Айбат гезити №72




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru