Айбат » Кыргызстан «Кумтөрдөн» көбүрөөк киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кыргызстан «Кумтөрдөн» көбүрөөк киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот

Кумтөр Белаз Эксковатор«Кумтөр» долбоору боюнча жетишилген 50-50 пайыздагы биргелешкен ишкана түзүү тууралуу жаңы келишим Кыргызстан үчүн учурдагы эң ылайыктуу вариант болуп турат. Албетте, мындай жыйынтык бир, же бир нече гана адамдын пикирине таянып айтылбастан, экономиканы жана эл аралык мамилелерди жогорку деңгээлде түшүнө билген адистердин, эксперттердин жалпы жонунан бирдей чыгып жаткан пикирлеринен улам жасалган жыйынтык болду. Маселен, «Y.Muszkat, Law Offices» аудитордук компаниясынын башкы директору Иорам Мушкат жаңы келишим тууралуу мындай дейт: «Жаңы келишимдин тексти Кыргыз тараптын шарттары байкалаарлык деңгээлде жакшыргандыгын көрсөтүп турат. Келишимдин өзөктүү учуру жаңы ишкана «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсы жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКсынын базасында түзүлүп, анан биргелешкен ишкана Кыргыз Республикасынын юридикалык жүзү болуп каларында болуп турат. Ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иш алып барып калат. Андыктан жыйырма жылдын ичинде биринчи жолу Кыргыз тарап реалдуу түрдө «Кумтөр» долбоорун башкарып калмакчы». Жаңы биргелешкен ишкананы эки тараптан бирдей сандагы өкүлдөрүнөн түзүлгөн директорлор Кеңеши башкарат. Анын төрагалыгына Кыргызстан тараптан менеджер дайындалат. Мындай жагдай тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгүн ачык-айкын жана ар дайым жоопкерчиликтүү болуусуна алып келет деп эсептейт өкмөт. Ошондой эле экологиялык коопсуздук боюнча маселелерди да чечет. Айлана-чөйрөгө карата түзүлгөн коркунучтар «Кумтөрдүн» иштешине каршы түрдүү акцияларды уюштургандардын бирден-бир шылтоосу болуп бергени белгилүү. Эми болсо өкмөт айлана-чөйрөнү коргоо нормаларын сактоону өзүнүн көзөмөлүнө алууга даярданып жатат. Аткаминерлер бүгүнкү күндөн тарта эле өндүрүшкө эл аралык стандарттардын талаптарын көргөзүшүп, экологиялык көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүнү убада кылып атышат. 2016-жылы ишкананын 90 пайыз менеджерлерин республиканын жарандары түзүшү керек. Бул Кыргызстанда жогорку класстагы адистерди кармап калууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, өлкөбүзгө тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө, жалпысынан өнөр-жайды өнүктүрүүгө керектүү болгон профессионал кадрларды даярдайт. Жаңы келишимдин артыкчылыктары көрүнүп турат. Өкмөттүн жана экономисттердин баасы боюнча, тоо-кен компаниясынын активдери өкмөттүн сунуштап жаткан шарттары боюнча тең экиге бөлүнөт. Бардык жабдуулар, жогорку класстагы адистер, долбоорго тартылган миллиарддаган инвестициялар канада тараптын салымы экендигин эске алганда бул толук акыйкаттуулук. Кыргызстан, өз кезегинде келечектеги биргелешкен ишканадагы жарым активдери менен бирге кен байлыкты иштетүүгө катышуусунан таба турган кирешеси байкалаарлык көбөйөт. «Кумтөрдөн» бюджетке түшө турган кирешенин көлөмү эселеп өсөт. Бул албетте, өкмөттүн социалдык программаларды гана каржылоосун көбөйтүүгө мүмкүндүк бербестен, жергиликтүү экономиканы көтөрүүгө байланыштуу өнүктүрүү долбоорлорун да каржылоого мүмкүнчүлүк берет. «Кумтөрдү» реструктуризациялоодон улам республиканын казынасына жыл сайын кошумча 1,5 миллиард доллар каражат түшүп турат. Эгерде алтындын баасы дүйнөлүк аянтчада көтөрүлүп кете турган болсо, анда бул компаниядан түшө турган киреше да көбөйөт. 2014-жылдан 2026-жылга чейин биргелешкен ишкананын жалпы кирешеси (валовый доход) 9 миллиард 558 миллион доллар болушу күтүлүүдө. Биргелешкен ишканадагы үлүшүбүз 50 пайыз болгону менен ала турган кирешебиз 70 пайызга чейин бара тургандыгын буга чейин эле экономисттер жана экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирген.

Айбат гезити №72



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru