Айбат » Куюп койгондой окшоштор

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Куюп койгондой окшоштор

Кино дүйнөсү табышмактуу болот эмеспи, анда роль ойногон актёрлор да табышмактуу келет. Мисалы Голливуд кино жылдыздарынын ар бири болбосо да көбү өзүнүн кандайдыр бир өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат. Ошону менен катар кээ бирлери бири-бирине окшошуп да кетишет. Бул жакта сөз алардын окшош кийингени же макияжында болгон жок. Кеп алардын келбеттеринин куюп койгондой окшоштугунда болуп жатат. Анан дагы экөө тең таанымал болуп жатат. Мүмкүн бул Голливуддагы стилисттердин же болбосо пластикалык хирургдардын күнөөсүдүр, а балким жараткандын берген белегидир ким билсин, иши кылып эки таанымал тең бири-бирине куюп койгондой окшош экенин сиз алардын сүрөтүнөн байкай аласыз.

 


Меган Фокс жана Анжелина ЖолиМеган Фокс жана Анжелина Жоли

Көптөр Меган Фоксту Анжелина Жоллини туурайт деп ойлошот. Баш түзүлүшү, сексуалдуулугу, чачынын анча-мынча тармалдыгы, көз караштары куюп койгондой бири-бирине окшош. Бирок, Меган Фокс Анжелина менен иши да жок экенин, аны туурабастыгын билдирип келет. Экөө тең актриса, анан бул эки актрисанын дагы бир окшош жери денелериндеги татуировкалардын көптүгүндө. Экөө тең татуировка тарттырганды сүйүшөт. Меган Фокс: “Мен Анжелина Жоллиден корком. Ал абдан күчтүү аял, мени бир эле сугунуп койсо керек. Андан корккондуктан көп ролдордон баш тартууга туура келет. Анан дагы элдер мени Анжелинаны туурайт деп ойлоп калышат”, – десе, Анжелина: “Мен андай актрисаны тааныбайм. Ал тартылган бир да кинону көрбөптүрмүн. Эмне ал кыз “Оскарга” көрсөтүлүп жатабы?” – деп таң калат.

 


Райан Филипп жана Жастин ТимберлейкРайан Филипп жана Жастин Тимберлейк

Эки жигиттин тең көздөрү көгүш, чачтары, ээктери жана сырткы келбети, дене түзүлүшүнөн бери окшош. Бирок, Жастин такай көз айнек тагынып жүрөт. Болбосо бул эки жигит киного тартылып жаткан учурда биринин ролун башкасы ойноп койсо деле режиссёр билбей калмак.

 

 

 

 


Натали Портман жана Кира Найтли

 Портман менен Кира Найтлини да айырмалоого оор. Себеби алар бири-бирине эгиз козудай эле окшош. Айрыкча көздөрү жана бет түзүлүшү абдан окшош. Эки актрисанын кийген кийимдеринин стили кээ бирде окшошуп кетет.

 

 

 


Кэти Перри жана Зоу ДешанельКэти Перри жана Зоу Дешанель

Мүмкүн бул ырчы жана актриса экөө кандайдыр бир алысыраак жактан тууган болуп чыгат. Бирок, андай эмес экен. Бул эки таанымал окшош кыздарды тууганчылык жактан эч кандай байланышы жок. Ошого карабастан, чачтарынын тармалдыгы, көгүш көздөрү, бет түзүлүшүнүн бирдейлиги экөөнү бири-биринен айырмалантпайт. Бир көргөн киши кимиси Кэти, кимиси Зоу экенин айырмалай алышпайт. Кызыгы Кэтини да, Зоини да Мария аттуу энелер төрөгөн, экөө тең Калифорнияда чоңоюшкан.

 

 

 

 

 

 

 


Пенелопа Круз жана Пас ВегаПенелопа Круз жана Пас Вега

Негизинен испан кыздары бири-бирине окшошуп кетет. Бирок, Пенелопа Круз менен Пас Вега бири-бирине куюп койгондой окшош. Экөө эже сиңди эмес. Пенелопа Мадридде чоңойсо, Пас Севильеде өскөн. Бирок, испан жарандыгы экөөнө тең Голливудда өз жолун таап кетүүгө тоскоол болгон жок.

 

 

 


Эми Адамс жана Айла ФишерЭми Адамс жана Айла Фишер

Эми менен Айланын чачтарынын өңү гана эмес, түзүлүшү, көздөрү абдан окшош. Бирок экөөнүн жолдоштору ар башкача. Эминин жолдошу жоош болсо, Айланын күйөөсү абдан шайыр.

 

 

 

 


Хавьера Бардем жана Джеффри Дин МорганХавьера Бардем жана Джеффри Дин Морган

Эгер Хавьер Бардем жүрүм-турумун, кыялын оңдобосо, Пенелопа Круз өзүнүн жубайын оңой эле алмаштырып алат деп ойлойбуз. Чынында Морган азыр Оскар сыйлыгына татый элек, а Бардем  болсо “Тез жардам” тасмасынан улам элдин эсинде калган. Экөөнүн куюп койгондой окшош экенин көргөн жан тууган окшойт деп ойлоору бышык. Бул эки таанымалды да тууганчылык байланыштырбайт. Бардам – Канар аралдарынан болсо, Морган – Сиэтлден болот.

 

 

 

Николь Шерзингер жана Ким Кардашьян Николь Шерзингер жана Ким Кардашьян

Окшош бет, сулуулук жана дене түзүлүшүнөн сырткары экөөнүн тең фамилиясы айтканга кыйын. Бул эки актрисаны батыш журналисттери бири-бирин туурайт деп көп сындашат. Николь болсо Кимди эч качан туурабагандыгын, анын кийимдерине окшош кийбегендигин далилдеп келгенден тажабайт.

Самара САЛАМАТОВА

Айбат гезити №72



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru