Айбат » Коррупциясыз коом канткенде курулат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Коррупциясыз коом канткенде курулат?

“Аганы көрүп ини өсөт” дегендей жогорку окуу жайларда окуп жатышкан студенттер кандай тарбия жана билим  алып, иш-чараларды өткөрүп жатышканы баарыбызга кызык болуш керек.  Мына бул суроолорубузга  Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин экономика  жана Финансы институту жооп беришти.

финансы

2014-жылдын 28-мартында  Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин Экономика жана Финансы институтунун 60 жылдыгына карата  тегерек стол уюштурулду. Тегерек столго мамлекеттик финансылык чалгындоо бөлүмүнүн  стат-катчысы, экономикалык кылмыш менен күрөшүү агентствосу, шаардык ички иштер бөлүмү, улуттук банктын кызматкери жана башка мамлекеттик кызматкерлер келип катышты. Алар студенттер менен  ой пикирлери менен бөлүшүп, студенттердин суроолоруна жооп беришти. Алгач  жыйынды  экономика жана финансы институтунун мүдүрү А. Сарыбаев өз сөзү менен ачып буларга токтолду:

 – Бул тегерек стол, азыркы учурда Украинада болуп жаткан кырдаал, Америка менен Орусиянын ортосундагы тирешүү биздин Кыргызстандын экономикасына тийгизе турган таасирлери жөнүндө маалымат алуу максатында Кыргызстандын финансы жана экономика тармагында иштеген адамдарды чакырганбыз. Алар менен ушул маселе боюнча пикир алмашуу жана анализ жүргүзүү менен студенттерге кызыктуу маалымат  жана келечектеги иштей турган иштерине жакшы сабак болот деген ишенимдемин.

Андан соң мамлекеттик Финансы чалгындоо кызматынын стат-катчысы Б. Сыдыков өзүнүн доклады менен студенттерге финансы чалгындоо кызматынын коррупция менен кандайча күрөшүп жаткандыгы тууралуу далилдерге токтолду. Аталган мекеменин жана жетекчилигинин мындай демилгеси колдоого алаарлык.

 

Тегерек столдун уюштуруучусу аталган институтунун “Экономика анализ” кафедрасынын башчысы экономика илиминин доктору, профессор Бейшенбек Ишенов агайга суроо узаттык:

- Бейшенбек агай бүгүнкү тегерек стол студенттерге кандай пайдасын тийгизет?

- Абдан жакшы суроо бердиңиз. Бүгүнкү тегерек столубузга студенттер залга батпай отурушту, арасынан көп  студенттер  өздөрүнө кызыктуу болгон суроолорду, келген конокторго берип жатышты.  Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн  алдында  окуу бөлүмү  бар, алар ошол жерге барып билим алып окуса, андан кийин мамлекетибиздин банктарында, финансы чалгындоо жана башка ушундай күч структураларында иштеп, финансылык жактан уурдоо, тоноо, мыйзамсыз тапкан кирешелерди ачыкка чыгарып, эли үчүн ак иштеген жана мамлекеттин экономикасына салымын кошо турган студенттер  бүгүнкү күндө  элибизге  абдан керек.  Алар, буларга гранттык негизде Европадан, Россиядан өтүп, билим алышат , студенттер  биздин келечегибиз  да. Бул тегерек стол  негизинен студенттердин келечеги үчүн  уюштурулган. Бул студенттер келечекте окууну бүткөндөн кийин жумуш менен камсыз болуш керек. Мына өзүңөр билесиңер, канчалаган студенттер окуусун бүтүп кеткенден кийин жумушу жок чет өлкөдө, башка бирөөлөргө, башка өлкөгө өздөрүнүн билимин тартуулап жатышат. Бул тегерек столдун дагы бир максаты мына ушул көйгөйдү жоюу болуп саналат.  Бүгүнкү тегерек столго келип катышкан конокторубуз менен сүйлөшүп, келишим түзгөнү жатабыз. Биздин он алты баланы экиден бириктирип, сегиз кылып атайын практикага жибердик. мына балдар билип жатат, келечекте жакшы окуса жумуш даяр экендигин. Студенттерибиз ошол эле улуттук банк, финансы, экономика  министрлиги, УКМКда практика өтөшүп, бүткөндөн кийин ошол жерде калып, иштөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал мүмкүнчүлүктү мына биздин институт  түзүп берип жатат. Эми мындай мүмкүнчүлүккө биздин  кызыл диплом менен бүтө турган он алты  бала  ээ болот.  Ошол практика менен билимди жакындаталы, практиканын алдыга койгон максаты эмне, алардын талабы кандай, биз ошону окутуп бир кылалы деген ой менен, бириктирели деген максатта окутуп жатпайбызбы. Ушундай иш чаралар жана келишимдер, сөзсүз студенттерге жардамы тийет.

- Тегерек столдун эң башкы талкуусу  коррупция менен күрөшүү болду, коррупцияны жоюуга кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

- Биздин окуу жайды бүтүргөндөр экономист, финансист, бухгалтер кесибине ээ болушат.  Булар, эртең ошол коррупция менен күрөшө турган финансы, бухгалтер кызматкери, экономист  барып иштешет. Биз коррупция менен күрөшүүнү жаш кадрларды тарбиялап акырындык менен коррупциянын тамырын кичинеден кыркалы деген максатта тегерек стол уюштурдук. Мына биздин президент өзүнүн ордуна келгенден баштап, коррупция менен күрөшүү  милдетин койгон. Мурунку ажолорубуз коррупция бар деп келишкени менен аларды ачыкка чыгара албай келген. А.Атамбаев коррупция бар деп айтып жана аларды ачыкка да чыгарып жатат. Мамлекеттик чоң кызматта иштеген жана парламентте отурган кээ бир депутаттарга иш козголду. Алар азыр үй камагында жана УКМКнын түрмөсүндө отурушат. Бир гана саясат таануучулар, массалык маалыматтар гана эмес эл оозунда да айтылып жүрбөйбү  А.Атамбаевдин бир жакшы жери, ал киши айткан сөзүн иш жүзүндө далилдеди. Тоок урдайбы же мамлекеттин казынасын уурдайбы баардыгы өз жазасын алыш керек. Арийне, тоок уурдагандар абакта жатышат да ал эми мамлекеттин бюджетине кол салгандар дагы эле уурдоонун үстүндө жүрүшөт. Азыр он чакты киши ошонун ичинде министри, мэри, депутаты да бар. Президент ошолорго иш козгоп коррупцияны жоюуга ачык күрөшкөндүгүн билгизди. 

- Учурда коррупция барбы?

- Коррупция деген бул бүткүл дүйнөдө бар, коррупцияны түп тамырынан жоготуу бул кыйын. Биздин чыгаан инсаныбыз И.Раззаков айткандай “сен таза болсоң, мен таза болсом  анда, коом да таза болот” –  деген, принцип ишке ашып кетсе анда коррупция жоюлушу мүмкүн.  Эл аралык институтун жыйынтыгы боюнча  дүйнөдө  коррупцияга  берилбеген Норвегия, Жаңы Зеландия жана Дания болуп эсептелинет экен. Эми эл аралык компаниялар, агентстволор  маалымат  топтоп жыйынтык чыгарып жатышат, алардын жыйынтыгы менен менин пикирим келишпейт.  Анткени, алар сырт жакта туруп алышып, силерде мынча пайызга коррупция өстү деп, такталбаган маалымат берип жатат. Силер маалымат каражаттары ушуну, коррупцияны элге так жана ачык берсеңер элдерибиз ошого ишенет да сыртта туруп жыйынтык чыгаргандарга ишенбей.  Мен жогоруда айтып кеткендей, биздин өлкөдө мурункуга салыштырмалуу коррупцияга ачык күрөш башталганы кубантпай койбойт. Өзүңөргө маалым болгондой коррупцияга каршы агентстволор, уюмдар түзүлдү. Коррупцияны жоюу  бир эле президенттин колунан келбейт. Бул үчүн мектептеги окуучулардан баштап, мамлекеттик ишкерлердин аң сезимин ойготуш керек. Президентибиздин саясатын толук колдойм. Азыркы парламенттик башкаруунун бир чети жаман экен, бул беш партия беш жака тизгиндерди тартып, өздөрүнчө ар бир кызматты соодалашуу жолуна түшүп жатканы келечекке болгон үмүтүбүзгө балта чаап жатат. Ким партиянын куржунун толтурса ал  министр, губернатор, аким болуп шайланат. Алардын билимин текшербей эле анын чөнтөгүнө карап калды, эми аны биздин өлкөбүздүн кичинекей тарыхыбыз далилдеп жатат. Эми иштей албагандары жумуштан өз ыктыяры менен кетип калышса жакшы болоор эле. Азыр биз кечөө тигиндей кылганбыз, бүгүн мындай кылдык дебей “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” эртең эмне кылабыз деп ынтымакта иштешсе, биздин өлкөбүздүн экономикасында  бир кыйла өнүгүү болоору шексиз.

 

PS: Кийинки саныбызда Бажы биримдиги  боюнча маекти жарыяламакчыбыз

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №72




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru