Айбат » Алга Кылычев: “7-апрель революциясы Кыргызстанды демократиялык жолго түшүрдү”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Алга Кылычев: “7-апрель революциясы Кыргызстанды демократиялык жолго түшүрдү”

Кылычев Алга- Алга мырза, Бакиевдердин үй-бүлөлүк авторитардык башкаруусуна каршы чыккан 7-апрель революциясынын болуп өткөнүнө туура төрт жыл толуп отурат. Мына ошол учурду эске сала кетсек, элибиз эмне себептен Бакиевдин бийлигине каршы чыкты эле?

– Негизи 7-апрель революциясы бул Бакиев башкарып турган беш жылдын ичиндеги туура эмес, кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы жасалган саясаттын жыйындысы деп айтсак болот. Себеби, элибиз адегенде 2005-жылы бир үй-бүлөлүк бийликтин диктатурасына каршы чыгып, аны кулатып, эми чыныгы акыйкат, таза бийлик келип, жашоо-шартыбызды оңдоп, мамлекетибиздин кадыр-баркын жана экономикасын көтөрөөр деген терең үмүттө эле. Тилекке каршы ал үмүт акталбай, тескерисинче мурдагы үй-бүлөлүк башкаруудан да күчтүүрөөк, андан да ашынып кеткен үй-бүлөлүк башкарууга кабылган. Эми ал учурдагы бардык акыйкатсыздыкты, элибиздин кызыкчылыгынын тебеленгендерин санап, айта берсек өтө узун сөз болот. Андыктан жөн гана кыскача мисалдатып айта кетейин. Биринчиден, Бакиев өзү убада кылгандай үй-бүлөсүн бийликке аралаштырбай коё алган жок. Жанышы, Максими, Акматы, Мараты, айтор бардыгы тең эле көрүнөө, да көмүскө да Кыргызстандын хандары болуп алган. Эчендеген элге төбөсү көрүнгөн, мыкты эр-азамат агаларыбыз саясый курмандыкка кабылып, бул дүйнө менен кош айтышып кетти. Мисалы, Медет Садыркулов, Баяман Эркинбаев, Санжар Кыдыралиев, Раатбек Санатбаев жана башкалар. Мындай тир укмуш саясый куугунтуктоолордон улам дагы бир топ саясатчыларыбыз дүйнөнүн ар кайсыл бурчуна башпаанек издеп кетишкенин билебиз. Алардын көбү 7-апрель революциясынан кийин кайтып келишти. Журналисттерге кысымдар жасалды. Буга Геннадий Павлюктун өлүмүн айтсак болот. Сыргак Абдылдаев аттуу журналист 29 жеринен бычак жеп, аргасыздан Швецияга качкан. Айтор, сөз эркиндиги өтө катуу кысмакка алынган. Ал эми кыргыз эли эзелтеден «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деп айтып келишкен эмеспи? Демек, элибиз эч качан сөз эркиндигин кысмакка алууга чыдаган эмес. Дагы бир жагдай Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги дүйнөлүк кара тизмеде жүргөн шылуундардын бардыгын өзүнүн айланасына топтоп алды. Элинин ал-абалын ичинен билүүнүн ордуна күндөн-күнгө жашоо-шартты оорлотуп отурду. Аягында электр энергиясына болгон бааны эки эсеге көтөрүп жибергени элибиздин сабырын түгөттү. Эсиңиздерде болсо керек Бакиев «Бийлигимди курал кармап болсо да коргойм» деген. Айтканындай эле болду. Акыйкаттык издеп чыккан өз элине ок чыгарып, тарыхта канкор президент катары калып калды. Мен өзүм ошол окуяга катышкан адам катары айтсам, Бакиевдин бийлиги ошол учурдагы оппозиция лидерлерин атайын жаманатты кылуу аракетин көргөн экен. Маселен, ошол күнү «Форумдун» алдына чогулган элге «Альфанын» отряды келип атайын эле үч машинени курал-жарагы менен таштап кеткен. Алардын ою атайын элдин колуна курал карматып, анан «мына оппозиция элди куралдандырган» деген шылтоо менен бардык күнөөнү ошол учурдагы оппозиция лидерлерине илип кутулгусу келген. Бирок, элибиз сабырдуу, салмактуу экен, Бакиевдердин андай митаам торуна түшкөн жок. Ала-Тоо аянтында элге каршы ок адегенде Ак үй тараптан чыкты. Буга Ак үйдүн тосмосундагы октун жанып өткөн тактары күбө. Ошондой эле Ак үйдүн маңдайындагы «Илбирстин» имаратынын дубалдарына тийген октордун тагын айтсак болот. Ал убакта элибизди башкарган эч ким болгон эмес. Себеби оппозиция лидерлерин бардыгы камакта болчу. Эл өзү эле канкор бийликтин катыгын берип, качууга аргасыз кылды. Октун сүрүнөн жалтанып качып кеткен эч ким болгон жок. Тескерисинче башында 3-5 миңдей адам чогулган болсо, Бакиевдер ата баштагандан кийин элдин саны 10 эсе, 20 эсеге көбөйдү.

- Революция болуп өткөн күндөн кийинки абал кандай эле?

– 7-апрель күнү элдик кошуундар талап-тоноочуларды токтото алышкан жок. Милиция таптакыр эле иштебей калган. Бирок, 8-марттан тарта элдик кошуундар иштеп баштадык. «Элдик кайрат», «Каркыра», «Элдик сакчы» өңдүү жана башка элдик кошуундар бөлүнүп-бөлүнүп алып маанилүү объектилерди, имараттарды, дүкөндөрдү талап-тоноолордон коргодук. Ошондо да кылмыш чөйрөсүнүн адамдары элди ар кайсыл жерди тоноого чакырып жүрүштү. Балким Бакиевдердин адамдары болсо керек, эптеп улуттар аралык жаңжал чыгарууну да көздөгөндөр болду. Бирок, элибиз акылмандыгын көрсөттү. Эч кимдин провокациясына алданган жок.

- Бүгүнкү күндө 7-апрель революциясы канчалык деңгээлде максатына жетти деп ойлойсуз?

– Революция жарым-жартылай жемишин берип атат. Албетте, ошондой революциядан кийин, андан кийинки түштүк коогалаңындагы талкалануудан кийин тез арада эле мамлекетти оңдоп жибериш кыйын. Бирок, ошого карабастан алдыга жылыштар байкалып атат. Маселен, мурдагы бийликтердин тушунда эч бир жетекчи түздөн-түз мамлекетке пайда алып келген эмес. Биздин тышкы карыздарыбызды эч бир мамлекет кече элек болчу. Бул жолу Россия, Турция мамлекеттери өздөрүнүн ири суммадагы карыздарын кечишти. Энергетика тармагында кадимкидей өзгөрүүлөр болуп атат. ГЭСтер курулууда. Коррупцияга каршы күрөш жүрүп атат. Бирок, ошону менен катар эле кемчиликтер да бар. Маселен, ошол 7-апрель революциясынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү папке талашып, бир топ иштин алдыга жылышына тоскоолдук жаратты. Бакиевдин бийлигин кубалоого салымын кошуп, бирок кайра ошолордун калдыктары менен иштешип жүргөндөрү бар. Мына ушул кейиштүү көрүнүш болуп турат. Андыктан эми ким менен, кандай бийликке каршы күрөшкөнүбүздү эч качан эстен чыгарбашыбыз керек. Революциядан каза болгон балдардын жакындарынын күйүтү али басыла элек. Революцияда 90 бала каза болсо, ошол балдарынын күйүтүнө чыдабай каза болуп калган ата-энелер болуп атат. Андыктан бул жараат эми көптө айыгат. Аны айыктырууга бардыгыбыз салым кошушубуз керек. Ал салымыбыз эми бийлик үчүн күрөшпөй, чыныгы демократиялык багыт үчүн күрөшүп, ар бирибиз мамлекетибизди өнүктүрүү багытында иштешибиз зарыл.

Айбат гезити №72



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru