Айбат » Жоомарт Оторбаев: ТЖБны чыгаруу – Кыргызстандын демилгеси

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жоомарт Оторбаев: ТЖБны чыгаруу – Кыргызстандын демилгеси

жоомарт оторбаев“Манас” аэропортундагы транзиттик жүк ташуучу борбор (ТЖБ) боюнча келишимди жокко чыгаруу – Кыргызстандын өкмөтүнүн демилгеси”. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, эгер “Манастагы” транзиттик жүк ташуучу борбордун 100 пайыз альтернативасы болбосо да, өкмөт бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышын кыскартуу үчүн бардык күчүн жумшайт. “Өткөн жылы 14 аба каттамы ачылды. Дагы да ачуу пландалууда. Эгер база кала турган болсо да, Афганистандагы операциялар кыскарат. АКШ өкмөтү транзиттик борбор боюнча келишимди жокко чыгаруу боюнча кайрыла элек. Бул биздин өкмөттүн демилгеси. Ал эми президент Алмазбек Атамбаевдин позициясы баарына маалым”,- деди ал.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru