Айбат » Эмил Кыштообаев: “2010-жылы 7-апрелде бийликти оппозиция эмес, эл кууп чыккан”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Эмил Кыштообаев: “2010-жылы 7-апрелде бийликти оппозиция эмес, эл кууп чыккан”

Кыштообаев Эмил- Эмил мырза, 2010-жылдагы 7-апрель революциясына төрт жыл толуп отурат. Ошол күнү кыргыз элинин бийликке каршы чыгышына эмне себеп болду эле?

– Эгерде Бакиевдин бийлигинин жасаган туура эмес кадамдарын, туура эмес саясатын бирден санап отурсак, өтө эле көпкө айтыш керек болуп калат. Андыктан мен элдин чыккан себебин кыска гана түшүндүрүп коёюн. Эң башкы себеп – Бакиевдер Кыргызстандагы болгон-толгон бийликтин бардыгын бир гана өздөрүнүн үй-бүлөсүнө топтоп алган. Эгерде ошол 2010-жылы 7-апрелде алардын бийлигин кулатпаганда төрт жылдан бери алар биздин ыйык Кыргызстаныбызды төрт бөлгөндөй эле кесип-кесип башка мамлекеттерге сатып жибермек. Апрель революциясы мына ушундай карөзгөйлүктөн сактап калды.

- Сиз ошол 7-апрель окуясында колуңузга автомат алып Ак үйдүн башында жүргөн снайперлердин бирин аткан деген маалымат алдык. Бул чындыкпы? Кандайча автомат колуңузга тийип калды эле?

– Ал автоматтын колума тийип калганы мындай болгон. Биз ошол күнү Бакиевдин бийлигине каршы чыккан элдин алдында болчубуз. Башкы талабыбыз эле «Бакиев элдин алдына чыксын», «Бакиев кетсин» деген ураандар болуп аткан. Анан эле Ак үй тараптан ок атылып, менин көз алдымда эле бир нече адамга ок тийди. Ошондо Ак үй тараптан 3-4 курман болгон балдардын сөөгүн көтөрүшүп чыктым. Мына ушул көрүнүштү көрүп турган мен өзүмдү өзүм кармана албай, аягына чейин турууга бел байладым. Анан эле Ак үй тараптан милициялар чыгып элди Киев көчөсүн көздөй сүрүп жөнөдү. Бирок эл көптүк кылып жердеги брусчаткалардын сыныгы менен милицияларды уруп кайра аркага качырышты. Ошондо башаламандыктан улам бир автомат жерге түшүп калыптыр. Анан ал менин колума тийди. Андан кийин автоматтын эки магазинин таптым. 60 ок бар болчу. Эгерде ошол 60 ок менен милицияларды атсам, бери эле дегенде 50 милицияны атмакмын. Бирок, мен аларга тийбей Ак үйдүн төбөсүндө элди бирден терип атып аткан снайперлер менен 3 саат атыштым. Анан алардын арасынан бирөөсүнө ок тийип кулаганын көргөнбүз. Бирок, ал өлгөнбү, же эмне болгон билбейбиз. Ким экенин да билбейм.

- Мына ушул 7-апрель революциясы канчалык деңгээлде максатына жетти деп эсептейсиз?

– Ошол кездеги элдин тилегинин 30 пайызы аткарылды деп эсептейм. Биринчиден парламенттик башкарууга өттүк. Азыр бизде эл шайлаган президент, эл шайлаган депутаттар башкарууну жүргүзүп атат. Бирок, тилекке каршы өтө чоң өзгөрүүлөр боло элек. Буга себеп жыйырма жылдан бери карай жедеп тамырлашып кеткен коррупция, адаттарыбыз себеп болуп жатат. Бирок, менин оюмча мындан ары тынчтык болсо, бүгүнкү башталган реформалар, алгылыктуу иштер аягына чыгып, ошондогу элдин тилеги толугу менен ишке ашат деген ойдомун.

- Бүгүнкү күндө айрым саясатчылар «7-апрелде революция болгон эмес» деп айтып жүрүшөт. Сиздин аларга көз карашыңыз кандай?

– Мисалы, кечээ 31-мартта «бийликти басып алабыз» деген ураандар менен интернет түйүндөрүндө чакырык таштагандар болду. «Азыркылар да бийликти басып алышкан. Биз да басып алабыз» дешет. Менин аларга айта турганым мындай – 2010-жылдын 7-апрелинде бийликти азыркы бийликте отургандар басып алган эмес. Алар анда камакта болчу. Болгону карапайым эл гана Бакиевдик бийликтин режимине катуу нааразы болуп аларды бийликтен кууп чыккан.

Жеңишбек ШЕРИПБАЕВ

Айбат гезити №72




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru