Айбат » Акыйкат издеген Сүйүндүк соттордон акыйкат тапты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Акыйкат издеген Сүйүндүк соттордон акыйкат тапты

СүйүндүкЭлет жергесинде  чечилбеген маселелер, турмуштук көйгөйлөр толуп жатат. “Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы”, – дегендей, ар ким өзүнүн көйгөйү менен алпурушмай заман. Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында жайгашкан Бөжөн сарайынын жашоочусу Касымалиев Сүйүндүк мырза биздин редакцияга мындан бир канча жылдан бери уланып келген сарай чырынын акыр аягына чыгып, Соттордун акыйкат чечимине ыраазы болуп турганын айтты.

- Сүйүндүк мырза, сарайда жашаганыңызга канча убакыт болду? Чыры качан башталган эле?

– Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бөжөн участкасынын Башкы Булак деген жердеги сарайда 2004-жылдан бери жашайм. Бул сарай бизге, тактап айтканда Сопу уруусуна Миң-Булак айыл чарба өндүрүштүк кооперативдер жана дыйкан чарба бирикменин кеңешинин 1992-жылы 12-июндагы №6 токтомунун негизинде жалпы үлүшкө берилген. Сарай Сопу уруусуна берилгенден кийин ал жакта шарты барлар жашап жүрүштү. Мен да өз кезегинде шартым болуп, сарайга жашай турган маалда туугандардан “Сарайга жашап, сарайды карап ошол жакта жашап турайын”, – деп сурагам. Мага чейин Асан Жолдошов ал сарайда жашап кетиптир. А мен барганда чындыгында ал сарайда эч ким жашачу эмес. Мен баргандан кийин бир жылдан соң А. Жолдошов Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2005-жылдагы  токтомунун негизинде  Мамлекетти каттоо кызматынан 2007-жылы 2/1 токтомунун негизинде азыркы миң-булак айыл  өкмөтү Ж.Өмүралиев экинчи жолу токтом чыгарып берген. Ошонун негизинде аталган сарайга Жолдошов мырза Мамлекеттик каттоо кызматынан кызыл китеп алган. Биз болсо 2013-жылы гана качан биздин үй-бүлөбүздү аталган сарайдан чыгаруу жөнүндө доо арызы менен райондук сотко кайрылганда гана билип жатпайбызбы. Негизинен ал сарайда 40 түтүндүн 245 адамдын үлүшү бар. Жолдошов мырза болсо, 6-7 адамдын колун койдуруп алып сарайды өз менчигине чыгарууну көздөгөн. Өзүнүн мыйзамсыз иштерди жасап, мыйзамсыз документти жасап алгандыгын билип туруп, КРнын КЖКсынын  67-статьясынын кылмыш жаза жоопкерчилигинин эскиргенде ал кишиге карата кылмыш иши козголбой калат деген пунктуна таянып өзүнүн кылмышын жашыруу максатында 2005-жылдан 2007-жылга чейин сарайдын документтерин даярдаган. 2013-жылдын февраль айында сарайдан чыгарып берүү жөнүндө райондук сотко арызы менен кылмышын жашыруунун аракетинде кайрылган. Биз сарайдан чыгып калбайлы деп, документти карап, тактап, жер жөнүндөгү мыйзамдарды толугу менен таанып чыгып, райондор аралык сот отурумунда соттун судьясы  Акбердиев М.Т сарайды биз тарапка чечип берген  эле. Сот отурумдары биз тарапка чечилгени менен ошол убакыт аралыгы нервди алып коёт экен. Ошондон бери жүрөгүм кармай берип, азыркыга чейин балдарым бушайман болуп жатышат. Албетте, эч ким жашоосунун жакшылыгынан айылдан алыскы жерде жайгашкан сарайга көчүп келбейт. Азыркы кымбатчылык, турмуштун оордугунан улам балдарыбыздын келечегин түзүп берели деген максатта ушул сарайга келип күн кечирип, бирин-эки малыбызды багып жан сактап жатабыз.

- Сарай сиз тарапка чечилгенден кийин деле соттошо бердиңиздерби?

– Ооба, А.Жолдошов мырза Райондор аралык соттун чечимине канааттанбай, облустук сотко доо арызы менен кайрылып, арызында “Мен сарайга бир топ тыйын жумшагам, оңдоп түзөө иштерин жүргүзгөнгө материалдык чыгымга дуушар болгом”, – деген тариздеги сөздөр жазылган. Албетте ал чыгым болуп, бирок ал өз кезегинде  сарайда күн кечирип, малын өстүрүп келген да. Эгер мен ал кишиден мурунураак барганымда мен да оңдомокмун.  6-7 кишинин колу менен сарайдын бир кичинекей бурчун гана менчиктештиргенге укугу бар болчу. А эгер чындыгында сатып ала турган болсо сарайдын баасын тактап 245 адамга тиешелүү акчасын берип анан сатып алса бир жөн. Ошого абдан жиним келди, себеби бул сарайда менин жана менин үй-бүлөмдүн да үлүшү бар. Облустук соттун судьясы Байышов М. да сарайды бизге чечип берип, А.Жолдошовдун доо арызын негизсиз деп тапкан болчу. Бирок Жолдошов мырза дале үмүт менен Жогорку сотко кайрылыптыр. 2014-жылдын 3-февралында сот отуруму болмок. Отурумга документти туура эмес, мыйзамды бузуу жолу менен даярдаганга жардам берген Миң-Булак айыл өкмөтүнүн өкүлү Ж.Өмүралиевдин келбей калгандыгына байланыштуу сот отуруму 20-февралга жылдырылган. 20-февралдагы отурумда бардык тиешелүү өкүлдөр катышып Жогорку Соттун судьялары төрагалык кылган Мухаметжанов А.Ж., судьялар Акматов Б.Ж., Арапбаев Н.М. адилет чечип, райондук жана облустук сот чечимдерин күчүнө калтырып?

Жолдошовдун даттануу арызын негизсиз деп табышты. Ак ийилет бирок сынбайт эмеспи. Бардыгын эле акчага сатып алууга болбойт экендигин соттор мыкты далилдей алышты. Адвокат Үмөталиева Зуурабүбү эже да бул иштин башынан аягына чейин катышып, укук мыйзамдарды мыкты билген адис катары сарайды колубузга алууда жакшы жардам кыла алды. Ал эженин иш билгиринин аркасында сарайга тиешелүү делген бардык мыйзамдарды толук биле алдым.

Дагы бир кошумчалай кетчү нерсе, мен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол кездеги төрагасы Сапарбаев  Эрлан Турдакуновичке    Сопу уруусуна тиешелүү делген сарайды сиздердин Нарындагы өкүлүңөр Жолдошов Асандын наамына мыйзамсыз жазып берген. 1992-жылкы №6 токтомду (Ашыралиев Кемелдин учурунда чыккан, токтом азыркыга чейин күчүндө) эстерине алышкан эмес. (Токтомдо Миң- Булак айылына караштуу Бөжөн сарайы Сопу уруусуна бөлүнүп берилген, 245 адамга тиешелүү). Сиздердин өкүлүңөр Акматов Сүйүндүк (Азыр Акматов Сүйүндүктүн кайда эмне иш алып бараары жөнүндө маалыматым жоктугуна байланыштуу, сиздердин ошол учурдагы өкүлүңөрдү таап, өз жазасын беришиңиздерди суранам.) мына ушундай ишине шалаакылык мамиле кылып, өң-кадырлап документ жасап, урууну эки-экиден чабыштырып жатат. Мындай документтер бир эле менде эмес, бир канча жарандарда болушу мүмкүн. Өкүлүңөргө адилеттүү жаза берип, мыйзам алдында жооп берүүсүн суранам. Бул соттун болушу, конфликттин чыгышынын себеби сиздердин кызматкериңердин мыйзамсыз иш алып баргандыгынан улам болуп отурат. Сиз төрага катары мындай аймактардагы  иш чаралардан, документациялардан кабардар болуп турат болушуңуз керек. Буга чейин иш кагаздарга көзөмөл жоктугунан улам ушундай шалаакылык иштер болуп келген. Сизден аймактардагы өкүлчүлүктөрдүн алып барып жаткан иштерин толук көзөмөлдөп, отчёт алып мындай мыйзамсыз иштердин болуп кетүүсүн алдын алууңузду өтүнөм, – деп кайрылсам, алардан деле көңүл жылытаарлык жооп болгон жок. Меникине окшош маселелер айылда толуп жатат.

P.S. Жогорку соттун отурумуна биздин кабарчыларыбыз да катышып, соттун ишмердүүлүгү менен таанышып кайтты. Албетте Сүйүндүк мырзанын көйгөйүнө окшошкон көйгөйлөр айыл жергесинде толуп жатат. Бул бир гана мисал десек болот. Өзүнүн укуктарын билбей канчалаган жарандар кыймылсыз мүлктөрүнөн ажырап калып жатышат. Бул макаланы ошентип алданып, көйгөйүн кантип чечишти билбей жүргөн КРнын жарандарына алдамчылардын курмандыгы болуп калбашы үчүн кичине болсо да маалымат берип коёлу деген максатта даярдадык.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №72



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru