Айбат » “Өнөр ыйык өткөндөрдүн мурасы, филармония таланттардын уясы”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Өнөр ыйык өткөндөрдүн мурасы, филармония таланттардын уясы”

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда “Өнөр ыйык өткөндөрдүн мурасы, филармония таланттардын уясы” аттуу кыргыздын залкар төкмө акыны Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата сегизинчи жана тогузунчу апрелде эскерүү концерти болмокчу, биз бул боюнча иш чарага даярдык көрүп жүргөн режиссёр Алтынбек Максүтовго кайрылып маектештик.

 

Максүтов АлтынбекАлтынбек Максүтов:

Бул концерт Токтогул атабыздын 150 жылдыгына карата арналып уюштурулуп жатат, буга биздин жетекчибиз Кыргызбай Осмоновдун  эмгеги чоң десек жаңылышпайбыз. Бизге баардык шарттарды түзүп берип, өкмөттү карабай өзүбүз башка концерттерди уюштуруп, ошолордон түшкөн каражатка даярдап жатабыз, бул концерттин сценарийин Улан Зайнидин уулу жазды, ал эми башкы ролду Элмирбек Иманалиев аткарып жатат. Ал эми концертин катышуучулары, улуттук филармонияда беш жүз адам иштесе алардын үч жүз элүүсү артист. Бул артисттердин баардыгы тең  концертке катышышмакчы, мындан тышкары президентибиз Алмазбек Атамбаев дагы катышмакчы. Кудай буюрса өтө чоң масштабдагы концерт болмокчу.

 

Элмирбек ИманалиевЭмирбек Иманалиев

Азыр биз үчүнчү жолу даярдык көрүп жатабыз, ал эми ролду болсо, сценарий жазган Улан Зайнидин уулу жана режиссёр Алтынбек Максүтов  мага туура көрүптүр. Кудай буюрса,  даярдыктар жакшы. Эми бул ролдун жоопкерчилиги өтө чоң деп эсептейм. Азыр мага эмнегедир мурун спектакилде, сахнада  Токтогул атабыздын ролунда ойноп жүргөндүктөн, мага кыйынчылык деле  туудурган жок

Акмат Рааткан

Айбат гезити №72




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru