Айбат » Өкмөт башчы тажик премьер-министри менен сүйлөштү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өкмөт башчы тажик премьер-министри менен сүйлөштү

Кохир РасулзодаКРнын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев кечээ Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Ошондой эле чек ара маселелери боюнча өкмөттүк делегациянын иштеринин абалы жана келечеги тууралуу да сөз болду. Тажикстандын премьер-министри кыргыз өкмөт башчысын премьер-министрликке бекитилиши менен куттуктады.

Ошондой эле бүгүн КРнын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимов менен жолугушту. Анда кыргыз-тажик кызматташтыгынын маанилүү маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу өкмөттүк делегациянын жолугушуусуна даярдык тууралуу сөз болду. Делегациянын жолугушуусу качан болору маалымдалган эмес. (ZKo)

Айбат гезити №73



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru