Айбат » «Дордойдун» ишкерлерин 500-1000 сомго митингге чыгууга үндөшкөн

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Дордойдун» ишкерлерин 500-1000 сомго митингге чыгууга үндөшкөн

Дордой«Дордой» базары штаттык режимде иштеп жатат, баардык ишкерлер өз ордуларында. Бул тууралуу кечээ «Дордой» соода базар комплексинин профсоюздар төрайымы Дамира Дөөлөталиева айтты.. Анын айтуусунда, шаарда өтүп жаткан митингге карабай, базардагы абал тынч.

Ал «Бары товарларын сатып жатышат. Бизди митингге чакырышкан, баракчаларды беришкен, кирип 500-1000 сомдон сунуш кылышкан. Булар бир гана жаш адамдар эмес, алардын арасында улгайган адамдар да бар. Биз аларды узатып жибердик, ишкерлер өздөрү митингге каршы чыгышып, антимитинг өткөрүүнү сунуш кылышты. «Дордой» базарынын 12 субьектиси иштөөдө, эч ким митингге чыккан жок, бизге мунун кереги жок», – деди.

Айбат гезити №73




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru