Айбат » Баш прокурор болгусу келген Кубанычбек Кадыров басмачыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Баш прокурор болгусу келген Кубанычбек Кадыров басмачыбы?

Генералдык прокуратураБүгүн оппозициячылдардын катарында жүргөн Кубанычбек Кадыровду укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкен. Муну Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү митингге байланыштуу дешип «чыркырашканы» менен маселе башка жагында экендиги тастыкталды. ИИМдин берген маалыматы боюнча Кубанычбек Кадыровду кармоо бүгүнкү болуп өткөн митинг менен таптакыр байланышы жок. Аны ушул эле жылдын 7-апрелинде болуп өткөн кылмыш ишине катыштыгы бар делген шек менен кармашкан. Мына ушул 7-апрель революциясынын төрт жылдыгы белгиленип жаткан күнү Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Раззаков көчөсүнүн кесилишинен Бишкек шаарынын тургуну А. Абдрахмановдун автоунаасына белгисиз адамдар келип, унаанын ичинде отурган досун күчкө салып алып чыгышкан. Андан соң автоунаанын тартып алышкан эле. Натыйжада унаанын ээсинин 1 миң доллары жоголгон. Мына ушул кылмыш ишине Кубанычбек Кадыровдун да катыштыгы бар экендиги айтылууда. Мындан улам «акыйкаттык» деп какшаган, акыркы күндөрү ойгонсо оюнан, уктаса түшүнөн Башкы прокурордук кызмат кетпеген Кубанычбек Кадыровдун «басмачылык» да өнөрү барбы деген суроо туулат. Мына ушундай адамдар Башкы прокурор болгусу келсе, анда Кыргызстанда деги акыйкаттык болушу мүмкүнбү? Бир убакта ИИМдин орун басары болуп туруп, бизнесмендерге салык салып жашаса, эми жумушсуз калган Кубанычбек мырза көчөдөгү карапайым адамдарды тоногонго өткөнбү?

Айбат гезити №73




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru