Айбат » Оппозициянын митингине эмгек биржасындагылар 500 сом үчүн келишкен

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Оппозициянын митингине эмгек биржасындагылар 500 сом үчүн келишкен

митинг МотуевКечээки оппозициянын митингине акчанын күчү менен гана эл жыйналганы тастыкталды. Бул боюнча милицияга түшүп калгандар да айтып беришти. “Вечерний Бишкек” сайтына эмгек биржасынан келген адам ага митингге катышкандыгы үчүн 500 сом бере тургандыгын билдирген. Анын айтымында, ал Жалал-Абаддан болот, бирок көп жылдан бери Бишкекте турат. Күнүгө ал Толстой көчөсүндөгү эмгек биржасына жумуш издеп чыгат. Бүгүн аларга микроавтобус менен кишилер келишип, митингге барып, 3 саат туруп берип, 500 сом төлөй тургандарын айтышкан. “Биз митингге саат 11:30дарда 24 киши келдик. Бирок азырынча акчабызды бере элек, топтун башчысы кассир менен жолугушуп, акчабызды алып бермек”, – деди ал.

Айбат гезити №73




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru