Айбат » С.Пономарев: “Митингдер жыл сайын жергебиздин инвестициялык климатына терс таасирин тийгизүүдө”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » С.Пономарев: “Митингдер жыл сайын жергебиздин инвестициялык климатына терс таасирин тийгизүүдө”

ПонамаревЖыл сайын эле митинг боло бергени КРдин инвестициялык климатына терс таасирин тийгизүүдө. Мындай пикирин 10-апрелде Кыргызстандын базарлары, соода ишканалары жана тейлөө тармагы Ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев билдирди.

Ал белгилегендей, митингдерди өткөрүү өлкөнүн жарандарынын конституциялык укугу болуп саналат жана Кыргызстанда дүйнөдө таанылган демократиянын нормалары жана стандарттары сакталып жатканын айгинелейт. «Бул жагынан караганда албетте митинг өткөрүүгө болот. Бирок өлкөдө жылдан жылга митинг боло бергени, жылына 800дөн 2 миңге чейин митинг өткөнү, бул мамлекеттин инвестициялык климатына терс таасирин тийгизүүдө, – деп эсептейт С.Пономарев.

Анын айтымында, учурда ММКлар глобалдуу жана чеги жок иштешет, ошондуктан Кыргызстандагы митингдер планетанын ар кайсы булуң-бурчундагы инвестор боло алуучуларга жетип жатат. «Көп эле инвесторлор биз менен иштегиси келгенин айтып, бирок саясый туруктуулук жана бизнеске кепилдиктердин жоктугунан баш тартып жатышат. Башка мамлекеттерде өзгөчө чет элдик инвесторлорду кабыл албоо боюнча мынчалык агрессивдүү саясат жок», – деди ал.

С. Пономаревдун пикиринде, жарандар ишкерлер жумушчу орундарын, ВВП, салык жана бажы жыйымдарын түзүп жатканын, алар анан социалдык жана башка тармактарга таркатыларын түшүнүүсү керек.«Экономикалык-ишкерлик тармак жок болсо, мамлекет да жок болот. Ошондуктан мындай митингдер болуп жатканда бир жагынан эркин билдирүүчү конституциялык укугун билдирет, экинчи жагынан тынч жаткан элди козутуу болуп саналат. Тилекке каршы, көпчүлүк митингдердин артында тышкы оюнчулар байкалып, митингге жумушка баргандай эле барышат», – деп кошумчалады ал.

Ошондой эле анын айтымында, дайым эле нааразычылык акцияларга байланыштуу Кыргызстанда жаз кайра жаралуу, жылуулук менен байланыштырылбай, митинг, революцияларга байланыштырылат. Мен жыл сайын жазды кооптонуу менен тоскондон тажадым, деди Пономарев.

Айбат гезити №73




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru