Айбат » Заирбек Жоошбеков: «Оппозициянын максаты эптеп эле бийликти алмаштыруу экендигин көрсөтүп атышат»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Заирбек Жоошбеков: «Оппозициянын максаты эптеп эле бийликти алмаштыруу экендигин көрсөтүп атышат»

Жоошбеков Заирбек- Заирбек мырза, УОК өткөргөн бүгүнкү митинг бийликке 6 талап койду. Анын бири «Нааразычылык акциялары мындан ары да токтобой улансын» деген талап экен. Бул талапка кандай түшүнсөк болот?

– Кызык экен, эмне аларга нааразычылык акцияларын да бийлик уюштуруп бериши керек бекен? Ар нерсени айтып атышып, баштары айланып калгандай болуп жатса керек. Нааразычылык акцияларын өткөрө беришсин, ага эч ким каршылык кылбайт. Бирок, элди жөнү жок дүрбөтүп, башаламандык жарата турган жагдай түзбөөлөрү керек

- «Саруулуктарга куугунтук токтосун, камалгандар бошотулсун» деген талапка кандай карайсыз?

– Биз мыйзамдуу жана цивилдүү мамлекетте жашап атабыз. Андыктан ким гана болбосун мыйзам бузса, жооп бериши керек. Анан эл талап кылып атат деп эле мыйзам бузгандарды коё берсек, анда мыйзамды тебелеген болуп калабыз да. Эл өзү мыйзамдуулукту талап кылып атат. Анан кайра анын тескерисинен кыла бергенде да болбойт. Анда анархия үстөмдүк кылып кетет. Аларды азыр президент да, мен да күнөөлүү, же күнөөсүз деп айта албайбыз. Бир гана сот чечет.

- «Адам укуктарын бузгандыгы үчүн, митингге келгендерди кармап-камагандыгы үчүн Алмаз Атамбаев отставкага кетсин!» деген талап орундуубу?

- Мына ушул талабынан эле алардын негизги максаты эмне экени көрүнүп турат. Алардын ою эптеп эле бийликти алмаштыруу болуп турат.

Айбат гезити №73



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru