Айбат » “Энергия, соода жана өнүгүү” – эл аралык форумуна Кыргызстандан 15 ишкер жөнөп кетти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Энергия, соода жана өнүгүү” – эл аралык форумуна Кыргызстандан 15 ишкер жөнөп кетти

Ак үйАКШнын Вашингтон шаарында Америка жана түрк тилдүү элдердин конгрессинин алкагында уюштурулуп жаткан  эл аралык форумга катышуу максатында Жаш ишкерлер ассоциациясы 15 ишкерден турган топ менен АКШга жөнөп кетти. Бул иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Түркия ж.б. түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекеттик бийликтин, илимий жана маданий чөйрөнүн, финансылык жана эл аралык уюмдардын  өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин катышуусу күтүлүүдө. Форумдун негизги темасы “Энергия, соода жана өнүгүү” деген аталышта болуп, “Улуу Жибек-Жолу демилгеси”, “Энергетикалык коопсуздук” жана “Борбордук Азияда кызматташуу” боюнча долбоорлордун каралуусу күтүлүүдө. Иш сапардын алкагында тажрыйба жана маалымат алмашуу максатында Чикаго, Сент Луис, Джефферсон-Сити жана Нью-Йорк шаарларына ишкерлердин иш сапары уюштурулат.

2013-жылдын 12-13-мартында уюштурулган эл аралык форумга КР ЖК депутаты Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев жана Жаш ишкерлер ассоциациясы 17 ишкерден турган топ менен катышкан. Иш-чара, түрк тилдүү элдердин мамлекеттик жана бизнес өкүлдөрүнүн АКШнын эл өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлери жана ишкерлери менен жолугушуусуна шарт түзгөн. Биринчи форумдун натыйжасында, 2013-жылдын 20-ноябрында АКШнын Вашингтон шаарында эки өлкөнүн тарыхындагы биринчи Кыргыз-Америка бизнес форуму өткөрүлүп, КР ЖК депутаттары жана КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү, ошондой эле 50 жакын ишкерден турган топ  катышты. Азыркы учурда Кыргыз-Америка бизнес форумун Кыргызстанда өткөрүү боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №73




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru