Айбат » Бакытбек Жетигенов: “Бардык нерсени эле бийликке жармаштыра бергенде болбойт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бакытбек Жетигенов: “Бардык нерсени эле бийликке жармаштыра бергенде болбойт”

Жетигенов Бакытбек- Бакытбек мырза, бүгүн Бишкекте митинг өткөргөн оппозиция бийликке 6 талап койду. Анын бири «Адам укуктарын бузгандыгы үчүн, митингге келгендерди кармап-камагандыгы үчүн Алмаз Атамбаев отставкага кетсин!» деген талап экен. Бул талапка кандай карайсыз?

– Бул орунсуз талап. Митингге келгендерди кармоодо президенттин кандай тиешеси бар? Аны ошол ишке тиешелүүлөрдөн сураш керек. Экинчиден, аларды эмне себептен кармады иликтеш керек. Эгерде документтерин текшерүү үчүн гана кармап, кайра коё беришкен болсо, андан кыйкым издөөнүн кереги жок.

- «Бийлик саясый кызыкчылык үчүн жаап койгон Бишкек-Ош жолу ачылсын» деген да талаптары бар экен. Бул дагы бийликтин кызыкчылыгы беле?

– Бардык нерсени эле бийликке жармаштыра бергенде болбойт да. Ош-Бишкек жолунда жылына эле көчкү түшүп турат. Жылына эле жол убактылуу жабылып турат. Анан кар көчкү түшүү коркунучу турса дагы, аны алдын-ала эскертүү бербей койсо, ал кандайдыр бир кырсыкты алып келсе, ага ким жооп берет? Анда да бийликти күнөөлөп чыгышат эле да.

- «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши элдин үмүтүн актабагандыгы үчүн таркатылсын!» деген талабына кандай карайсыз?

– Мен Жогорку Кеңеш укмуш иштеп атат деп мактабайм. Бирок, азыр аны таркатууга негиз жок. Жогорку Кеңештин атына ар кандай сын-пикирлер бар. Бирок, аны улам эле тарката бергенден кандай пайда болот? Конституциянын негизинде иш алып барыш керек. ЖКны кайсыл убакта таркатса боло тургандыгы жазылып турат. Азыр алардын талабы менен ЖКны таркатса, андан кийин дагы бир нерсени жактырбай таркатабыз деп чыгат. Андыктан ар бир талапты коёрдо таразалаш керек.

Айбат гезити №73



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru