Айбат » Марс Сариев: “Митингдердин баары туризмге терс таасирин тийгизүдө”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Марс Сариев: “Митингдердин баары туризмге терс таасирин тийгизүдө”

Сариев МарсМындай форматтагы жана мындай мүнөздөгү митингдердин баары инвестициялык климатка терс таасирин тийгизүүдө, деген оюн саясат таануучу Марс Сариев билдирди.

«Саясый туруктуулук жок болсо, инвесторлор тууралуу сөз да кылбай эле койсо болот. Кайрадан эле митинг уюштуруп атышат, Кумтөр темасын көтөрүп, саясый абал туруксуз болуп атат. Инвесторлор мындан улам инвестиция алып келүүгө кооптуу экенин түшүнүп калышты. Кумтөр инвесторлор үчүн индикатор болуп саналат, анткени бул Кыргызстандын бюджет түзүүчү жалгыз ири ишканасы, ошондуктан бул инвесторлорго абдан терс таасирин тийгизет деп эсептейм”, – деди Сариев.

Анын пикиринде, россиялык инвесторлор башкача көз карашта.

«Русгидро» сыяктуу компаниялар өкмөт менен абдан тыгыз иштеп жатат, ошондуктан россиялык бизнес мындай кооптуу кырдаалдарга даяр жана кирешесин алып келет. Ал эми жеке бизнес жана батыш капиталы үчүн албетте бул кооптуу. Биз капиталды алып келүү жаатында кооптуу өлкөбүз», – деди ал.

Айбат гезити №73



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru