Айбат » Биринчи өзү мандатын тапшырбайбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Биринчи өзү мандатын тапшырбайбы?

Жээнбеков РавшанУОК лидери Равшан Жээнбеков митингди жыйынтыктап жатып беш пункттан турган талап койду. Кандай талап деп кызыксаңар булар: митингге келген адамдарды карматканы үчүн президентти отставкага кетирүү, абактагы Акматбек Келдибековду бошотуу, Бишкек-Ош унаа жолун ачуу, абактагы саруулуктарды бошотуу жана парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу.

Аргасыздан мыйыгынан жылмаясың. Эмне президент: «Митингге келгендерди камагыла» деп буйрук бериптирби? Буга акыл-эси жайында адам ишенбейт. Ошон үчүн эле президентти «кет!» деп кыйкыра берген акылга сыябы?

Ушундай эле күлкү келтирчү талабы – «Бишкек-Ош жолун ачуу» талабы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүлөрүн түшүрүү үчүн унаа жолун убактылуу жаап жатканын расмий кабарлаган. Муну Равшан Бабырбекович билсе керек. Анда билип туруп адамдарды кырсыкка түртүп жатабы?

Равшан мырза өзүн дасыккан юрист экенин айтып келет. Анда адамдын күнөөсү бар-жогун сот гана аныктарын билсе керек. Андыктан, «абактагы А.Келдибеков бошотулсун», «абактагы саруулуктар бошотулсун» деген талаптары суу кечпешин түшүнүп туруп кабыргасынан койдурганы – шылтоо таппай, аргасы кеткендеги кадам экенин далилдейт.

«Парламент мөөнөтүнөн мурда таркатылсын!» дейт. Р.Жээнбеков парламентте депутаттык мандат тагынып отурат. Мындай шартта ал өзү үлгү көрсөтүп мандатын тапшырып кетпейби? А парламент кандай учурда мөөнөтүнөн мурда таркатылышы керектиги Конституцияда так жазылган.

Мына ушундай жөнсүз талаптарды койгон улуттук оппозициялык кыймылдын коомчулукту дүрбөтүп, митинг өткөргөнүнө түк түшүнбөдүк. Же УОКчулар «демөөрчүлөрдөн» алган «долларбайларын» акташ үчүн аргасыздан ушундай кадамга барышкандагысыбы?

Айбат гезити №73




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru