Айбат » Бишкектеги жазгы тополоңго мигранттар салым кошобу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкектеги жазгы тополоңго мигранттар салым кошобу?

Сыдыков ҮсөнМосквадагы мигранттардын жанын койбой тымызын дүрбөлөңгө салган адамдар жөнүндө айыңдар Бишкекке да угулуп жатат. Ал адамдардын көбү жалалабаддыктар экени, алар илгери Үсөн Сыдыков Москвада жүргөндө негиздеп кеткен “Кыргыз биримдиги» коомуна таянаары айтылууда. Ал топтун башкы идеологу Бакиевдин бир тууган аяшүкаси, Апрель революциясына чейинки Кыргызстандын Россиядагы элчиси Раимкул Аттокуров дешүүдө. Тымызындын башында, убагында Минскидеги акаси менен бир уруудан экенин шардана мактанып айтып жүргөн коом жетекчиси Абдыганы Шакиров, Москвадагы байпак бизнеси жүрбөй калып саясатка катуу киришиптир. Ал алдын «Мекен ынтымагы” партиясына жармашып, пайда чыкпаган соң Темирбек Асанбеков менен катуу араздашып, эми минтип алыста жүргөн соң, кыргыз элине залакасын тийгизбей жүрсө болмок. Биздин угушубузча аталган топ жакын арада Москвага дүйнөнүн төрт бурчунан кыргыздарды чакырып, Кыргызстандагы ыңгайсыз бийликти, ал-ахвалды талкууламакчы. Мигранттар чет мамлекетте зорго жүрсө, аларды саясатка, митинг-ситингге үндөбөстөн, Кыргызстандын элин тынч коюп, өз арабаларын жакшылап тартып алышса жакшы болмок! Эртеңки күндө бийликке баш оорутма боло турган ошондой оркойгон  ооруларды байкай жүргөн Россиядагы Кыргызстандын тажрыйбасыз элчисине бали!

Тактоо

Өткөн саныбызда “Акыйкат издеген Сүйүндүк соттордон акыйкат тапты” деген аталыштагы чыккан материалдагы Ашыралиев Кемел деген атты алмаштырып жазып алыптырбыз. Ашыралиев Алмаз деп окуп коюңуздар.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru