Айбат » Инвесторлорлорго берилген кепилдик саясый оюндардан өйдө болушу шарт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Экономика » Инвесторлорлорго берилген кепилдик саясый оюндардан өйдө болушу шарт

Завод«Кумтөр» маселесинин саясый оюнга айланышы мамлекет үчүн төрт тарабынан урулган терс сокку болууда. Эң ириде анын эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркына көлөкө түшүп, имиджине доо кетүүдө. Маселен, өткөн жылдын ичиндеги алтын кенинин айланасында болуп өткөн мыйзамдын чегинен чыккан митингдер Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулукка жапайы мамлекет сыңары көрсөтүп койду. Экинчиден, өлкө экономикасына жасалган оор сокку болду. Бул жааттан алып караганда баштуу болом деп кулактан айрылып кала жаздадык. Кыргызстандын акцияларынын куну дүйнөлүк биржада бир нече эсеге түшүп кетти. Үчүнчүдөн, мындай мыйзамдын чегинен чыккан митингдердин, курулай популизмдердин айынан өлкөдө стабилдүүлүк жоголуп, анын негизинде инвестициялык климатыбыз кескин начарлады. Кыргызстанга келип, өлкө экономикасына олуттуу салым кошууну көздөп турган бир нече инвесторлор түсүн үйрүдү. Саясатчылар «Кумтөрдү» саясый оюнга гана айлантып токтоп калышпастан, мамлекетибиздин башка аймактарындагы алтын кендерин дагы кошумча курал катары көтөрүп чыгышты. Алардын жетеги менен эми жер-жерлерде жергиликтүү тургундар көтөрүлүп, бардык алтын кендеринин иштөөсүнө каршы чыга баштады. Мунун сыры эмнеде болушу мүмкүн? Бул багытта евразиялык иликтөөлөр Институтунун эксперти Данияр Косназаров мындай дейт: «Сырьелук ресурстардын аз санда болушу жана экономиканын реалдуу секторунун жана иштеп жаткан өнөр-жайынын жоктугунан улам мамлекеттин колунда турган кандай гана ресурс болбосун саясый куралга айланып кетерин «Кумтөр дилеммасы» көрсөтүп атат. Ал бийликке каршы, калктын өзүнө каршы жана эл аралык инвесторлорго каршы колдонулат». Албетте, бюджетибиз өп-чап болуп турганда, ага түшүп жаткан жана андан коротулуп жаткан ар бир тыйын эсептелип турган маалда, «Кумтөр» өңдүү ири ишканабызга болгон көңүл буруулар төмөндөбөйт. Анткени ал экономикабыздын өзөгүн түзүп, бюджетибизди толтуруп туруучу бирден-бир ишкана болуп турат. Бирок, биз өзүбүздүн ашыкча көңүл буруубуз менен, саясый жана популисттик кадамдарыбыз менен «Кумтөр» маселесин көп тараптуу көйгөйгө айлантып жаткан жокпузбу? Ансыз да өлкөбүздө толтура көйгөйлөр бар экендигин эске алганда, «Кумтөргө» карата жасалып жаткан чабуулдар өлкөбүздүн белин мертинтип койбойбу? Мына ушул суроолорго жооп берүүнү ойлогондор жоктой сыңары. Эгерде биз бүгүнкүдөй оор экономикалык абалдан чыгып, өлкөбүздү өнүгүү жолуна салууну көздөсөк анда эң ириде стабилдүүлүктү сактап, инвестициялык климатты жакшыртышыбыз керек. Ал үчүн биринчи кезекте инвесторлордун коопсуздугуна кепилдик беришибиз зарыл. Тактап айтканда инвесторлордун кепилдиги бардык саясый оюндардан өйдө турушу шарт. Ошондо гана биз өндүрүштү өнүктүрүп, жалгыз гана «Кумтөрдүн» берип аткан кирешесинен көз каранды болгонду токтотобуз. Себеби, инвесторлорго кепилдик берилсе, дагы башка алтын кендери, башка кен байлыктарды иштетүү жанданып, бюджетибизге келип түшүүчү акча каражаттарынын булактары көбөйөт. Ошол эле убакта инвесторлор дагы өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн негизинде башка ишканаларды ачып, дагы кошумча жумушчу орундарын түзүүгө милдеттүү болот. Социалдык жана билим берүү тармактарына көбүрөөк көңүл буруп, социалдык нааразычылыктарды токтотууга көмөктөшөт. Бул багытта «Кумтөр» ишканасы алгылыктуу иштерди жасап келе жатканы белгилүү.

 Айбат гезити №73



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru