Айбат » Бир доллар символикалык гана баа экенин дүйнө эли билет. Равшан Жээнбеков аны билбейби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Бир доллар символикалык гана баа экенин дүйнө эли билет. Равшан Жээнбеков аны билбейби?

Кыргыз газ«Кыргыз газды» Россиялык «Газпромго» 1 долларга сатып жиберишти» деген “лозунгду” оппозициячылдар ар дайым колдонууга өтүп алышты. Бирок, чындыгында ал 1 долларга эмес, реалдуу баасы жалпы жонунан 20 миллиард рублга барганын жакшы билип турушса деле, айткылары келбейт. Эгерде аны кыргыз сомуна айлантсак 30 миллиард сомду чапчыйт. Мунун ичинде «Кыргызгаздын» төлөй албай келген карыздары менен анын жабдууларын толугу менен модернизациялоого кете турган каражаттар камтылган. Демек, 1 доллар менен 30 миллиард сомдун айырмасы асман менен жердей эмеспи? Ал эми 1 доллар деген баа кайдан келип чыккан? Мындай символикалык бааны дүйнө мамлекеттери башынан бери эле колдонуп келишет. Маселен, кече жакында эле, тактап айтканда 2012-жылы «US Steel» америкалык компаниясы Сербиянын өкмөтүнө өзүнүн Смедереводогу металлургиялык заводун символикалык баа 1 долларга саткан. Буга алар заводдун иши токтоп калбашы үчүн жана андагы 5,4 миң адамдын жумушчу орунун сактап калуу үчүн барышкан. Ошол эле жылы «Mitsubishi Motors Corporation» япондук авто өндүрүшчүсү өзүнүн «VDL Groep B.V.» компаниясын Нидерландыктарга 1 еврого сатууга келишкен. Ал келишимдин негизги талабы заводдогу бардык 1,5 миң адамдын жумушчу орундарын сактап калуу болуп эсептелген. Кече жакында эле Россиянын эң бай адамдарынын бири Михаил Прохоров өзүнүн иштеп жаткан «Ө-мобиль» долбоорун автомобилдик жана автомотордук илимий изилдөө институтуна 1 еврого саткан. Ошол эле Прохоров 2009-жылы Улуттук баскетболдук Ассоциациянын контролдук акциясын 1 долларга сатып алган. Бирок, реалдуулукта Прохоров ал командага 200 миллион доллар короткон. Мындай мисалдарды санай берсек өтө эле көп. Андыктан «Кыргызгазды» 1 долларга сатып жиберди деп кыйкырып аткандар мунун баарын билип турушса да, эптеп элди көтөрүү үчүн гана бардык чындыкты айтпай жаткандарын билдирип койгонубуз эп. «Кыргызгаз» эч качан 1 долларга сатылган эмес. Ал 30 миллиард сомго сатылган.

Айбат гезити №73




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru