Айбат » Айтмамат Кадырбаев: “Мен азыр чоң жоопкерчиликти сезип турам”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Айтмамат Кадырбаев: “Мен азыр чоң жоопкерчиликти сезип турам”

Кадырбаев Айтмамат- Айтмамат Тентибаевич, алгач мэрлик кызматыңыз менен куттуктап өтөлү. Баштапкы сөз өзүңүз туурасында болсо. Балалыгыңыз кайсы жерде өттү жана ата энеңиз туурасында кеп кылсак?

– Мен Ош областынын Кара-Суу шаарында төрөлгөм.  Жети бир туугандын бешинчисимин . Савай айылындагы Кызыл Кыргызстан атындагы орто мектепти  бүтүргөм. Атам агартуу тармагында 35 жыл иштеди, айылдык мектепте башталгыч класстар үчүн сабак берчү. Апам бизди карап да, үйдөгү жумуштарга да жетишээр эле. Балалыгымда жер жемиш өстүрүп, пахта, жүгөрү эгип, ошолорду сатып, каражат таап күн өткөрчүбүз. Анткени атамдын алган 75 рубль акчасы эч нерсеге жетчү эмес. Атам бизди билимге үндөп, билимдүү болушубузга көп шарт түздү. “Балдарым менин колумда акчам жок. Менин  силерге берген байлыгым,  мурасым дагы – билим,” -деп көп айтчу.

- Мэрлик кызматка чейинки басып өткөн жолуңуз көпчүлүк үчүн кызык болсо керек. Алгач эмгек жолуңуз кайдан башталды эле?

– Мен бул  кезге чейин көптөгөн мамлекеттик кызматтарда  жетекчилик  баскычтарда иштедим.  Тактап айтканда, 90-жылдары “Объединение Ош хлебпром” заводдо өндүрүш боюнча экономист болуп иштедим.  1992-жылдарда “Ош дүң соодасы”  деген тышкы экономикалык компаниясында  жетектөөчү адис.  “Ош шаардык  азык түлүк” компаниясында экономист.  1996-жылдан 1999-жылга чейин Ош шаардык базарлар башкармалыгында жетекчинин  орун басары болуп иштедим. Андан кийин   “Кара-Суу базары” мамлекеттик ишканасында жетекчинин  орун басары .  ЖБИ-20 жабык акционердик коомунда директор болдум. 2007-жылдан 2010-жылга чейин Ош областынын губернаторунун биринчи орун басары болуп иштедим. Кийин 2012-жылдан тарта Ош жана Жалал-Абад шаарларын  калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы директорунун биринчи орун басары болуп иштедим.  Анан өзүңөр билесиздер, шаардык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен мэрлик кызматка дайындалдым.

- Кызматыңыз абдан жоопкерчиликтүү эмеспи. Алгачкы иш кадамдарын эмнеден баштайын деп турасыз, жана кандай реформа жүргүзөйүн деп жатасыз?

– Мен азыр чоң жоопкерчиликти сезип турам. Мен популисттик жана саясий иштер менен алектенбестен,  элдин турмушун оңдоого, баарынан мурда шаардын социалдык, экономикалык  абалын жакшыртууга күч аракетимди жумшайм. Ал үчүн баардык структуранын жетекчилери таза адамдар болушу керек. Ошондуктан биз шаардык муниципиалдык кызматтардын жетекчилерин,  кызматкерлерин конкурстук негизде жумушка алалы деп жатабыз. Ошондой эле алардын таза иш алып барышын коомчулук менен бирге өзүм көзөмөлдөйм.

- Учурда саясий абалга кандай баа бересиз? Мисалы жер-жерлерде элдик толкундоолор болуп жатпайбы?

– Мен жалпы журтту чакырат элем. Айрым  саясатчылардын артынан ээрчип, бүлүк салуу менен эч ким эч нерсе утпайт.  Бизге азыр бирдиктүү иштөө жетишпей турат.  Эгерде маңыздуу болсо, элдин үнү бийликке жетпей атса анан  көчөгө чыгууга аргасыз. Ал эми айрым бир күчтөрдүн берген акчасына алданганыбыз  алдыга карай өнүгүүгө багыт алган өлкөбүздүн ишине бут тозуу деп айтат элем.

- Ал эми үй-бүлөөңүз туурасында кененирээк токтоло кетсеңиз?

– Жубайым менен баш кошконубузга быйыл 22 жыл болуп отурат буюрса, үч балам бар. Учурда экөө жогорку окуу жайларында окуйт, кичүүсү мектепке барат.

- Экс мэр менен  мамилеңиз кандай болуп жатат?

– Ал киши менен мамилем сый эле…

- Чарчаганда кантип эс аласыз?

– Жаш кезимден бери спорт менен машыгып келем.  Азыр да күн алыс сууга сүзүүгө барып турам. Андан тышкары  теннис ойноп эс алам.

- Кыргыз жигити катары улуттук оюндарыбыздын кайсынысында ойной аласыз. Мисалы көк-бөрү жана башкалар.

– Ат оюндарын өтө жактырам бирок өзүм ойноп көргөн эмесмин. Мага өзгөчө стратегиялык ой жүгүртүүнү талап кылган оюндарыбыз тогуз коргол,  ордо оюну жагат. Бала кезимен бул оюндарды көп ойногом.

- Ар бир адамда хобби болот эмеспи. Сизде дагы болсо керек?

– Велосипед тепкенди жактырам. Мени көптөр көрүп айтышат. Сиздей  кишиге велосипед тепкен жарашпайт экен деп, бирок өзүңөр билесиздер дүйнөдө  көпчүлүк адамдар транспорттун бул түрүнө ыктап атышат. Ден соолукка да пайдалуу, тыгында турбайсың  дегендей. Андан тышкары жыл сайын бак-дарак тигүү да менин сүйгөн алектенүүм десем болот.

- Кандай чыгармаларды көп окуйсуз?

– Ар бир эле Кыргызстандык  Айтматовдун чыгармаларын чанбаса керек. Мен Айтматовдун чыгармаларын жогору баалап окуйм. Андан тышкары өзгөчө тарыхый, адабий  чыгармаларды. Дүйнөлүк классикалык көркөм адабияттарды көп окуйм.

- Жашоодогу девизиңиз кандай?

– Келечекке жол ачуу, кийинки муундун жакшы жашоосуна шарт түзүү

- Студенттик күндөрүңүз кайсы окуу жайда өткөн?

– Мен СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин бүтүргөм. Экинчи билимим  КР Президентине караштуу башкаруу академиясынын бүтүрүүчүсүмүн.

- Ошто улуттар аралык мамиледеги маселе да жок эмес. Нааразычылыктарды эмне кылуу керек деп ойлойсуз  жана кандай чараларды көрөсүз?

– Андай жаңжалдан кудай сактасын . 1990-жылдардагы жаңжал , 2010-жылдагы окуя  эмнелерди алып келди. Мен адамдарды чакырат элем, бүгүнкү  тирешүү,  жоолошунун арты кандай бүтөөрүн билип калдык. Ар бирибиз жоопкерчилик менен мамиле кылсак. Анткени биздин  жашаган жерибиз бир.  Бир элбиз. Бөлө турган эч нерсе жок. Андай  кайгылуу жаңжалдын  кайталанбашына  болгон күч аракетти жумшайбыз.

- КСДП партиясынан шайланып келдиңиз. Анан бул партиянын арыгын чаппайсызбы?

– Мени мэрлике СДПК партиясы эмес, Замандаш современик партиясы көрсөттү. Жашыруун шайлоонун негизинде 25 добуш менен мэр болуп шайландым. Демек мен Ош шаардык кеңешиндеги баардык фракциялардан добуш алдым. Мен сиз сурагандай тигил же бул партиянын арыгын чапканга эмес, элдин турмушун оңдоо үчүн келдим.

- Экономиканы көтөрүү үчүн алгачкы кадам кандай болуш керек?

– Сиздин бул сурооңуз мен үчүн өтө  маанилүү. Анткени менин  билимим да экономист.  Эгер Ош шаарынын деңгээлинде ала турган болсок экономиканы шаар бийлиги тургундар менен бирге көтөрсөк болот. Анткени билесиздер  шаарыбыздын чыныгы кожоюндары шаардыктар болуп эсептелет. Азыр мен элдер менен жолугушуп, алардын негизги көйгөйүнө сереп салып көрүп атам. Анан жергиликтүү бийлик  Оштун өнүгүүсүнө каражат салып,  жакшы жашоого  инвестиция алып келем деген адамга шарт түзүп берүүсү керек. Аларды коркутуп, үркүтүп, рейдерлик  кылууну көздөгөндөргө  мен жол бербейм.

Жыргалбек БЕРДИБЕКОВ

Айбат гезити №73



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru