Айбат » Апрель курмандарынын кусуру оппозицияны урабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Апрель курмандарынын кусуру оппозицияны урабы?

7-апрель монументСоңку мезгилде кыргыз оппозиция болумуштардын кылыктары түркүмдөгөнсүйт.  Анын себеби деле көрүнүп турат. Анткени, кийинки күндөрдө оппозицияны Украинадагы окуялар, Крымдын Орусияга кошулушу ого эле көп жем таштагансыйт. Ошондон пайдаланган башында аттары ташка тамга баскандай таанылып-тапталып, жедеп кадыры кетип бүткөн баягы эле Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, Камчыбек Ташиев, Мукар Чолпонбаев, анан азуусун ташка жанган айтылуу Азимбек Бекназаров турган сүрмөй топко кайра жан кирип, күпүлдөп чыгышкандары кызык да, тамаша да.

Алардын күжүлдөп-күпүлдөп калганын жакындан бери Батыштан чабармандар байма-бай каттап калганын көрсөк болот. Кечээ жакында эле АКШ мамкатчысынын жардамчысы Нишаи Бисвалдын келгенин алсак, бул айым ажобуз А.Атамбаев менен чын ыкластан баарлашканы менен мындай чыгып алып, кыргыз “оппочулары” менен шыбырашып да, ачык да байланышканын маалымат каражаттары айтып чыкпадыбы. Ошондон кийин эле биздин “баатырлар” күжүлдөтө митинг-пикет уюштуруп ийишкенин соңку окуялардан баамдоого болот.

Мисалы, эбак тынчып калган саруулуктар кайра жанданып, өлкөнүн тиги башындагы таластык митингчилерге боор тартымыш эткендери таңгалдырганы менен билген жанга түшүнүктүү эле болуп турат. ошондо да кара-бууралыктар менен өкмөт тил  табышып, абал тынчыгансыды. Ошентип, бир чети украина окуялары, экинчиден көктөн тилегени жерден чыгып, кыргыз өкмөтүнүн курамы өзгөрүп, жаңы баш бакан шайланып жаткан  арсар  абалдан пайдаланган оппочуларыбыз менен аларды каржылап тургандар Кыргызстанга улам чуу салууда.

Бул эми бийлик атаандаштарынын көнгөн адаты дейличи. Бирок, карапайым элди катуу ойлонткон жагдай башкада болууда. Атап айтканда,  мына 4 жылдыгы белгиленип жаткан Апрель революциясынын азасы унутула электе, ошол тагдыр чечкен саясий окуянын жетишкендиктерин да жокко чыгаргысы келгендери кандай?  Кыргыздын  нечен атуул эр-азаматтарынын  каны менен келип, акыры 2010-жылдын апрелинде кан менен кетип жаткан жырткыч бийликтин окторунан  жапа чегип, курман болгондордун эрдиктерин эмдигиче эл айтып бүтө албай жатса, оппозициянын азыркы бузуку жоруктарын кантип түшүнөбүз?

Терең байкаган кишиге оппочулардын бүтүн өлкөнү бөлүп-жарган, жокту бардай кылган, бөйрөктөн шыйрак чыгарган, саясий күчтөрдү да, жаңыдан ынтымакташып келе аткан кыргыз коомчулугун  ич ара кагыштырган аракеттери көрүнүп эле турат.

Баарынан да,  эгемендиктин  жылдарынан бери жаңыдан турукташып, ал тургай өсүп келе аткан экономикабыздан да кычык издешкендери кызык.  Мисалы, экономиканын кыр аркасынын абалын билдирген ички дүң продукциясы боюнча эле алсак,  Кыргызстандын өкмөтүнүн расмий маалыматтарына ылайык, былтыркы 2013-жылы анын көлөмү 350 миллиард сомго жеткен. Быйылкы эки эле айдын жыйынтыгында ИДП 5,9 пайызга, башкача айтканда  дээрлик  6 пайызга өскөнүн кечээ эле жаңы премьер-министр Жоомарт Оторбаев айтып өттү.  Ал эми быйыл ички дүң продукциянын арышынын дагы ылдамдашы, атап айтканда 410 миллиард сомго жетээри күтүлүүдө.

Аракет кылып, иштегендердин турмушу жакшырып эле жатканын калыс баамдагандар улам айтып да, жазып да келишет. Ал эми иштегенди билбеген, каалабаган, бекер оокатка көнгөн жалкоолордун шылтоосу көп деген элдин макалы бар. Оппочулардын жоктон тапканы ошолор болуп, эми айласы куруган алар, акырында  жумушсуз калгандарды чогултуп, тентиген селсаяктарга акча берип пикет-митинге азгыра баштагандары эмнени каңкуулаганы айтпаса да түшүнүктүү го дейбиз.

Темирлан Байтик тегин

Айбат гезити №73




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru