Айбат » Бир айдын ичинде 36 адам кайтыш болуптур же болбосо билинбеген кансыз согуш…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бир айдын ичинде 36 адам кайтыш болуптур же болбосо билинбеген кансыз согуш…

аварияКыргызстандын  элинин  санынан  да,  кумурскадай  жайнаган  машиналар күн санап өсүүдө. Күн тоо койнунан чыгып элдер жумуштарына шашып бара жатканда көчөлөрдө машиналар толуп тыгындарды пайда кылат. Анысы аз келгенсип жол кырсыгын көп пайда кылып аткандыгы  да жашыруун эмес.   Кыргызстанда  статистика боюнча 12 миллиондон ашык машина болсо, калкыбыздын саны болгону 5 миллиондон ашса ашат.  Эми  жакшылап  карап  баамдап  көрсөңүздөр ар бирибизге эсептесек үчтөн машина туура келет экен. Анан жатып алып элибиз жарды дейбиз,  элибиз жакшы жашоосу чындап алганда, атка минерлерибиз  “жашообуз оңолбойт, жетпей атат, бюджетте акча жок” деп жоктон баштары чыкпайт эмеспи. Айталы дегенибиз, азыркы учурдагы авто кырсыктардын  күн  санап  өсүүсүн  сөз кылалы  деп  чечтик. Биринен-бири өтүп жол берүү деген жок,  жөө адамдар өтчү жерден элди өткөрсө да сөгүп- сагып ылдам өтпөйсүңбү,  өткөрбөсө  өлтүрө  сүзүп  деле көздөн кайым болуп кетип жатышпайбы? Табылганы табылып жазасын алып жатышат. Азыр айдоочулук күбөлүктү  сатып алышып, жол эрежесин толук билбегендиктен ушул жол кайгысы пайда болуп атат. Биз деле буга толук түрдө кошулбасак да, канчалык бир деңгээлде чындыгы бар десек жаңылбайбыз. Чындап карап көрсөк чынында эле ошондой экен, көчөгө чыгып үчтөн бир айдоочусунан сурамжылоо кылсак көбүнчөсү жаш балдар, сатып алышкан. Өкүнүчтүүсү коомдо жол кырсыгын ушундай акчага сатып алгандар жаратып атканбы десек, арасында ичип алып айдагандар деле жок эмес экен, таза туруп деле сүзө качыргандар бар дешет. Чынында кимисине ишенээриңди билбейсиң, айтор эң башкысы тартипти сактасак. Азыртадан өз келечегибизге өзүбүз минтип балта чаап кайдыгер карасак, анда бизден кийинки муунга доо кетип калышы мүмкүн болуп турат. Билинбеген кансыз согуш деп ушул жол кырсыгын айтсак болчудай, 1 айдын ичинде 36 адам кайтыш болуптур, жол азабынан такталган маалыматтарга таянсак, бул эмне деген ойго келбеген шумдук. Ошондуктан, урматтуу жолдо жүрүүчүлөр, өз өмүрүңөрдөн коркпосоңор дагы бирөөнүн убалынан корккула демекчибиз!

Айбат гезити №73



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru