Айбат » Кара жоргобу же кара жоргабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кара жоргобу же кара жоргабы?

Кара жоргоАкыркы күндөрү Казакстан элдери менен Кыргыз элдеринде катуу сүймөнчүлүккө ээ болуп бийленип келе жаткан  “Кара жорго” бийи эл арасында суроо туудуруп жатат. Бул кыргыз  элинин  кара жоргосубу»  же казак элинин  кара жоргасыбы деген суроо туулат.  Бул суроого жооп алыш үчүн биз тарыхыбызга кайрылышыбыз  керек.  Бүгүн  ушул «Кара жорго» бийинин тарыхы жөнүндө кеп курмакчыбыз.

Кара жорго болбосо,

Бийдин шаңы келеби.

Кош этек көйнөк кийбесе,

Кыздын шаңы келеби- деген ыр саптарына бийленип келген «Кара жорго» бийи биздин кыргыз элинин сүймөнчүлүгүн арттырбастан бул казак элинин сүймөнчүлүгүн арттырып, жада  калса бул бийди казак эли өздөрүнүн улуттук бийи деп таңуулап келишет.  Учурда кара жорго бийине кызыккандын саны күн санап көбөйүп келе жатат, “Кара жорго” бийин интернет булактарында талкуулап, сындагандарда бар. Маданият  изилдөөчү  Болот  Дыйканбаев “Кара жорго”  бийи  турасында  тарых  таржымалын  2003-жылдан бери изилдеп келет.  Ал үчүн  атайын  Кытайга чейин барып андагы кыргыздардан барып сурамжылоо  жүргүзгөн.  Кытайлык  кыргыздардын  бийлегенин  көрүп бул  бий эски  ата-бабаларыбыздын  бийи  экенин  тастыктаган. Ал эми этно бийлерди  изилдөөчү Зарылбек  Молдобакировтун  айтымы  боюнча  бул талашка  түшкөн  “Кара жорго” бийи казак  менен кыргыздын бийи  дейт. «Аталышы жана  бийлөө  жаатынан  анча  айырмасы  деле жок.  Казак калкыбыздын  “Кара шорго” бийи  ийин  менен  колдун  кыймылына  маани берип ал эми бут  жака  көп  маани бербейт. Биздин “Кара жорго” бийи жалпысынан бүт  дене кыймылдайт,  кара жоргону  көбүнчөсү  бут  жак менен, кол менен,  муундарыбыз  менен  “Муун”  бий  деп айтылат , “Сылма” байыркы  элибиз  “Талма” бий дешчү,  ошол  типтеги  бийлерди  бийлеп жатабыз»  дейт.  Көбүнчө  азыр  аш  тойлордо,  оюн  зоок кечелерде  бийленген  “Кара жорго”  бүгүнкү  күндө  Казакстан  тарабынан патенттештирилген,  ошон үчүн  “Кара жорго”  казактардын  улуттук  бийи деп аталып калган.  Буга Казакстандын  президенти  Нурсултан  Назарбаевдин  көмөгү  менен ишке ашкан дешет.  Казакстанда  “кара жорга” бийи өтө сүймөнчүлүккө  ээ  болгондуктан,  тойлор  кара  жоргосуз  өтпөйт.  Бул бийди  бийлегендердин  саны  арбын,  ал эми билбегендер  үчүн  атайын сабак берилип  турат.  Чындыгында, “ Кара жорго” бийи  кыргыздардыкы  болгон, аны биздин  кылым  карыткан  тарых  тастыктайт.  «Колдо  бар  алтындын баркы билинбейт»  дегендей  өз  убагында  казактарча  көңүл  бурган эмеспиз.


Тарыхтын  далили  боюнча,  1924-жылы  немец  экспититерлер тарабынан  Каркыра  жайлоосундагы  тойлордун  биринде  тартылган эксклюзивдүү  тасманы  айтсак болот.  Негизинен,  “Кара жорго”  бийинин тарыхы  10-11  кылымдарга  барып  такалат,  ошол  кылымдарда  кыргыз элине  таандык Кара ханий  мамлекетинде  Бурака  деген  хан болгон. Бурака хан жана анын увазирлери,  жигиттери, жоокерлери  жалаң  кара жорго  таптап  минишкен.  Күндөрдүн  биринде  Бурака  хан  чоң  тойго чакырылып.  Ал  эки  жүзгө  жакын  адамы  менен  кара  жорго  минип барышкан.  Айылга  кирип  келе  жатканда  аларды  комуздун   мукамдуу күүсү  менен  тозуп  алышканда,  кара жорголор  өздөрүнүн  басымын жоготуп, үстүндөгү  адамдар  аттарга  ээ  боло албай калышканда  тозуп алган эл «ханыбыз бизди сыйлап, урматтап  бийлеп келе жатат»  деп  аларды  туурап  бийлешкен.  Ошондон кийин  Бурака хан бул  жылкынын  бийи  болду,  муну  “Кара жорго” бийи  деп аталсын деген.

P.S  Ооба, казактар канчалык биздики деп талашпасын, “Кара жорго” бийин биздин улуттук бийи деп таңуулашпасын ал  Кыргыздыкы болуп кала бермекчи.  Анткени, биздин ата-бабабыз басып өткөн тарыхыбыз “Кара жорго” бийи кыргыздын эски  бийи экенин далил деп жатат. Урматтуу окурмандар  жана ошондой эле биздин кыргыздын тарыхчылары өзүбүздүн тарыхыбызда унутта  калган бийлерибизди, оюндарыбызды, салттарыбызды жана башка баалуу нерселерибизди  кайрадан карап чыгып, керек болсо аны кагаз бетине түшүрүп аны өз балдарыңарга,  неберелериңерге  үйрөтүңүздөр.  Антпесек эртеңки күнү казак туугандарыбыздай дагы бирөөлөр биздин  “Кара жорго”  бийибиздей  алтындай  болгон  байлыгыбызды талашаары анык.

Урматтуу “Айбат” газетасынын окурмандары жана мен кыргызмын деп жүрөктөрү согуп жашаган атуулдарыбыз, биздин унутта калган каада-салттарыбызды гезит бетине жарыяламакчыбыз. Силер билген каада-салттарды  “taryh@aibat.kg” почтасына  салып турушуңарды өтүнөбүз. Келгиле унутта калган биздин  када-салттарыбызды урпактарыбызга чогу жазып топтоп калтырабыз.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №73



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru