Айбат » Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы

1

14 жылдан бери үзүрлүү эмгек үстүндө иштеп келе аткан Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы  (БДЖА) республика боюнча 1006 атасыз балдарга ай сайын 1200 сом өлчөмүндө жөлөк пул берүүдө. 6-апрель күнү Ыссык-Көл облусунда жашаган 130 атасыз балага акыркы үч айлык жөлөк пулдары менен кошо таттуу белектер тапшырылды. Ошол эле учурда жыйынга чогулган апалар менен кошо балдарга жакшы акыл насаат сөздөр айтылып, каза болгондордун арбактарына багышталып Куран окулду.

Тагдырдын оор сыноосу менен атадан эрте ажыраган өспүрүмдөргө материалдык жактан колдоо көрсөтүүнү колго алып, кышкысын жылуу кийимдерди куртка, бут кийим, жайкысын жеңил кийимдерди сатып берип, окуу жылынын башында мектепке керектелүүчү сумка, тетрадь, калем, карандаш, альбом, күндөлүк, геометриялык куралдар, калем салгыч, ж.б. куралдар менен камсыз кылуу бул биздин милдетибизге жүктөлгөн. Мындан сырткары мектепте мыкты баага окуган окуучу балдарыбызды Ысык-Көлгө 15 күнгө жайкы лагерге эс алдырабыз.

Пайгамбарыбыз (С.А.У.) өз хадисинде: “ким жетимди өз кепилдигине алса, бейиште мени менен (сөөмөйү менен ортоң колун жанаштырып көрсөтүп) чогуу болот” – деп айтканы бар. Андыктан бул сыяктуу жакшылык иштер жергиликтүү байлардын да башкы максаттарына айланып, Жараткандан берилген кенен ырыскысынан бөлүшүп, ысык тамак ашка, жылуу кийимге зар болуп жашаган айрым мекендештерибиз үчүн демөөрчү болуп кайрымдуу иштер көбөйсө деген тилек…

Айбат гезити №73



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru