Айбат » Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев: “Мотокросс мелдеши Афганистандан СССР куралдуу күчтөрүнүн чыгарылышынын 25 жылдыгына арналып өткөрүлүп жатат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев: “Мотокросс мелдеши Афганистандан СССР куралдуу күчтөрүнүн чыгарылышынын 25 жылдыгына арналып өткөрүлүп жатат”

Мрамор айылына жакын жайгашкан жерде “Шериктештер өлкөсүнүн кубогу” боюнча мотокросс мелдеши Кыргызстан, Казакстан жана Россия мамлекеттеринен келген “жанкечти” мотосекилчендер арасында өттү. Биз ал жерге барып, жакындан өз көзүбүз менен көрүп кайттык. Жөн эле кайтпай окурмандарга “чырк” этме баян ала келдик.

мото кросс

Чотбаев АбдыгулМотосекил жарыша турган жерге келгенибизде бизди спорттун мотордук түрү боюнча федерациянын адамдары  жана “Афган” ардагерлери тосуп алды. Анын ичинде генерал-полковник Абдыгул Чотбаев мырза да бар экен.

- Абдыгул мырза, сиздин бул жерде кандай тиешеңиз бар же ышкыбозсузбу?

– Түздөн-түз. Бу мотокросс мелдеши шериктештер өлкөсүнүн кубогу Афганистандан СССР куралдуу күчтөрүн алып чыгып кеткен 25 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согуштун 69 жылдыгына арналып атат. Анын үстүнө Казакстандагы, Россиядагы афганчы досторум менен биргеликте илгерки СССР тушундагы мотокросс мелдешин жандандырып, андагы элдердин биримдигин, ынтымак-ырашкерлигин күчөтүүнү максат койгонбуз. Бүгүнкү иш-чара ушуну менен токтоп калбайт. Жай аптабында кереметтүү Ысык-Көл жергебизде экинчи этабын өткөрүүнү туура көрүүдөбүз.

Кыргызстандык кыз мотосекилчи, федерациянын вице-президенти Татьяна Синусова: “Мелдешке чыгууну суусап көздөгөн деле жокмун”

Андан ары мелдештин бирден-бир уюштуруучулары болгон жалгыз кыргызстандык кыз мотосекилчи, федерациянын вице-президенти Татьяна Синусова айымды кепке тарттым.

- Татьяна, мелдештин деңгээли кандай болчудай, бүгүн өзүң да мелдешке катышасыңбы?

– Эсил кайран СССР учурунда мото кросс спорту 15 союздук республикалардын алкагында жетиштүү деңгээлде өнүккөн эле. Эгемен алган жылдары бул спортко кызыккандар азайып, алды кумга сиңген суудай жоголуп кеткен. Анын ичинде биздин өлкөдө да мотосекилчендер бирин-сериндеп, башка өлкөгө өтө качышкан. 1995-жылы Кыргызстанда акыркы жолу чоң масштабда мелдеш өткөн. 2008-жылы өлкөдө калган ынтызар спортчулар, анын ичинде мен да жаңы типтеги мотосекилдерди өлкөгө алып келип, машыга баштадым. Көп убакыттан бери мотокроссчулар эч жакка чыга элек болчубуз. 2009-жылы Казакстанга биринчи жолу барып келдик. Ал эми 2010-жылдан тарта мелдешке катышууга боордош Казакстанга бат-бат чыга баштадык. Эл арлык мелдештердин жеңүүчүсү болгонго жетиштим. Бүгүн да мелдешке чыгууну суусап көздөгөн деле жокмун. Артыбызда келаткан жаштарды такшалтуу максатында арка-бел болуп берүү үчүн федерациянын “кара жумуштары” менен алекмин.

- Федерация түзүлгөнүнө канча болду?

– 2010-жылы түзүлгөн. Анын бирден-бир максаты болуп, мото спортту биздин өлкөдө жайылтуу жана жогорку деңгээлде өнүктүрүү эле. 2011-жылы “Шериктештер өлкөсүнүн кубогу” деген наамда биринчи жолу эл аралык даражада өткөрдүк. Жалпы жонунан 40 спортчу катышты. Эки жылдан кийин 2013-жылы биздин федерациянын мыкты мотосекилчендери Кирил Гаврилов, Юрий Дьяченко, мен жана Вячеслав Дудченко болуп команда аралык Казакстандын ачык биринчилигине барып, коло медалды багынттык. Ал эми Дудченко болсо, “Ардагерлер” арасында Казакстандын чемпиону деген наамды багынтты…

Ошентип, мелдешке келгендер моторунун өлчөмүнө жараша жүгүртмөгө катталып, расмий ачылуу аземге тизилип, турнирдин желегин жаш өспүрүмдөр көтөрдү. Соода-сатык кылганга аскердик ашкандан тышкары, үч тай казан палоо жана 47 коендун жана 50дөй жаш козунун шишкебегин даярдоо үчүн алдына от жагып баштады. Суусундуктарынан “оттуу суудан” тышкары сыра, минералдык жана булак суулары а күнү укмуштуудай өттү. Анүстүнө аба-ырайы характерин көргөздү. Буулуккан жаздын дарбазасы ачылгандай болуп, күн ачуу тийди. Асманда томуктай да булут жок болуп. Мелдеш алдында кара чачтуу “кыкеңди” издеп көрдүм, “мотосекилди” шуулдата айдаган. Тилекке каршы, андай “кыкеңдерди” таппадым, болгону ат үстүнөн эле көрдүм. “Кошуна айылдан келдик. Шаардык “жапайыларга” ат мингизүү кызматын пулдаганга” дешип. Ал аңгыча мелдеш башталды. Биринчи болуп, 8 жашка чейинкилер аттанды. Атайын жасалган жолчонун экинчи айлампасында алдыда келаткан жаш бала капысынан тикеси менен кумай жерге тик сайылды. Турбай калды. Көз салып турган машыктыруучусу чуркап барып, “аттандырды” эле эч нерсе болбогондой жарышты улантты. Бу жаш балдардыкы эчтеме эмес экен. Чоңдорго кезек келгенде алдында минген мотосекилдерин чаң ызгытып, кум сапыра алдыны көздөй жөнөштү.

мотокросЖарышкан жолчолоруна адам даап бара алгыдай эмес. Кулак тундурган үнү бир тең, дөңгөлөктөн ыргыган “даңканы” бир тең. Атайын жасалган айлампаны 12 мүнөт жана кошумча 2 айлампа айлангыча, мелдеш өткөн жерди боз туман каптап, эч нерсе көрүнбөй калып атты. Жолчосу да жолго окшошпойт. Аңгыл-дөңгүл, аң-чөнөк, ойдон атырыла чыгып асманды бир челип алмайынча кызыгы да жок окшойт өңдүү. Кээ бир тажрыйбасы барлар тик өйдө аба мейкининде секирик жасаганда, бери дегенде 30 метрден ашык жерге чейин сызып барып конуп, андан ары марага кетчү жолду улагандарына күбө болуп аттык, тамшанып. Мелдештин биринчи айлампасы 2 саатча уланды. Убакыттын кантип өтүп кеткени билинбей калды. Жарым саатча тыныгуу учурунда эстрада ырчысы Адил Чекилов Афган жеринде кызмат өтөгөн ардагерлерге концерт берди. Анын да жөнү бар экен. Биртууганы Таалай Чекиловдун наамында чоң байге коюлуптур. Афган ардагерлери “мелдеш токтоп турат, түштөнүүнү унутпайлы, бышкан тамактын күйүтү күч” дешип, даяр болгон палоодон, шишкебектен, символикалык түрдө “оттуу суудан” алып, полчандарын эскеришти. Талаанын тамагы таттуу болот эмеспи, биз да генерал полковник Абдыгул мырза менен бир столдо тамшана даам сыздык. “Алыстан уксан тирукмуш, жанына келсен бир киши” дегендей, Абдыгул мырза жөнөкөй, тамашаны катыра сүйлөгөн, адамгерчиликтүү мырза катары боордош республикадан келген досторуна тасмалды кенен жая сыйлай отурду.

мотокросТүштөнүүнүн соңунда мелдештин экинчи айлампасы башталды. Чечүүчү жарыш болгондуктан, ар бир мотосекилчен мурункуга караганда күчтөрүн чыңап, жан аябастан “аламанга” аттанышканы байкалып турду. Дене башына кийген чопкуттарын оңоп-түзөп дегеним. Ансыз болбойт экен. Жарыш учурунда жаза тайып жыгылсаң оңчудай эмес окшойт. Жараткан жалгап, а күнү бир да спортчу жаракат алган жок. Болгону 1-2 жерден моторлору өчүп калып, убара тартышканы эле болбосо. Жалпы жонунан мелдеш жогорку деңгээлде уюшулуптур. Мотоспортко кызыккан ышкыбоздор да көп келди. Анын ичинде ушундай мелдештерге калтырбай келип жүргөн достор үчүн майрам экенин жашырышкан жок. “Мотосекилдин үнү ушунчалык сексуалдуу. Өзгөчө, старттан газды улам-улам кишенетип басып ыркырагандары мага абдан жагат” деген Юлия Уварова айым өзүнүн дос кыздары менен келиптир. “Табиятта эс алуу өзүнчө ырахат. Шаардын ызылдактарынан оолак болуп, мээ сергийт. Мындай көңүл ачуудан кийин алган энергияң бир жумага жөн эле жетет” деп кошумчалады Юлия айым.

 

Чаң ызгып бүттү. Мелдеш аяктады

Палоо баскандар менен шишкебекчилер: “Бир порция плов 150 сом эмес, 100 сом, шишкебек болсо 220 сом эмес, 150 сом! Келгиле, шилекейди жуткуча, шишкебектен жегиле. Пас маанайды көтөрүп, палоодон оозго салгыла. Жакшы тамак калгыча, жаман курсак айрылсын!” дешип, жар салып жатышты. Калыстар болсо жеңүүчүлөрдү аныктап, башкы демөөрчү болгон “Росинбанктын” байгелерин, акчалай сыйлыктарын чемпиондорго тапшырып жатып, “Кош дебейбиз, Ысык-Көл жергесине жай саратанында көрүшкөнчө” деп эл аралык мелдеш салтанаттуу түрдө жабылды. Биз да “соодасы бүткөн сартка” окшоп, бир күн ичинде капкара болгуча күндө күйүп, ордо калааны көздөй бет алдык.

 

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

Өспүрүмдөр арасында Никита Ворошилин (50 куб см.)

Кыз-келиндер аз болгондуктан жаш балдар кошулду Кирилл Гаврилов (65 куб см.)

Башталгыч жаатында Евгений Унгер

Чоңдор арасында Александр Самоненко (125 куб см.)

Ардагерлердин “А” баскычы боюнча Валерий Шевелев

“В” баскычы боюнча Юрий Дьяченко

 

Акмат Рааткан

Айбат гезити №73



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru