Айбат » Гулира: “Өлүп калайын дейм боюмдагы баламды кыйбайм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Турмуш » Гулира: “Өлүп калайын дейм боюмдагы баламды кыйбайм”

ТагдырАтым Гулира, сиздердин гезитиңиздеги “Тагдыр” рубрикаңыздардан ар кандай тагдырларды окуп калам. Мен да өз тагдырым менен бөлүшүп сиздердин окурмандарыңыздардан кеңеш сурагым келет.

 

Жаңы жылды жомоктогудай тостук

Азыр 21 жаштамын. Турмушка чыкканыма 3 жылдын жүзү болду. Эл катары Жогорку окуу жайлардын биринде билим алып, окуум ийгиликтүү боло баштаган. Чогуу окуган кыздар менен окуу жайдын жатаканасында жатчумун. Баарыбыз бала кыял, ойноок болчубуз. Күндөрдүн биринде Жаңы жыл тоскону айылга кетип жатсам курбу кыздардын бири кетпей эле кой, Жаңы жылды чогуу тособуз деп кетирбей алып калды. Жаңы жылга аз мүнөттөр калганда Жазиранын тааныш жигити достору менен биздин бөлмөгө баш багып калышты. Жайдары тосуп алдык да коноктоп, жаңы жылды чогуу тостук. Алардын арасында Нурдин аттуу татынакай жигит мени жактырып калыптыр. Аны мага Жазира айтып жатпайбы. Нурдин менин телефон номеримди сурап телефондон сүйлөшүп туруумду суранды. Макул болуп берип койдум.

 

Жаштык кез, романтика…

Сабактан чыгып жатаканага баратсам баягы Нурдин машинеси менен мени күтүп туруптур. “Курсагың ачкандыр, бир жерге барып түштөнүп келелик”, – деп сунуштап калды. Макул болуп машинесине отуруп алып бир кафеден түштөндүк. Андан кийин Октябрь кинотеатрынан кино көрдүк. Ошол күндөн тарта Нурдин мага күн сайын келип, бат-баттан телефон чалып дайынымды сурап турчу адат таап алды. Мен да убакыт өткөн сайын ага көнө баштадым. Экөөбүз ынак болуп кеттик.

 

Нурдинсиз жашай албай калдым

Тагдырдын берген белегине абдан ыраазы болуп, ушул жигитке гана турмушка чыгам деп өзүмө катуу сөз бердим. Кыздар жигиттер кичине романтика тартуулап койсо башыбыз айланып калат эмеспи. Менин да башым айланып калды көрүнөт. Арадан бир жылдай убакыт өттү. Экөөбүз болсо бири-бирибизсиз жашай албай калдык. Нурдин өзү да шаардагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алчу. Быйыл акыркы окуу жылы болгондуктан дипломдук ишин жазып жаткан эле. Дипломун жактап бүтүп, мени конокко чакырып калды. Жаман оюм жок баргам. Кичине кызуу экен. Тамак ичип алып адаттагыдай кучакташып жатып алдык. Бир маалда менин оюма койбой өзүнүн ишин кылып койду. Баарыбир сага үйлөнөм, 2 айдан кийин тоюбуз болот деди.

 

Боюма бүтүп калыптыр

Экөөбүз тең ата-энелерибизге айтпай тойго камылга көрө баштадык. Сабакта отурсам эле көңүлүм айлана баштады. Сабактын аягына чейин чыдай албай, мугалимден суранып сыртка чыгып эле кусуп салдым. Бир маалда өзүмдү жоготуп коюптурмун, медициналык борбордон көзүмдү ачтым. Өзүмө келсем доктур мени күлүп карап туруптур. “Сүйүнчү, жакында эне болот экенсиң! Бул биринчи перзентиңби?” – дегенде башыма бирөө балта менен чапкандай зыңылдап кетти. Эч нерсе дебей эле канча убакыт болгонун сурадым. Доктур 3 жума болуп калганын айтты. Чыгып эле Нурдинге телефон чалдым. Ал менин кош бойлуу экенимди билип абдан сүйүндү. Эми тойду эртелетели деп калды.

 

Кайненем биздин баш кошконубузга каршы болду

Айылга барып апасына Гулира аттуу кызга баш кошкону жатам десе, апасы мен тапкан кызга үйлөнбөсөң ал кызды алып бербейм деп катуу урушуптур. Маанайы чөгүңкү келди. Мен кандай болгон күндө да боюман алдырбай турганымды айттым. Эки ортодо Нурдин абдан чайналды. Көрсө үйүндө атасы эмей эле апасы бийлейт экен. себеби, акчаны апасы таап, балдарынын баарын апасы үйлөнтүптүр. Нурдин апасынын айтканына көнбөй акыры үйүнөн качып чыгып, мени менен жашамай болду. Достору чогулуп бул жактан нике окутуп алдык. Бизди жашап алды дегенди уккан кайненем айылдагы кадыр-баркынын жоголуп кетишинен чочулап, Нурдинди айылга чакырып кафеде чоң той уюштуруп берээрин айтыптыр. Ошентип мени кайра үйдөн сөйкө салып алып кетишти. Кафеде чоң той болду.

 

Кайнатам да идиш-аякка кийлигишет

Үйгө келген күндөн тартып кайненем экөөбүздүн ортобузда конфликт чыга баштады. Чынысы бери туруп калса дагы кыйкырат. Кайын сиңдилеримди болсо мага кайым айтышкыла, оокатын жасабагыла деп жүрдү. Анысына деле мейли деп нурдин үчүн баарына чыдап жүрдүм. Кайненемдин кылган кылыгы аз келгенсип кайнатам да тамак-ашка, идиш-аяктарга кийлигише баштады. Акырында менин өз аялын сөккөнсүп сөгө баштады. Баарын ичиме катып жүрө берип калтырап калчу болдум. Бир күнү кайненем жолдошум шаарга кеткенде “Сен бизге тең эмессиң! Ата-энең кедей турушат экен. Тукуму таза кыз керек болчу бизге, а сен бузуп жатасың”, – деп мени үйүнөн кууп чыкты. Төркүнүмө баргандан намыстанып жолдошум келгенче эшикте ыйлап жүрдүм. Ал келип менин кебетемди көрүп кайненеме жини келип мени үйгө алып кирди. Мен Нурдин менен чогуу үйгө кирсем кайненемдин кабагына кар жаап экөөбүздү кошуп уруша баштады.

 

Баламдын убалы кимге?

Арадан аз өтпөй кыз төрөп алдым. Кызым кайненеме куюп койгондой окшош болуп калды. Атын да Зарема деп кайненем койду. Кызым 4 айда эле эмчектен чыгып калды. Себеби, мен кечке жумуш жасап атып аны эмизгенге убакыт жок болчу. Ошентип кызым ооруп атып араң дегенде адам болду. Азыр кызым бир жарымда. Мындан 5 ай мурун кайненем Нурдин экөөбүздү үйүнөн кууп чыккан болчу. Шаарга келип эмне кылаарыбызды билбей 2 ай кыйналдык. Кайненем менин оокаттарымды бербей алып калган. Жакында болсо күйөөмдү алып кетип молдого окутуп салыптыр. Күйөөм мага тескери сүйлөп башка аял алам деп калыптыр. Мен аны сүйөм ансыз жашай албайм. Боюмда болсо 3 ай болуп калды. Нурдинди эстеген сайын, анын башка аял менен үйлөнүп чогуу жашап жатканын элестеткенде бул дүйнөгө батпай кетип жатам. Өз өмүрүмдү кыйып салайын дейм боюмдагы баламды кыя албайм. Эми алар кызымды да талашып жатышат. А менин ичимдеги баланы алдыртып салсын деп жатыптыр кайненем. Кан басымым көтөрүлүп боюман козголуп жатат. Ушинтип кыйналып жатканымды Нурдин билсе кана? Азыр базарда соода кылам. Төрөгөндөн кийин бизди ким багат? Баламдын убалы кимге? Балам кимди ата деп өсөт?

P.S. Урматтуу окурман, эгер сиздин да окурмандар менен бөлүшө турган кызыктуу же оор тагдырыңыз болсо биздин гезиттин редакциясына кат жазып кайрылсаңыз, биз гезит бетинен орун берүүгө дайым даярбыз. Каттарды aybatkg@mail.ru электрондук дарегине жиберсеңиздер болот.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №73




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru