Айбат » Депутат ТЖБнын кийинки тагдырына Түркия аралашуусу мүмкүн экенин айтты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Депутат ТЖБнын кийинки тагдырына Түркия аралашуусу мүмкүн экенин айтты

Turkey-Flag-MapЖээнбековдун пикиринде, мындай сценарийдин болушун эл аралык саясаттагы акыркы окуялар жана кыргыз-түрк мамилелери тастыктап жатат.

 “”Манас” транзиттик борборунун ордуна Түркия катышкан уюм болушу толук ыктымал”, – деп билдирди кечээ, 10-июнда “ВБ” менен болгон маегинде көз карандысыз депутат Равшан Жээнбеков.

Анын айтымында, президент Алмазбек Атамбаевдин буга чейин өзү убада кылгандай КРдеги транзиттик жүк ташуу борборун (ТЖБ) чыгаргандан башка аргасы жок. “Бул жолу Россия менен аталган маселеде ойногонго болбойт. Бүгүн америкалык базанын ордуна түрк аскер базасынын келиши тууралуу бир беткей айтыш кыйын. Бирок негизги пакетке Түркия ээ боло турган кандайдыр бир уюмдун түзүлүшү ыктымал”, – дейт депутат.

Жээнбековдун пикиринде, мындай сценарийдин болушун эл аралык саясаттагы акыркы окуялар жана кыргыз-түрк мамилелери тастыктап жатат. “Эгерде мен жаңылышпаган болсом, АКШнын мамлекеттик катчысы эки жолу Түркиянын жетекчилиги менен жолугушту, ал эми бул өлкөнүн өкмөт башчысы АКШнын президенти Барак Обаманын кабыл алуусунда болду. Түркия менен Кошмо Штаттар Сирия боюнча маселеде шериктеш болуп эсептелет. Түркиянын бүт аскердик элитасы АКШ менен Европадан билим алган. Эмне үчүн мындай учурда АКШ өз саясатында Түркияны Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы өткөрүүчү катары болуп бер деп өтүнө албайт? Эрдогандын биздин өлкөгө жасаган акыркы сапары дагы бул ойду тастыктап тургансыйт”, – дейт депутат.

Жээнбеков Түркия Россия баш тарткандан соң Кыргызстанга 106 млн доллар каржылык колдоо көрсөткөнүн эскертти. “Эрдогандын “Түркия эл аралык “Манас” аэропортунда жарандык хаб уюштурууга катышууга даяр” деген билдирүүсүн дагы эстен чыгарбашыбыз керек”, – дейт ал

.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru