Айбат » «Замандаш ассоциациясы дүйнө жүзүндөгү 100 ашуун кыргыз уюмдары жана мекендештер менен иш алып барат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Замандаш ассоциациясы дүйнө жүзүндөгү 100 ашуун кыргыз уюмдары жана мекендештер менен иш алып барат

Замандаш

2003-жылы «Замандаш» коомдук фонду Урал аймагынын кыргызстандыктарды колдоо фонду менен биргеликте Россия Федерациясында түзүлгөн диаспоралык чачыранды кыргыз уюмдарын бириктирүү тууралуу демилгеси менен чыгып, 6-7 -декабрында  өткөн конференцияда аталган бирикме «Замандаш» Ассоциациясы болуп уюшулат. Ошол мезгилден тарта Ассоцияциянын жыл сайын өткөрүлүүчү конференциялары салтка айланып, аткарган иштеринин натыйжалары  чыгарылып, жаралган көйгөйлөрдү чечүү жолдору аныкталып келүүдө.

«Замандаш» Ассоциациясынын  ишмердиги чет өлкөлөрдөгү  мекендештерибиздин коомдук бирикмелеринин санынын өсүшүнө түрткү берди. Учурда «Замандаш» Ассоциациясы чет өлкөдөгү 100дөн ашуун каттоодон өткөн диаспоралык уюмдар менен кызматташып келет.

«Замандаш» Ассоциациясынын негизги максаты – улуттук аң-сезимдин кайра жаралуусуна, Кыргыз Республиканын чегинен сырткары жашаган кыргыздардын  өз алдынчалуулугун сактоого түрткү берүү жана чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга туруктуу же убактылуу жашап турган жерлеринде укуктук макамын аныктоо маселелери боюнча укуктук колдоо көрсөтүү саналат.

• Ассоциация тарабынан кыргыз диаспораларынын бирдиктүү  маалыматтар базасы түзүлүп, чет өлкөлөрдөгү 54 мамлекетте эмгектенип жаткан кыргыз коомдору жана мекендештер менен мамилелер жөнгө салынды. Дүйнө жүзүнүн баардык бурчуна тараган мекендештерди консолидациялоо максатында ассоциация жыл сайын конференцияларды уюштурат.

• 10 жыл аралыгында Ассоциациянын ишмердигинин жыйынтыгынын бири 2012-жылы Мекендештер менен кыргызстандыктардын  Бүткүл Дүйнөлүк Биринчи  Конгрессинин өткөрүлүшү болду. Анын ишине дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн 800 адам катышып, негизинде, ар кайсы мамлекеттердеги кыргызстандыктар менен мекендештердин уюмдарынын өз ара жакындашышына жана  кызматташуусуна, алардын уюштуруу жагынан бекемдешине жана уюмдарынын түзүмдүк жакындашышына  кубаттуу демилге берди.

• «Замандаш» Ассоциациясы 2011-жылдан бери адам сатуулардын курмандыгы болгон 600 ашуун кыргыз жаранына жана 10 000 ашуун мекендештерге, диаспоралык уюмдар менен биргелешип укуктук, уюштуруучулук, моралдык жана каржы жардамдары көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө «Замандаш» Ассоциациясы чет өлкөлөрдө дайынсыз жоголуп кеткен мекендештерибизди издөөдө жардамдарды көрсөтүүдө.

• «Замандаш» Ассоциациясы маданият, спорт, кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча системалуу түрдө өз салымын кошуп, бир топ долбоорлор жана иш-чараларга катышып колдоо көрсөтүп келет.

• Акыркы эле үч жыл ичинде Россия Федерациясынан 200-жүктү Кыргызстанга жөнөтүү боюнча кайрылган 107 жаранга жардам көрсөтүлгөн.

• 700 ашуун жарандык кайрылуу боюнча зарыл жардамдар көрсөтүлүп, сот процессин юридикалык жактан коштоого же чет жерлердеги жаза өтөө жайларында отурган КРнын жарандарын экстрадициялоого жардам көрсөтүү боюнча КРнын тийиштүү органдарына 500дөн ашуун коштомо каттар даярдалган. «Замандаш» Ассоциациясы миграциянын актуалдуу көйгөйлөрү боюнча отурумдар үзгүлтүксүз уюштуруп, мамлекеттик органдарга миграция боюнча мыйзамдарга сунуштамаларын берип келет.

• Чет өлкөгө кетип жаткан кыргызстандыктарга жана мекендештерге укуктук жардам көрсөтүү үчүн чек ара менен кесилишкен аймактарда маалымат-консультативдик борборлорду түзүү долбоору иштелип чыгып юридикалык жана миграция маселелери боюнча толук  жардам көрсөтүлүүдө.

• Акыркы эле үч жыл ичинде «Замандаш» Ассоциациясына 10 000 миңден ашуун мекендеш оозеки жана кат формасында кайрылган. Кат ээлерине кеңештер берилип, кайрылуу боюнча даректик жардам көрсөтүлдү.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru