Айбат » Жазымды кайрадан жашагым келет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жазымды кайрадан жашагым келет

Жазгы өрүк гүлү

Ала шалбырт жаз. Саамайымды сылаган салкын желге эреркеп, көйнөгүмдүн этегин желбиретип үйдүн жанындагы дөңчө тарапка бара жатам.

Тай энем түтөтүп от жагып, буудай кууруу менен алек. Жаш чырпыктар күйбөй калса өз алдынча сүйлөнө калып ишин улантууда. Менин самаганым, издегеним байчечекей. Ар бир жазда сары түсү менен көз жоосун алган гүлдөрдү издеп жөнөйм. Дөңчөгө чыгып, алтын издегендей күйпөлөктөп эки жагымды карана баштадым. Карлар эми гана эрип баштаганга пайда болгон балчыктарды басып алганыма деле кайылмын. Аңгыча тай энем:” Отун алып кел, байболгур. От өчүп калат экен эми”, -деп кыйкырып калды. Отубуз өчүп калса кайра жанбай калчудай дегдеңдеп чуркап бара жатып, чалынып жыгылганда селт чоочуп ойгонуп кеттим.

Балалыгымдагы Нооруз майрамы…

Көзүмдү кайра бекем жумуп, уландысын көрүүгө ашыксам да уктай албай койдум. Ансыз да терезеден күн нуру төгүлүп, алда качан таң атып, жумушка даярданчу убакыт жакындап калган экен. Заманбап кооздолгон, үстөлү, компьютери, чоң күзгүсү, диваны, гардеробу бар чакан комнатада шыпты тиктеп көпкө жаттым.

Оозумдан “аттиң” деген гана сөз чыкканы менен жүрөк кургур кадимкидей тызылдап турду. Бул жылы, бул убакта эбак эле Нооруздун даярдыктары көрүлүп, бир күн эрте башталган сүмөлөктү аччу учур келип, чоң кара казанды тегеректеп даяр турчубуз. Ача калганда эле сугунчудай болгон кебетебизден ата-энелер “Ары ойной тургула, ысыкка бир жерлериңерди күйгүзүп албагыла”, -десе кадимкидей таарынып, бир сыйра жашып да алаар элем.

Демейде уйкуну жакшы көргөн жаным, ал күнү короз кыйкырганда туруп, үшүгөнүмө карабай даярдап койгон көйнөгүмдү кийип, Нооруз өтчү үйгө чуркап жөнөйм. Сүмөлөк ачылып, ыр-шаңга толгон майрам башталып, аркан тартыш, күрөш, ордо оюндары ойнолуп, жаш балдардын тушоолору кесилип чоң жашоого кадамдары ташталчу. Тушоо кескенде жеңилгенди билбеген жаным, көйнөгүмө карабай бышып-күйүп чуркап калаар элем. Табактарда камыр тартылып, аркасынан дасторконго беш бармак келет.

Кайдагы кашык- вилка, кайдагы тарелка? Жаш балдарга тамак эле берип койсо колубуз менен ынтымакташып жеп алчубуз. Боорсок, эт, казы-карта, таттуу момпосуйлар, алма, мандарин сыяктуу мөмө-жемиштердин баарын аралаштырып салып алып, кечинде үйгө келип, тоону томкоргондой уйкуга кетчүбүз. Чыт курсак бала кезим… Ишке жөнөгөндөй оюнга шашып, быйтыйган колдорумдун ылай болгонуна карабай кардын түбүнөн байчечекей издеген бактылуу мүнөттөрүм… Чөнтөгүмө нанды салып алып, керээлден кечке чейин куурчак, топ таш ойноп жоголуп кеткен күндөрүм…

Жаз жыты

Аңгыча ойлорума тоскоол болгондой будильник чырылдап ойлорумду бузду. Бактысыз болууга эч кандай себеп жок болсо да бир аз кыйылып турдум ордуман. Жуунуп, кийинип алып метродо жумушума бара жаттым.

Мени адам кылган айылдан качып билимдүү болууну, чет өлкөдөн тажрыйба топтоп, карьера курууну, баардык шарттары менен түзүлгөн үйдө жашоону, кино-рекламалардан көрүп жүргөн мегаполис тургуну болууну өзүм каалап, өзүм тилеп албадым беле.

Кудайга миң мертебе шүгүр дейм. Тилектерим орундалып жогорку билимдүү болдум, ишке орношуп, өзүм каалагандай офисте иштеп жатам. Жегеним алдымда, жебегеним аркамда. Бирок ошол кезде кол менен жеген бешбармак, чөнтөккө катып жеген нандын даамына, үйдөн короого чыга калсаң от жыттанган таза абага, жазга маал балчык болуп, жайда чаңы асманга сапырылган көчөлөргө эч нерсе жетпейт. Мен сүйгөн жаз менин айылымдан башка жакта жазга окшобой турат. Балалыгыма кайтып, жазымды кайра баштан жашагым келет!!!

Асыл Ай

Айбат гезити №73



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru