Айбат » Кулагыңа күмүш сырга

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кулагыңа күмүш сырга

афоризм- Көзү ачыктарга такыр ишенбей калдым. Кечээ жарыя боюнча дарегин таап үйүнө бардым да.

-Анан?

-Анан ошол. Коңгуроосун бассам, “ким бул” деп атпайбы.

– Жарым-жартылай чындык – ачык калптан да жаман.

***

– Так чындык деген болбойт.

– Ушул айткан чындыгың такпы?

– Жок, албетте…

***

Калп эле өөп койгондун ордуна чындап шапалак менен чаап салган пайдалуу.

***

Баары сага каршы чыгышы мүмкүн, бирок чындык – чындык бойдон кала берет.

***

Чындык гана чындап эркиндик алып келет. Абийириңден башкасына баш ийсең – адашасың.

***

Корксоң да чынын айт. Жалган сөз – дагы жалган сүйлөтөт.

***

Чындык аябай ачуу экенин баары билет. Ошондуктан көпчүлүгү ага көңүл бурбайт.

***

Көпчүлүк менен болсоң, өзүңдү тааный албайсың, чындыкты таба албайсың.

***

Илимдин милдети – жомокторду айтуу эмес, чындыктарды жаратуу болуп саналат.

***

Жообуна даяр болсоң – суроо бер. Көңүлүң үчүн сен уккуң келген жоопту айтып коюшу мүмкүн. Бирок бул чындыкты убактылуу гана жаап тураарын унутпа.

***

Чынын айтсаң – бир күн ойлонот. Себебин айтсаң – өмүр бою ойлонот.

***

Канчалык аба-ырайы жаман болбосун – күн чыгат. Канчалык калп айтылбасын – чындык чыгат.

-Чындык кээде ушунчалык жөнөкөй болгондуктан ага дайыма эле ишене беришпейт.

***

– Эгер эркек аялды театрга, музейге жана ресторанга алып барууну токтоткон болсо – анда ал үйлөнгөн.

[Константин Мелихан]

***

– Карайтылган көз айнектер күндөн коргойт, бирок эркектерден эмес.

[Янина Ипохорская]

***

– Аялдар эркектерге караганда көбүрөөк оптимист болушат, ошондуктан көбүрөөк жашашат.

[Янина Ипохорская]

***

– Карылыкка кейибеңиз, өзүңүз узак жашагыңыз келчү.

[Б. Борисфенит]

***

– Жашоо кете берет, ага жетпей калган жалгыз калат.

[Максим Горький]

***

– Жашыңда эмне эксең, карыганда ошону аласын.

[Генрик Ибсен]

***

Демократияда – пайдалуу азчылык эмес, пайдасыз көпчүлүк чечим чыгарат.

***

– Эгерде сенин кемчиликтериң тууралуу сөз кылып жатышса, анда сен элге дагы эле керексиң.

[Jack Kuman]

***

Келечекте өкүнбөй жашагың келсе, 1. Өмүрлүк жубайыңды; 2. Ишиңди; 3. Досуңду туура танда.

[Yunus Emre]

***

– Сүйөлү, сүйдүрөлү, бул дүйнө эч кимге калбайт.

[Yunus Emre]

***

– Коомго эң керектүү адамдар – кичи пейил жана жөнөкөй болушат.

[Albert Einstein]




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru