Айбат » Съездбек Искеналиев: “Голливуддун кинолору менен тирешкен күн келет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Съездбек Искеналиев: “Голливуддун кинолору менен тирешкен күн келет”

Искеналиев СъездбекКыргыз элинин маданиятына тактап айтканда кино жаатында салым кошуп келе жаткан жана ошондой эле, ырчылыкты чогуу алып жүргөн, жакында кыргыз кино студиясынын продюссерлер уюмунун төрагасы болгон, Съездбек Искеналиев  менен маектештик.

- Саламатсызбы Съездбек  байке?

– Саламатчылык кандайсыңар ?

- Кино продюссерлик кесибине кандайча  келип калдыңыз ?

-Чоң рахмат,  эми бул тармак  менен  2006-жылдан бери  эле  алектенип  жүрөбүз.  Эрнист  байке  алып  келген  десем жаңылышпайм. Бос салкынга тартылып ошондон улам кызыгуум артып, 2012-жылдан баштап  кино продюссер дегенге аттандым,  Аманат деген кино тартып баштадык андан кийин, “Карт бойдок” анан “беш миң” сомду тарттык. Ошол кинолорго продюссерлик кылдым, анан эми бул кызматка ошонун негизинде келдим десем жаңылышпайм.  Менин ишимен жакшы тыянак чыгарган үчүн болуш керек. Кино чөйрөсүндөгү адамдар билесиңер мындай жумушка  аябай талдап туруп алат. продюссерлер чогулуп биргеликте иш жүргүзөлү, баарынын башын бириктирели, биргелешип иш кылалы, кино тармагында чыгармачылыктын жолун бир чыйыр нукка салалы деп аракет жасап жатабыз.

- Ушу кино жагы менен кетип жатыптырсыз, сизди элге тааныткан ырчылык кесибиңизди таштадыңызбы?

– Ырчылык өнөрүм өзүнүн нугу менен өнүгүп жатат. Ошол эле учурда мени элге тааныткан ырчылык өнөрүмдү жана күйөрмандарымды эч качан таштабайм.  Сөзсүз төрдө жакшы ырлар, клиптер  менен чыгармачылыктагы жакшы  обондорду жаздырып жатам. Концерттерди берип, сахнага чыгып туруу  менин милдетим.  Менин аш десе ашка, иш десе ишке тойбой турган учурум. Буюрса баштап алсак жакшы бир ийгилик алып келет. Эмне үчүн продюссер болуп калдыңыз деген көп суроо берилет. Мен мисалы Күрөңкеевди, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы  искусство институтун бүтүргөм. Бул жактан  продюссер, уюштуруучу деген кесипти алып чыккам. Ошонун негизинде продюссерлик кылып жатам.  Ырчылыкка эмес кино тармагына  өзүмдү арнап жатам.

- Азыркы учурда ырчы болуп жана актёр болсо эле көпчүлүк тамада болуп кетип жатышат да ошого кандай карайсыз?

– Эми сөзгө чебер болсоң, өзүңө өзүң ишенсең, алдагы чоң азыркы замандын талабына ылайыктуу жакшы кесиптердин бири, алып баруучулукка  эч качан терс карашта эмесмин.

- Азыркы учурда продюсерликтен тышкары жаңы ырлар клиптериңиз жаралып жатабы ?

– Ырларды болсо жаздырып жатам, жакын арада  “Жылдар”, “Мезгил” сапары деген жакшынакай ырым клиби менен чыкты.  Ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башында концерт берейин деп жатам.

- Сиз өзүңүздү продюссерликке татыктуумун деп эсептейсизби?

– Сөзсүз түрдө болгон күчүмдү жумшайм.  Элде айтылат го “эл эмгегин жер жебейт” деп, сөзсүз түрдө аракет кылам. Канчалаган  чыгармачыл адамдар, режиссёрлор ишенип отурушат , ошолордун үмүтүң актап, тың иштеп кеткенге аракет кылам. Эми бул нерсени убакыт көрсөтөт.

-   Кыргыз киносу  эл аралык деңгээлге чыга алабы?

– Сөзсүз буга чейин да чыгып келген,    керек болсо чыгат.  Голливуддун кинолору менен тирешкен күн келет .

- Мисалы казак туугандарыбыз биздин тарыхыбыздан сценарий алып, бир эле кино тартышып, өздөрүнүн кино жатын көтөрүп койду. Бизде андай мүмкүнчүлүк жокпу ?

– Мына бизде кудай буюрса айтылуу «Курманжан датка» фильми тартылып жатат.  Бул кино чыкканда, анча мынча өлкөлөрдүн кинолорун басып өтөт деген  үмүтүм бар. Себеби,  ал кинодон кичине жерин үзүндү көргөм. Ошол нерседен кичине көкүрөгүмө толгон нерсе бар.

- Азыркы учурда өтө чоң талкуу жүрүп жаткан бул маданият министрлигинин алмашуусу болду. Буга кыргыздын жараны катары кандай карайсыз?

– Ооба, аябай талаштар жүрүп жатат. Камила Талипова айымды тааныбайт экенмин, жаңы гана угуп жатам. Билбейм  ары же бери деп айтыш кыйын, убакыт көрсөтөт.

- Сиз маданиятка азда болсо эмгегиңиз сиңип калган адам катары кимди министрликтин  ордуна көрсөтөт элеңиз?

– Мен албетте, Садык Шерниязды көрсөтөт элем. Негедир ошол адам иштейт деген ниетим бар, Садык байкенин менеджерлик жагында күчтүү десем жаңылышпайм.

- Саламатта калыңыз, маегиңизге чоң рахмат, сизге ийгилик .

Акмат Рааткан

Айбат гезити №73



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru