Айбат » Жаш саясатчылардын өңү – мотуевдин өңүндөйбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Жаш саясатчылардын өңү – мотуевдин өңүндөйбү?

Акыркы мезгилде өздөрүн жаш саясатчы, паланча, түкүнчө коомдук бирикмесинин лидери атаган «балапандарыбыз» көбөйүп кетти. Тилекке каршы аларга карата: «Ырас, жаңы, жаш жүздөр пайда болгон турбайбы, мына ушундай улан-кыздарыбыз өлкөнү өргө сүйрөйт» деп ишенимдүү айта албайбыз. Көпчүлүгүнүн арты булганган, мурда-кийин ыпылас иштерге аралашкан. «Көнгөн адат калабы…» демекчи, бүгүн дагы ошол «оорусунан» айыга албай жүрүшкөн кези. Биз элге аздыр-көптүр таанылып калган жаш саясый лидерлердин бейнесин ачканга аракет кылып көрдүк.

Орунбеков, Аскарбеков, Мотуев, Кунакунов, Турдукулов

Убагында «көмүр королу» атыгып, Жумгалдагы Кара-Кече көмүр кенин басып алып, бир жылдай «хандык» кылган «легендарлуу» Нурлан Мотуев өзүн жаш лидерлердин алдыңкы сабында экенин айтып келет. «Жоомарт» аталыштагы патриоттук кыймыл жана «Кыргызстандагы чыныгы мусулмандар» ассоциациясынын төрагасы саналган Нурлан мырза кайсы жерге барбасын ызы-чуунун үстүнөн чыгат. Анын Билим берүү жана илим министрлигинин «тууруна» консом деген кыялда жүргөнүн угуп оозубуз Ошту карап кала жаздады. Эгер Мотуев агартуу тармагынын «эки тизгин, бир чылбырын» колго алса, «өлгөнүбүз» ушул турбайбы?!

Азыркы «жаңы, жаш саясатчылардын» көч башында турган «көмүр королу» аргасыздан «эшегине жараша тушагы» макалын эске салат. Жаңы лидер чыкмалардын «аксакалынын» кейпи, деңгээли бу болсо, анда калгандары тууралуу ооз ачып, жүрөк оорутуунун кажети жоктой. Ошентсе да, мынча болду, макалабызды уланталы. «Кимдин кимдин заманы? «Мотуйлардын» заманы» деп ураан чакырып калбасак дейсиң…

 

Кожоюну Максим, коргологону «Жаштар өкмөтү»

33 жаштын ашын «ашап» жаткан Максат Кунакунов Бишкек шаарында төрөлгөн. Апрель окуясынан кийин жеке ишкерлик менен шугулданган Кунакунов соңку эки айдан бери «Жаштар өкмөтү» коомдук бирикмесин түптөгөнүн жарыялап, саясатка билек түрүнө киришти. Төмөндө анын баскан жолунан бир сүртүм.

Саясаттагы басыгы: 2007-жылдагы «парламенттик шайлоодо «Ак жол» партиясынын атынан мандат тагынган. Ага чейин өкмөттүн алдындагы материалдык сатып алуулар боюнча агенттикте башкармалыкты жетектеген. Мына ошол мекемеде капчыгын кампайтып, оңбогондой байлык жыйнаган деген кеп бар. Башкармалыктан «бажарган» миллиондору «Ак жолдун» желеги астында депутат болууга зор салым кошкону айтпасак деле түшүнүктүү эмеспи.

Депутаттык доорунда элге жасаган «жакшылыгы»: Кадимки Көкөтай хандын ашы өткөн Каркыра жайлоосу «ак жолчу» парламенттин тушунда казактарга өтүп кеткени маалым. «Макул» деп добуш бергендердин алдыңкы сабынан Максат Касымжановичти кездештиресиң. Муну ал «Искра плюс» гезитине курган маегинде да: «Каркыра боюнча макулдук бергеним чын. Аны танбайм» деп ырастап, мындай кадамы үчүн өкүнбөй тургандыгын да кошумчалаган.

«Максат Кунакунов убагында ханзаада Максим Бакиевдин көзүнүн кареги менен тең айланган» деген кеп көп айтылып жүрөт. Бул аңыз эместигин анын экс-кесиптештери деле таңбайт. Ысымын ачык атагысы келбеген мурдагы депутаттардын бири бир кызык окуяны ортого жайды. «Парламентте бир маанилүү маселе талкууланып жаткан, – дейт ал. – Мен Максаттын жанына басып барып: «Эмнеге добуш бербей жатасың?» деп сурасам, «мен шефим уруксат бермейинче кадам шилтебейм» деди. Шефи ким экенин сурасам, «менин шефим Максим Бакиев» деп эрдемсинүү менен жооп узатты. Таң калып эле калыптырмын…».

Кимдин, кимдин баласы: Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өтпөй, мыйзамдуу түрдө чогулуш өткөрө элек жатып өзүн «Жаштар өкмөтү» коомдук бирикмесинин лидери атап жиберген М.Кунакуновду «Азаттык+» программасында жаштар жакшы эле ур-тепкиге алышты. Ошол берүүдө Максат мырза конкреттүү программасы жана платформасы жоктугун мойнуна алып, «шым» болду. Ал эми айрым гезиттер «Жаштар өкмөтүнүн» артында Садыр Жапаров менен Оштун экс-мэри Мелисбек Мырзакматов турарын, алар бардык чыгымды көтөрүп жатканын жазып чыкты. Муну Кунакунов тастыктай да, төгүндөй да элек.

«Эки тоонун чөбүн эңсеп…»: Жаш болгону менен эки жээкте «ойномой» жагынан алдына ат салдырбашын турмуш жүзүндө далилдеди. Улуттук оппозициялык кыймыл (УОК) уюштурган 10-апрелдеги митингде коомдук тартипти сактоо үчүн 3000 адам алып чыгам деп чамынды эле, иш жүзүндө 100гө жетпеген киши чогултту. Булардын алтымышы «эмгек биржасынан» жалданып келгенин «НТС» телеканалы расмий жарыялады. Митингдин эртеси белгилүү укук коргоочу Качкын Булатов Максат Кунакуновдун эки жээкте ойноп жатканын, бийликке сатылып кеткенин жар салды. Андан көп өтпөй бул «балакайдын» эгер 10-апрелде кокусунан бийлик алмашып кетсе шак оппозицияга өтө качып, коомдук канал аркылуу элге кайрылуу жасамактыгы, ал турсун, кайрылуунун текстин алдын ала даярдагандыгы ашкереленди.

Бүдөмүк келечек: Бул жигит табиятынан жетеленмей саясатчы. Ал Бакиевдердин бийлигине жагалданып жетеленип келген. Ошондон бери алардан тизгинин үзө албай келет окшойт. Анткени акыркы кезде кайдагы бир айдама жаштардан (өзүнө окшогон) турган “Жаштар өкүмөтү” кыймылын түзүп, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бургусу келип жүрөт. Ага да макул элек. Бирок бул көңдөй жаштардын сүрмөсүнө оолугуп, оозуна келгенин оттоп, түркөй саясат жүргүзгөнү аргасыздан алакан жайдырат. «Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки арам өлгөн» сыңарындай, туруктуу позициясы жок Максат мырзанын келечеги бүдөмүк экени аштан бышык. Башкасын кой, өзү теңдүү муундан колдоо таппаган саясатчы кантип лидер болсун да, кантип элди жыргатсын?

 

«Улуу художник» Турдукулов Бакиевдерге чөгөлөгөнбү?

“Прогрессивдүү фонду” коомдук фондунун төрагасы Адил Турдукулов 32 жашта, кичи мекени Таластагы Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылы. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Эмгек жолун 1999-жылы азыркы КТРК, мурдагы КТРде катардагы журналисттиктен баштаган. 2004-жылы ЖК депутаттарынын консультанты болуп эмгектенүү менен чоң саясатка кадам таштаган. 2005-2006 -жылдагы Тышкы иштер министрлигинин маалымат саясаты бөлүмүн жетектесе, 2008-2011 -жылдары Кыргызстандын Япониядагы элчилигинде 2-катчылык кызматты аркалаган. Бул А.Турдукуловдун Бакиевдер менен жакындыгынан кабар берет. Анын үстүнө, Курманбек Бакиевдин бир тууган инисинин уулу Куштар Бакиев менен жылуу мамиле курганы, анын колдоосу астында жаңы партия түптөгөнүн тар чөйрөдөгүлөр жакшы билишет. Эгер жалган десе, аны анын абийирине коёлу.

Адил мырзанын Япониядагы жашоосунан бир шиңгилди «Баягы Асаба» гезити жарыялады. «Баягы Асаба» А.Турдукуловдун Япониядагы батиринде тартылган сүрөттөрдү басып, муну жаш бала тартпаганын, мындай «шедевр картиналар» чоң кишинин гана калеминен жараларын баса белгиледи. Ал эми анын мындай «чыгармачылыгы» үчүн мамбюджеттен 4000 доллар бөлүнүп, батир ремонттолгон. Акыл-эстүү, интеллигенттүү адамдын заматта «айныкейи» кармап, жакшына турган дубалдарга сүрөт тартып кириши – анын психикалык абалынан күмөн санатып, бир сыйра текшерүүдөн өтүшү керектигин каңкуулайт. Ансыз деле өзүн 500 жылда бир жаралчу адам атаган доктор Апасыбыз элди эриктирбей турганда, экинчи «доктор Апас» Адилдин кереги канчалык?

Психикалык абалы жакшы эмес, убагында Бакиевдер менен тыгыз кызматташкан Адил Турдукулов амбициясын жашыра албай, келечекте чоң саясаттын бир бучкагын жойгусу келет. Минтип көккө секиргендин ордуна биринчи ден соолугун текшертип албайбы дейсиң. Антпесе психикалык жактан жабыркаган адам лидер болсо, жогоруда жазгандай, экинчи «доктор Апастын» образынан бөлөк адам көз алдыга тартылбайт экен.

 

137 миллионду «ап» эткен Аскарбеков кимдин «баласы»: Р.Жээнбековдукубу же Түлеевдикиби?

«Эркин эл» партиясынын атын уксаңыз, демек, анын төрагасы Мавлян Аскарбеков экенин билесиз. Басып өткөн жолуна саресеп салып, анын өмүрү мамлекеттик кызматты аркалабаганын көрдүк. 2004-жылдан 2010-жылга чейин чет элдик компанияларда эмгектенсе, 2010-жылдан бери «Эркин эл» партиясынын төрагалыгын аркалап келет. «Төрт жылдан бери эч жерде иштебеген адам үй-бүлөсүн кайсы каражатка багып жатат?» деген суроо жаралары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мунун жандырмагын Аскарбеков өзү деле чечмелей элек.

Мавлян мырза убагында Бишкектин мэри Иса Өмүркуловго жөнсүз сүйкөнүп, аны караламайга өткөн. Буга байланыштуу маалымат каражаттарында: «М.Аскарбеков Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев менен ЖКнын эркин депутаты Равшан Жээнбековдун буйругун аткарып Өмүркуловду шыбап жатыптыр. Ал «эмгеги» үчүн акча алып турат экен» дегендей жаңылык тараган.

Негизи эч жерде иштебей үй-бүлөнү багыш таптакыр мүмкүн эмес. Көрсө, бу жигит талап-тоноочулук менен шугулданат турбайбы! Мисалы, 2012-жылдын 9-мартында ал кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун «Кабар» агенттигинде курган маегинде Аскарбековдун жашыруун сырларын ачыкка чыгарды. «Мавлян Аскарбеков жана анын өнөктөштөрү 2010-жылы апрелде 137 миллион доллар уурдашкан. Мавлян Аскарбеков жана анын бийликтеги тилектештери апрель окуяларындагы баш-аламандыктан пайдаланып, мамлекеттен чыгарып алышкан акчаны кайтарып берүүнүн ордуна, ал жөнүндө билген адамдарды ар кандай ыкмалар менен каралап, жаманатты кылуу аракетин көрүүдө» деген Турсунбек Акундун билдирүүсүнө Мавлян мырза «ак» да, «көк» да деген эмес. «Унчукпаганы – макул болгонубу? Балким эч жерде иштебей, ушундай жол менен үй-бүлөсүн багып жаткандыр?» деп ичибизден тынып калдык.

Минтип 137 млн. доллар уурдаган деп айыпталган М.Аскарбеков бийлик өкүлдөрүн сындап, өзүн жаш саясатчы катары көрсөтүп келгенине эмне дээриңди да билбейсиң.

 

Талиеваны «терроризовать» эткен Дайырбектин жоруктарынан

Аты-жөнү: Дайырбек Орунбеков

Курагы жана жерлиги:  27 жашта, Ош облусунун Кара-Кулжа району

Саясаттагы басыгы: Алгач «Ата мекен» партиясынын катарында жүргөн. Апрель окуясынан кийин «Республика» партиясына секирип кетти. Мындай кадам таштоого жердеш эжекеси, «республикачы» Урмат Аманбаеванын таасири чоң болду. Натыйжада мурдагы шефи, «Ата мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди жөнсүз шыбап, аны «мародер» атаганга чейин барды. Мындан улам, тар чөйрөдө: «Дайырбек «Республика» партиясынын жол башчысы Өмүрбек Бабановдун буйругун аткарып жатыптыр, чамасы, акчадан арбын берген го» деген күбүр-шыбырлар айтылды.

1,5 жылдай У.Аманбаеванын жардамчылыгын аркалап, андан соң «Мекен инфо» гезитин, «Maalymat.kg» сайтын ачты. Аталган сайтта бийлик бир тараптуу, жөнсүз караланып, ошол эле учурда элдин байлыгын уурдап-тоногон фигуралар «эл баатыры» болуп чыга келди. Баарынан дагы жакабызды карматканы – кримавторитет саналган Алманбет Анапияевди «меценат», «эл уулу» атап алганычы. Ушунун өзү: «Дайырбектин сайтын Алманбет Анапияев каржылайт» деген сөз бекеринен жаралбаганын ырастайт.

Учур чак: Жогоруда айткандай, кримтөбөлү А.Анапияевди «байдын эрке кызындай мактап», аз эле жерден «эл баатыры» кылып шөкөттөгөн Дайырбек «Жаштар өкмөтү» коомдук бирикмесинин лидерлеринин бири экени ачыкка чыкты. Тыйын дегенде томолоно чуркап, кримдүйнө менен тыгыз кызматташкан Д.Орунбековду кантип жаш саясатчы, кантип лидер дейбиз?

Баса, Дайырбек өнөктөшү Максат Кунакунов сыяктуу эле эки жээкте мыкты «ойной» алат. Ал Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиеванын кабинетинен чыкпай, министрликке караштуу мекемелердин бирин же Камила эжекесинин орунбасары болсом дегенде «эки көзү төрт» болуп жүрөт. Дымактуусун кантесиң анан. Улуттук университетти тыңгылыктуу окубай, дипломду сатып алган «балакай» эки сөздүн башын кошуп жазып, интервью алганы үчүн журналисттердин катарын толуктап, ар кимди «шантаж» кылып акча өндүргөн чала сабат Орунбековдун министрдин орун басарлыгында отурганын элестетип көргүлө. Анын дарамети «нөл» экенин Камила айым билбейби? Же аны да «эргул» «терроризовать» этип койгонбу?

Акчага байланган болочок: Бул жигитти жакындан тааныган санаалаштарынын айтымында, ал акча дегенде бардыгына даяр, оома бала. Ким көбүрөөк акча берсе, ошол жакка ооп кете берет. Образдуу айтканда, кадимки аукцион өткөргөндөй, кимисинен көбүрөөк тыйын өнсө, ошонун камчысын чапкандан кайра тартпайт. Азыртадан акчага сатылган адамдын келечеги кең болбостугун турмуш аке эчак далилдеп койгонун билебиз…

 

Жыйынтыктап айтканда…

«Дөөдүрөгөн» сөзү бар Нурлан Мотуев, «гениалдуу художник» жана Куштар Бакиевдин «кан досу» Адил Турдукулов, Максимдин «кулу», эки жээкте талтайып турган Максат Кунакунов, 137 млн. долларды «жеди» делген Мавлян Аскарбеков, чала сабат журналист, Алманбет Анапияевдин «жазмакери» Дайырбек Орунбеков сындуу жигиттер бүгүнкү күндө жаңы саясый элитаны түптөйбүз деп жатыр. Эмитеден артында «калдырак-шалдырагы» күчтүү болгон «балдарга» өлкө келечегин кантип ишенип тапшырабыз? Булар кокусунан бийликке келчү болсо Кыргызстаныбызды талкалап жок кылышпайбы? Бул суроолордун жандырмагын өзүң чеч, замандаш…

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №74




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru