Айбат » Акыйкатчы Аманбаев а дегенде жаңылдыбы…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Акыйкатчы Аманбаев а дегенде жаңылдыбы…

Аманбаев БакытБашкы прокурор А. Салянова омбудсмен Б. Аманбаевдин Башкы прокуратурага карата айткан бардык айыптоолору анын өзүнүн жеке кызыкчылыгы жана бир тууган эжеси У. Аманбаеванын кызыкчылыгына байланышкан деп эсептейт. 17-апрелдеги парламент отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттары Акыйкатчынын жылдык маалыматын угуу маалында Бактыбек Аманбаев тарабынан Башкы прокуратуранын дарегине  көптөгөн дооматтар айтылган эле.

Өз дарегине айтылган мындай кароолорго карата Башкы прокурор А. Салянова депутаттарга мындайча жооп берди: “Бардыгында кемчиликтер бар. Бизде дагы андай кемчиликтер бар. Биз аны оңдоонун үстүнөн иштеп атабыз. Кечээ Акыйкатчы Аманбаевдин ар бир экинчи сөзү Башкы прокуратура тууралуу болуп атты. Бул абдан кызык. Мунун да себеби болушу керек. Аны мен билем. 2013-жылы биз Оштогу кургак учук ооруканасынын кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгодук. Тергөө жүрүп атат. Анын «фигуранттары» көп жана анын арасында сиздердин кесиптешиңер Аманбаева да (Урмант Аманбаева – ЖК депутаты, «Республика») бар. Омбудсмендин билдирүүсү бир гана өзүнүн жеке кызыкчылыгы менен байланыштуу. Ал өзүнүн саясый иликтөөлөрдү токтотуу кампаниясын эрте баштап алды. Мүмкүн иликтөө учурунда биз ага (Урмат Аманбаевага) жадакалса суроо да бербешибиз мүмкүн. Ошондой эле иштин жыйынтыгы боюнча мен сиздердин уруксатыңарды сурап келемби, же келбеймби бул да белгисиз», – дейт.

Айбат гезити №74



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru