Айбат » Жаштар өкмөтү садыр жапаровго 30 миң долларлык отчет берди, же баягы “сендвич”, суу…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жаштар өкмөтү садыр жапаровго 30 миң долларлык отчет берди, же баягы “сендвич”, суу…

1Садыр Жапаров элди дүргүтүп эле жатат, ана келем, мына келем деп, келбей койду. Биринчи жолу оппозициянын митинги 17-мартта болот деп, болгон жок, өзү да келген жок. Анан 30-мартка жылдырды, дагы жок. Акыры 10-апрелде оппозициянын митинги болуп өттү, бирок Садыр Жапаровдун көлөкөсү да көрүнбөдү. Жашыл фонго Кыргызстандын ар кайсы жерин монтаж кылып клип тарттырган Садыр, “артист” эле болду.

Бирок Жаштар өкмөтүнүн лидери Максат Кунакуновду, артынан колдоп, бир топ акчалай каржылап жаткан имиш (кеминде 30 миң доллар бериптир). Ал болсо кече 17-апрельде, Спорт сарайында “курултай” өткөздү. Барынан кызыгы, Спорт сарайын саат 17:00го алса, элди 15:00го чогултту дагы, “бийлик бизге тоскоолдук кылып атат” – деп, элди провокация кылды.

Баягы эле кур сөзүн сүйлөй берди эле, өзүнүн эле балдары аны төрагалыктан кетишин талап кылып, ордуна Дайырбек Орунбековду сунушташкандай. Чогулган элдин канчасы дагы эмгек биржасынан жалданып келгени белгисиз, айтор кээ бирлери:  “700 сом бермек, бербей жатышат” – деп жүрүштү.

Ал эми “сендвич” менен суу саткан компаниялар менен келишим түзүп алганбы, бүгүн дагы элге эски меню берди.

Айбат гезити №74



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru