Айбат » Го Шэнкунь: “Тышкы күчтөр «түстүү революциялардын» жаңы толкунун жаратууга аракет кылууда”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Го Шэнкунь: “Тышкы күчтөр «түстүү революциялардын» жаңы толкунун жаратууга аракет кылууда”

Го ШэнкуньШанхай кызматташтык уюму (ШКУ) регионалдык коопсуздуктун стабилизатору жана пайдубалы болуп калды деп билдирди Мамкеңештин мүчөсү, КЭР коомдук коопсуздук министри Го Шэнкунь ШКУга мүчө мамлекеттердин Душанбеде болгон коопсуздук Кеңешинин катчыларынын 9-жолугушуусунда.

«ШКУга мүчө мамлекеттер Уюмдун түзүлгөн учурунан тарта эле иш жүзүндө коопсуздук жаатында карым-катышта болуп келет. Коопсуздукка карата коркунучтарга жана чакырыктарга эффективдүү тиешелүү чараларды көрүп келишкендигинен улам региондордо жана бул мамлекеттерде стабилдүүлүк негизинен сакталып келет», – дейт ал.

Анын айтуусу боюнча учурда эл аралык жана регионалдык кырдаалда татаал жана терең өткөөл мезгил болуп турат. «Тышкы күчтөр социалдык-экономикалык карама-каршылыктарды жана көйгөйлөрдү бийликти кулатуу үчүн колдонуп жана айрым мамлекеттерде «түстүү революциялардын» жаңы толкунун жаратууга аракет кылууда, – деп билдирди Шенкун. – Бул көз карандысыздыкка жана мамлекеттердин коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат жана аны менен күрөшүү ШКУга мүчө мамлекеттердин жалпы камкордугу болушу керек».

Ал ШКУ мамлекеттери биригип ага каршы турууга биргелешкен чараларды көрүү керек деп эсептейт. Кытай министри мамлекеттердин ички иштерине сырткы күчтөрдүн киришүүсүн токтотуу үчүн карым-катышты күчөтүү керек экендигин баса белгиледи. Ал ошондой эле бейөкмөт уюмдардын жана социалдык түйүндөрдүн үстүнөн көзөмөлдөөнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. «Бул «Түстүү революциялардын» сценарийинин кайталанышына жол бербөө үчүн өз убагында аныктап, анализдеп жана жөнгө салып туруу үчүн жана региондордо тынтчтыкты жана стабилдүүлүктү бекемдөөгө керек», – деп кошумчалады ал.

Айбат гезити №74




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru