Айбат » Айылдыктардын мамлекет чече албай келген көйгөйлөрүн «Кумтөр» компаниясы чечип келет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Айылдыктардын мамлекет чече албай келген көйгөйлөрүн «Кумтөр» компаниясы чечип келет

ЭксковаторЭгемендик алган жылдардан кийин өлкөбүз өтө саясатташып кеткендиктен, айыл элинин социалдык көйгөйлөрү атка минерлердин көңүл сыртында калып келгени жашыруун эмес. Анын натыйжасында айыл жергелериндеги маданият үйлөрү, мектеп имараттары, спорттук аянтчалар жедеп эскилиги жетип, айрымдары керектен чыгып калганын жакшы билебиз. Анын бардыгына убагында жардам көрсөтүп, оңдоп-түзөп турганга мамлекетибиздин акыбалы чак келбей турат. Буга байланыштуу айылдык мектептердин, маданият үйлөрүнүн эмгек жамааттары өздөрү демөөрчүлөрдү издеп, тиешелүү жардам алганга аракет кылып келишет. Тилекке каршы, бизнес чөйрөсүндө жүргөндөрдүн бардыгы эле айылдыктардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө кол суна беришпейт. Ушул жааттан алганда «Кумтөр» компаниясына жардам сурап кайрылгандардын бир да жолу шаабы сууп, «жок» деген жоопту укпагандарын айтып коюшубуз керек. Аталган компания өзүнүн өндүрүштүк ишин баштагандан бери карай эле мамлекет бюджетине да олуттуу салым кошуп, андан сырткары айылдыктардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө өзгөчө салым кошуп келет. Өзгөчө жаш жеткинчектерге билим берүүгө, айыл элинин маданий эс алуучу жайларын жакшыртууга басым жасалат. Маселен, бул компания  кече жакында эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Садырбек Абдрахманов атындагы орто мектепке окуучулар үчүн эң керектүү эмеректерди алып берди. Бул мектеп 1967-жылы курулуп, анын ичиндеги парталар, стулдар да ошол жылдардан бери карай жаңырган эмес эле. Андыктан аларды канчалык жыл сайын жаңыртып сырдашпасын, баары бир эскилиги жетип калган. Буга байланыштуу мектеп директору Татьяна Дыптан «Кумтөр» компаниясына атайын кайрылган экен. «Биз «Кумтөр» компаниясына кайрылуу жасадык, алар бизге кечиктирбестен жооп беришип, 70 парта, 140 стул жана 8 такта (доска) бекер алып келип беришти» деп кубанганын жашырбайт мектеп директору. Бул эмеректерди «Кумтөр» компаниясы «Жети-Өгүз Чебер» ЖЧКсына заказ берип жасаткан. Анын директору Камбарбек Токтогоновдун айтымында «Кумтөр» 2001-жылдан бери карай атайын мектептер үчүн 2 миллион сомдон ашуун акча каражатына эмеректерди жасоо үчүн заказ берген. Демек, алтын кени жардам берген мындай мектептер ондоп саналат десек болот. Дагы бир мисал кече жакында эле «Кумтөр» Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылынын маданият үйүнө жалпы жонунан 814 миң сомдук жабдууларды жана эмеректерди алып бергени маалым болду. Эми өткөн жылы капиталдык оңдоодон өткөн маданият үйүндө заманбап музыкалык жабдуулар жана залдагы көрүүчүлөр үчүн 195 орундуу стулдар сатылып алынган. Эми айылдыктардын өздөрүнүн майрамдарды өткөрүүчү жайы бар. Мына ушундай айыл элинин социалдык маселелерин чечкен ишканалар дагы көп болсо, анда айыл жергелеринде көйгөйлөр азаят эле. Тилекке каршы, азырынча айыл элине колун сунуп, жардамын аябай келе жаткан жападан-жалгыз «Кумтөр» компаниясы болууда. Андыктан алтын кенинин ишине ийгилик каалап, өндүрүшү эч качан токтобошун тилеген мекендештерибиз арбын.

Айбат гезити №74




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru