Айбат » Акыйкатчы Аманбаевди жумуштан айдалган аппарат кызматкерлери сотко берип атышат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Акыйкатчы Аманбаевди жумуштан айдалган аппарат кызматкерлери сотко берип атышат

Аманбаев Бакыт16-апрелде Кыргызстандын башкы акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев өткөн жылга карата отчетун берди. Ал буга чейин бийликке да, оппозицияга да жан тартпастыгын айтты эле, бирок, андан көп өтпөй дароо 180 градуска бурулду. Б.Аманбаев оппозиция лидерлерине куугунтук көрүлүп жатканын саймедиреп, аларды колдоп өттү. Ошондой эле коомдук каналдын короосуна таш ыргытып: «КТРК менин ишимди чагылдырбайт, мага жумасына 20 мүнөт бөлдүрүп бергиле» деп опурулду. Ар ким эле эфир сураса бере бергидей КТРК сарай беле? Муну Бактыбек мырза эсине бекем түйүп алса дейбиз.

Ошондой эле Бакыт Аманбаев ээрге отурганда эле кыйшык отурганы байкалды. Ал аппаратка келе калып эле оңду-солду кадрларды жумуштан айдап, өз кишилерин алардын ордуна алганын айтпаган, жазбаган гезит калган жок. Адилетсиз жумуштан айдалгандар Аманбаевди сотко бергендери белгилүү болду. Эми Аманбаев соттон-сотко сүйрөлүшү күтүлүүдө.

Айбат гезити №74




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru