Айбат » Таза шайлоо – туруктуу өнүгүүгө өбөлгө болот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Таза шайлоо – туруктуу өнүгүүгө өбөлгө болот

шайлоо

Эгемендүүлүккө ээ болгон Кыргызстанда башынан тарта эле: «Таза шайлоо өткөрөбүз» деген  менен тилекке каршы иш жүзүндө ар дайым элдин добушу уурдалып келген. 1990-жылдардын башында кыргыз элинде таза шайлоолордун болушуна кадимкидей ишеним бар болуп келсе, 1990-жылдардын орто ченинен тарта эле элдин ал үмүтү уурдалып, түпсүз туңгуюкка түшүп кеткендей болгон. Буга Акаев менен Бакиевдин доорундагы болуп өткөн парламенттик жана президенттик шайлоолор айкын күбө. Маселен, туңгуч ажо Аскар Акаев Кыргызстанды баш-аягы 15 жылга чукул башкарган. Бирок, ошого карабастан ал ар дайым: «Мен эки гана мөөнөткө шайлангам» деген пикирин билдирип, элдин нааразычылыгын ойготкон. Биринчиден, эгерде ал эки гана мөөнөткө шайланса, эч качан 15 жыл бийликтин башында отура албайт эле. Анткени ал убакта Конституцияга ылайык президенттик кызматка бир талапкер эки жолу гана катарынан ат салыша алмак. Ал эми ар бир мөөнөтү беш жылдан болчу. Демек, эки гана мөөнөткө шайланган адам 10 жылдан ашык мамлекет башында турмак эмес.

Ал эми Бакиевдин бийлиги өзүнүн режимин дагы-да күчөтүү максатында парламенттик шайлоону да бурмалап, парламентке өзүнүн гана тилинен чыкпай турган партияны жасалма жол менен маарага биринчилерден болуп сууруп чыгып келгени эсибизде. Андыктан элибиз таза шайлоо өтөөрүнөн деги эле үмүттөрү үзүлүп калган эле. Анын негизинде түрдүү нааразычылыктар жаралып, натыйжада эки жолу революция болуп өттү. Демек, эми мындан ары мындай акыйкатсыздыкка, бурмаланган шайлоолорго жол берүүгө болбойт.
Дал ушул багытта бүгүн Кыргызстанды стабилдүү жана туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны өзүнүн ишин улантты. Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында таза шайлоо өтпөгөнү үчүн 2005-жылы да, 2010-жылы да элдин нааразычылыгы күчөп, революция жасалган. «Эгерде 2005-жылдын февраль айында таза шайлоо болгондо, 2005-жылдын март айындагы окуя болмок эмес. эгерде 2007-жылы таза шайлоо өткөндө 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя болмок эмес» дейт ал. Андыктан дагы-да элдин нааразычылыгын ойготпоо үчүн биринчи кезекте таза шайлоо өткөрүү керек экендигине мамлекет башчысы катуу басым жасады. Жыйындын жүрүшүндө сөз алган БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов учурда өлкөбүздөгү негизги шайлоочулардын тизмеси 90 пайыздан ашуун такталып калганын билдирди. «Мурда шайлоочулардын тизмесине жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын жетекчисине баш ийген системалык администратор жооп берчү, азыр ал үчүн БШК жооп берет. Ар бир райондо тизме менен иштеген БШКнын өкүлү бар», – деп билдирди Туйгуналы Абдраимов. Андан сырткары ал шайлоо өткөрүүдө жаңы технологиянын жардамы менен жаңы моделдин боло тургандыгын билдирди.

Анын айтымында жаңы модельдин курамында шайлоо участкасында видеокамеранын орнотулушу, компьютерлер жана автоматтуу түрдө урналарды санай турган техника болот. «Бардык шайлоо процесси өзүнө беш стадияны камтыйт – шайлоочу участокко келет, анын колунун салаасынан атайын белги (отпечатка) алышат, ID-карта атайын текшерилет. Андан кийин ал бюллетень алат дагы добушун берет. Шайлоо бүткөндөн кийин автоматтуу түрдө протокол берилет жана ага бардык мүчөлөр кол коёт» дейт БШК төрагасы. Мындай жаңы модель кечээ жакында Токтогул шаарында болуп өткөн шайлоодо колдонулганын да эскертип өттү. Кыргызстанда таза шайлоонун болушу, өлкөбүздүн эртеңки келечеги үчүн өтө маанилүү экендигин Улуттук кеңештин бардык мүчөлөрү билдирди. Маселен, Жогорку Кеңештеги «КСДП» фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков «Эгерде өлкөдө таза шайлоо болуп, эл ага ыраазы болсо, анда Кыргызстанда стабилдүүлүк болот» деп эсептейт. Анын айтымында шайлоолор «бир шайлоочу – бир добуш» принциби боюнча жасалышы керек. Ырасында эле мындай принцип менен иш алып барбасак. мурдагы шайлоолордо бир эле шайлоочу бир нече адамдын атынан кирип добуш берген фактылар көп эле катталганын билебиз.

Улуттук кеңештин бул жолку жыйынында таза шайлоо маселеси тууралуу кеңири талкуулар болду. Бирок мамлекет башчысы таза шайлоону өткөрүү боюнча конкреттүү маалыматтар жок экендигин баса белгилеп, өкмөткө жана шайлоо системасын жакшыртуу боюнча жумушчу тобуна бардык маселелерди тактоого дагы бир жума убакыт берди. Ошондой эле жаңыдан куралган өкмөттүн ишмердүүлүгүнө 2015-жылы боло турган шайлоонун кандай өткөнүнө жараша баа берилерин баса белгиледи. Муну менен мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев таза шайлоо өткөрүп, стабилдүүлүктү бекемдеп, мамлекеттин өнүгүшүнө карай ишенимдүү кадам шилтөө керек экендигине көбүрөөк басым жасап жатканын байкоого болот.

Айбат гезити №74



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru