Айбат » Кожобек Рыспаев: “Мурунку бийликтегилердин таза эмес шайлоолорунун кесепетин көргөнбүз”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Кожобек Рыспаев: “Мурунку бийликтегилердин таза эмес шайлоолорунун кесепетин көргөнбүз”

Рыспаев Кожобек- Кожобек мырза, кечээ мамлекеттик резиденцияда Кыргызстанды стабилдүү жана туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги отурумунда мамлекет башчысы таза шайлоо өткөрүү бул өтө олуттуу маселе экендигин баса белгилеп айтты. Сиздин оюңуз кандай?

– Албетте, абдан туура айтылган пикир. Шайлоолор таза өтүшү керек. Болбосо, мурдагы бийликтердин учурунда шайлоолордун таза өтпөгөнүнөн улам кандай нааразычылыктар болуп келгенин, алардын натыйжасы кандай болгонун жакшы билебиз. Андыктан эми шайлоону таза өткөрүүнү сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө көрсөтүшүбүз керек.

- Мамлекет башчысы шайлоону таза өткөрүү милдети өкмөттүн мойнунда экендигин белгилеп, 2015-жылда боло турган парламенттик шайлоонун жыйынтыгына жараша өкмөттүн ишине баа бериле тургандыгын билдирди. Буга кошуласызбы?

- Аткаруу бийлиги болгондон кийин бардык маселелер биринчи кезекте өкмөттөн суралат. Башка кимден сурай алабыз? Андыктан эми кечээки жыйында өкмөткө карата айтылган ар кандай пикирлерден алар бир жыйынтык чыгарып, алдыдагы шайлоону таза өткөрүүгө катуу киришүүлөрү керек деп эсептейм.

Айбат гезити №74



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru