Айбат » Марс Сариев: «Президенттин шайлоочулардын тизмеси биометрикалык жол менен жасалыш керек дегенине да кошулам»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Марс Сариев: «Президенттин шайлоочулардын тизмеси биометрикалык жол менен жасалыш керек дегенине да кошулам»

Сариев Марс- Марс мырза, кечээ Кыргызстанды стабилдүү жана туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйынында президент Алмазбек Атамбаев таза шайлоо өткөрүү өтө олуттуу маселе экендигин айтып өттү. Сиздин пикириңиз кандай?

– Кошулам. Себеби, эл таза эмес, акыйкат өтпөгөн шайлоолордон жадады. Шайлоонун таза өтө турганына да ишеним артпай калышты. Андыктан шайлоону таза өткөрүү биринчиден элдин бийликке болгон ишенимин кайтарат. Экинчиден, бийликке, парламентке эл ишенимине толук кандуу ээ боло алган адамдар келет. Ошондой эле президенттин шайлоочулардын тизмесин биометрикалык жол менен жасаш керек дегенине да кошулам.

- Мамлекет башчысы шайлоону таза өткөрүү милдети өкмөттүн мойнунда экендигин белгилеп, 2015-жылда боло турган парламенттик шайлоонун жыйынтыгына жараша өкмөттүн ишине баа бериле тургандыгын билдирди. Буга кандай карайсыз?

– Албетте, биринчиден бул өкмөттүн жумушу. Аны президент кайра-кайра баса белгилеп айткандай болду. Мамлекет башчысы өзү чындап киришип айткандан кийин эми аны өкмөт дагы толугу менен ишке ашырат деп ойлойм.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №74



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru