Айбат » Химиялык дарылануудан улам Түлеевдин ден соолугу кескин начарлап кетти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Химиялык дарылануудан улам Түлеевдин ден соолугу кескин начарлап кетти

Нариман Тулеев

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеев интенсивдүү химиялык дарылануудан улам ден соолугу начарлап кетти. Бул тууралуу Улуттук онкология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн бөлүм башчысы Турусбек Абдылдаев “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, мындан бир канча күн мурун Түлеевди карап аткан дарыгерлер жана онкология борборунун адистери менен кеңири жыйын болгон. Аны Улуттук госпиталдан онкология борборуна которуу чечими кабыл алынган.

“Нариман Түлеевдин мурун көңдөйү жабыркаган. Анын диагнозу “плазмацетома”. 2009-жылы ал гайморит менен ооруганда олуттуу оору бар экени шек жараткан. Москвадагы Герцен атындагы илим-изилдөө онкологиялык борборунда ага операция жасалган. Ошондо шишик бар экени аныкталган”,- дейт ал.

Азыр консилиумдун чечими менен оорулууга узак мөөнөттүү химиялык дарылоо белгиленген, бирок анын дарыланууга карата бир катар терс реакциялары байкалууда.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru