Айбат » Бейшенбек Ишенов: “Кыргызстан бажы биримдигине кирсе утат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бейшенбек Ишенов: “Кыргызстан бажы биримдигине кирсе утат”

Ишенов БейшенбекАкыркы күндөрү элдин арасында “Кыргызстан бажы биримдигине кирсе экономикабыз кандай абалга туш болот” деген талаш кеңири талкууда болуп жатат. Биз бул суроого  Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин Экономика жана финансы институтунун “Экономикалык анализ” кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор Бейшенбек Ишенов агайыбызды маекке тарттык.

- Бейшенбек агай Кыргызстан бажы биримдигине кирсе биздин экономикабыз кандай абалда болот?

– Бажы биримдигине биз коркпой эле киришибиз керек, бирок кирээрдин алдында кыргыздын макалында “Жети өлчөп бир кес” дегендей анын ачуусун жана таттуусун эске алуубуз керек.  Биз реалдуу  экономиканын келечегин жана анын принциптерин ойлобой, саясатты сүйлөп жатабыз.  Өндүргөн товарың жок болсо көп сүйлөгөндөн натыйжа чыкпайт. Биз өндүргөн товарды эл аралык рынокто сатууга даяр кылып, экономикабызды көтөрүп алып анан саясат кылсак жакшы болмок. Бирок, чындыгында экономикалык ааламдашуу процесси кайсы өлкө менен стратегиялык биримдикте болууну чечүү керектигин аныктоочу мезгил келип жетти деп ойлойм. Азыркы түзүлгөн кырдаал буларды аткарууга кыйла оорчулуктарды жаратпай койбойт. Кыргызстандын келечеги кошуна эле эмес, тарыхый экономикалык жактан Россия, Казакстан, Белоруссия менен байланышкан, алар менен бир экономикалык мейкиндикте иш алып баруу зарыл. Бул жагынан президенттин саясаты туура деп эсептейм.

- Эгерде,  биз Бажы биримдигине кирсек  Дордой, Мадина, Кара-Суу базарларында иштеп жаткан , жүз миңдеген кишилер жумушсуз калбайбы? 

– Кошулганда биз айтышыбыз керек. Бизге преференция (жеңилдик) бергиле, бизди эки президентибиз союз мезгилинде түзүлгөн өндүрүш байлыктарын тоноп качып кеткен. Биринчи өзүбүздүн жерибизге завод, фабрика курганга жардам бергиле  деп.  Анан ошондон  товар чыгарсак, бажы алкагында иштөөгө шарт түзүлөт. Бизде өндүрүлгөн товарды Казакстанга, Россияга, Белоруссияга жана андан башка мамлекетке экспорттоп, натыйжасында  биздин экономикабызда өнүгүү болот жана жумушсуз жарандарыбызды жумуш орду менен камсыз кылат элек. Бажы биримдигине кирүүдөгү кыйынчылыктар (убактылуу). эгер кирбей эле Кыргызстандын  аймагында  жалаң эле Дордой, Мадина, Кара-Сууга окшогон базарларды кура берсек мамлекеттин экономикасынын коопсуздугу күч ала бериши ачуу чындык.

Биз качанкыга чейин кошуна өлкөлөргө (өзгөчө Кытайга) чийки сырьёлорду арзанга сатып, андан иштелип чыккан даяр товарды эң кымбат баага сатып ала беребиз. Эгемендикти алгандан бери Кыргызстан Кытайдын экономикасына ири суммадагы (миллиарддаган доллар) инвестиция кылып жатканыбызды эч ким тана албайт. Жеген тамак-ашыбыз, кийген кийимибиздин жана миң-түркүн жашоого керектүү товарлардын 80-90 Кытайдан импорт катары келип жатат. миллиарддаган товарлар жогоруда аталган үч чоң базар аркылуу сатылат жана реэкспортко жөнөтүлөт (Россия, Казакстан ж.б.). Үч базарда иштеген биздин жарандар элибиздин 1 миллионго жакын адамын багып жатканы мактоого татыктуу. Бирок, калган 4,5 миллион калкыбыз өз жашоосун кантип байытып, келечегин камсыз кылышы керек?  Сиз айткандай базарда туруктуу түйүнү (контейнерлери) бар ишкерлердин жашоо деңгээли калкыбыздын көпчүлүк бөлүгүнө салыштырмалуу бир топ эле жогору десем жаңылбайм. Алар бери болду дегенде эле элибиздин  орто байлар катмарына киришет. Бул жакшы. Арийне, байыйбыз деп эле базарларды сала берүү чоң жаңылыштык. Эгин айдай турган жерлерди базар курууга бөлүп бере берсек (өлкөбүздүн жалпы аянтынын 7 гана пайызы айдоого ылайыктуу экенин эске алганда) анда жакынкы мезгилде эле мамлекетибизде азык-түлүк коопсуздугу пайда болоору шексиз. Азыр деле биздин аш-казаныбыздын 80-90 “импорт” менен тойгузуп жатабыз. Кумтөрдүн алтынын эки президентти кошкондо калкыбыздын 5-10 пайызы “жешет”, а бирок нан менен 5,5 миллион элибиздин бири калбай тамактанат. Ошондуктан Алмазбек Атамбаевдин  айыл чарбасын приоритеттүү тармак катары карап 5 жылдык өнүгүү стратегиясына киргизгени бизди кубандырбай жана үмүттөндүрбөй койбойт. Кудайга шүгүр, жерибиздин үстүндөгү, астындагы байлыгы даяр, иштелип чыгып товар катары сатууга толук шарт түзө алат. Элет жерине инвестицияны натыйжалуу пайдалансак, ал бажы биримдигине кирүүдөгү ( бөлөк тармак менен кошо) кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө олуттуу жардам берет деп ишенем. Ошол эле 1,5 млрд калкы бар Кытай өлкөсүнө биз экологиялык таза азык-түлүк товарларын сатсак  өлкөбүз жана ишкерлер туруктуу пайда көрөөрү таза чындык.

Президентибиз экономиканы көтөрүп, элибиздин жыргалчылыгын көздөгөн максатын, айылдагы дыйкандан баштап окумуштуу академиктердин да колдогону азыркы мезгилдин талабы!

Кийинки саныбызда элет экономикасы кантип инвестиция тартуу жөнүндө болмокчу

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №74



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru