Айбат » «Аш жеп алып» деле, кайра таш көтөрүп чуркаган «Чыңгызхандын шакиртине» ыйман берсин…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Аш жеп алып» деле, кайра таш көтөрүп чуркаган «Чыңгызхандын шакиртине» ыйман берсин…

Ташиев КамчыбекКадимки Камчыбек Ташиевдин туулуп-өскөн жери Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Түштүк-түндүк альтернативалык жолду куруу долбоорунун негизинде жолду кеңейтүү иштери башталды. Тактап айтканда Сузак районунун Таран-Базар айылынын жанынан курулуп баштаган жол туннелге чейин жетет. Бул туурасында Жалал-Абад облусу боюнча өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн регионалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаев расмий билдирди. Бүгүнкү күндө бул жолдун курулушу үчүн 30 даана техника тартылган. Иш кызуу жүрүп атат. Кыргыз элинде жол салуу менен көпүрө куруу бул өтө чоң соопчулук иш экендиги айтылып келет. Адам баласына ыроолой турган ырыскынын бардыгы ошол жол аркылуу келгендиктен, эзелтеден ата-бабаларыбыз жолду кастарлап, ар дайым таза кармап келишкен. Бирок, эске сала кетсек, 2012-жылдын аяк ченинен тарта 2013-жылдын орто ченине чейин «Чыңгызхандын» шакиртинин тарапташтары, туугандары жана айылдаштары дал ушул ырыскы жүгүрүп турган Ош-Бишкек жолун жумалап тозуп турушканын эстен чыгара элекпиз. «17 бала менен эле бийликти басып ала коёбуз» деп кыйкырып Ак үйгө жулунганы үчүн камакка алынган Камчыбек Ташиевди догурунуп «бийликтин туткунуна» айландырышып, узак жолдо товар ташыган, азык-түлүк ташыган, же жөн эле жумуштары бара жаткан жүргүнчүлөрдү жумалап жолдон өткөрбөй отурган энелер менен жаш балдардын карааны дагы деле элибиздин эсинде. Мына ошол жолду тоскону чыккандардын басымдуу бөлүгү дал ушул Сузак районунун тургундары эле. Камчыбек акебиздин эптеп бийликти күчкө салып басып алууну көздөгөнүнө карабай, анын өз туугандарын, айылдаштарын алып чыгып жол тоздурганына карабай бийлик түндүк менен түштүктү бириктирген альтернативалык жолдун курулушун дал ушул Сузак районунан баштаганы эле бийликтин айкөлдүгүн көрсөтүп турган жокпу? Же «таш менен урганды аш менен ур» принциби болуп жатабы деген да суроо туулат. Бирок, бийлик дегенде ак эткенден так эткен Камчыкебиз «ашты жеп алып» деле кайра таш ыргыта берээр адаты бар экенин билчү элек. Эми өзүнүн тарапташтарын экиге бөлүп алып, бирин учурдагы жолду, экинчи тарабын жаңы курулуп аткан жолду тоздуруп эле жүрбөсө болду…

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №74




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru