Айбат » УОК мүчөсү Самсаалы Четимбаев бизнесменге неге «террор» жасап атат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » УОК мүчөсү Самсаалы Четимбаев бизнесменге неге «террор» жасап атат?

Четимбаев СамсаалыМурдагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары, «Кыргыз нефтегаз» ААКсынын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы, учурда Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, «бульдозер» Азимбек Бекназаровдун «сүймөнчүгү» Самсаалы Четимбаев бир жылга жакын убакыттан бери өзүнүн кошунасы, Бишкек шаарындагы белгилүү «Аль-Салам» басмаканасынын ээсинин бизнесин банкротко туштуктуруу үчүн түн уйкусунан кечип жүргөн маалы экен. Анда эмесе кеп башынан болсун.

1997-жылы Сергей Лисунов Бишкек шаарынын Симферепольская көчөсүнүн 85-номурунан үй-бүлөлүк бизнес жүргүзүү үчүн имарат сатып алып, ал жерге өтө чоң эмес басмакана ачкан. Бул басмакана бүгүнкү күндө түрдүү түстөгү журналдарды басып чыгарып келерин жакшы билебиз. Жабдуулар коюлуп жатканда эле, станоктордун үнү эч кимге жолтоолук жаратпашы үчүн үнү кошуналарга угулбай тургандай болуп жайгаштырылган. Андыктан 1997-жылдан тарта 2010-жылга чейин бир дагы кошунадан «басмакана түн уйкумду бузуп атат» деген доомат айтылган эмес эле. Кошуналардын бардыгы бири-бирине сый-урмат менен мамиле жасап, эч кандай коркутуп-үркүтүүлөр, бири-бирине жаман сөз айтуулар болгон эмес. 2010-жылы басмаканага кошуна жайгашкан үй сатылып, аны биздин макаланын башкы каарманы, учурда оппозициялык «ыр» ырдап  жүргөн Самсаалы Четимбаев сатып алат. Үйдү сатып алгандан кийин туура үч жылга чейин Самсаалы мырза деле бул басмаканага эч кандай доомат койбостон, жакшы мамиледе эле жашап келет. Бирок, күтүүсүздөн эле өткөн жылы ал басмаканага түрдүү дооматтарды артып, түн уйкумду бузуп жатат дей баштайт. Бир нече ай катары менен бардык мүмкүн болгон инстанцияларга арыз менен кайрылып, Лисуновго жана анын бизнесине тез арада чара көргүлө деп талап кылат. Анын биринчи арызы Ленин райондук ИИБсына жана прокуратурасына барып түшөт. Баарынан кызыгы Самсаалы мырза аларга кайрылган арызында Лисуновду кылмыш жоопкерчилигине тарткыла деген талабы болгон. Милиция кызматкерлери басмаканага келип, эч кандай криминалдык жагдайды көрүшкөн эмес. Райондук милициядан үмүтү үзүлгөн Четимбаев андан кийин ИИМге, Башкы прокуратурага, мэрияга, Бишкек шаардык кеңешине жана Ленин райондук сотуна кайрылган. Мына ушулардын бардыгына кайрылган катында ал президенттин атына кайрылып жазган экен. Ошентип бир эле учурда бир нече жерге арыз жазылгандыктан, Лисуновдун басмаканасына келген текшерүүчүлөр кезекке туруп калышкан. Алар кезектешип текшеришсе дагы, бир дагы мыйзам бузууну табышкан эмес. Самсаалы мырзанын көкшүүнү биротоло суусун үчүн Лисунов өзү санэпидемстанцияны чакырып, басмакананын станокторунун шумун жана вибраициясын текшерткен. Жыйынтыгында бардыгы өз нормасында болуп чыккан. Ошондой эле процедураны Четимбаевдин үйүнөн да жасашкан. Анда дагы эч кандай жолтоолук жараткан шумду аныкташкан эмес. Мына ушундай бир жылга созулган текшерүүлөрдөн кийин Лисунов эми бизнесимди тынчыраак жүргүзөм го деп турганда, анын телефонунан Четимбаевдин түнкү билдирүүлөрү келе баштаган. Тилекке каршы анын жазган билдирүүлөрүн (сообщения) толугу менен жарыя кылганга мүмкүн эмес. Анткени анда сөгүнгөн-сагынган да сөздөр бар. Айтор, анын жазган билдирүүлөрүн маданиятташтырып кыскартканда «уйку бер» дегенди түшүндүрөт. Аргасы кеткен «Аль-Саламдын» ээси Четимбаевдин түн уйкусу абдан тынч болушу үчүн дагы бир нече миң доллар жумшап, дагы бир үндү жок кылуучу (звукоизоляция) жабдууну жайгаштырат. Мурда деле станоктордун үнү эч кимге тоскоолдук жаратпай турганы аныкталган болсо, ага кошумча дагы үндү жок кылуучу аппарат орнотулса, демек эми эч кандай чыр-чатак болбошу керек эле. Тилекке каршы, бардыгы ушул учурдан баштап мыйзамсыз жол менен өнүккөн. Тактап айтканда үстүбүздөгү жылдын 27-синен 28-мартка караган түнү саат 12лерде басмакананын жанында жайгашкан Лисуновдун үйүнө кыркка чукул адам келип, «Биз сенин үйүңдү өрттөйбүз», «Өзүбүз соттойбуз» деген кыйкырыктарды салышып, анын дарбазасына чабуул жасашкан. Түн уйкусунан чоочуп ойгонушкан үй-бүлө шашылыш милиция чакырышкан. Ал жерде жашаган коңшулары да Лисуновдордун үй-бүлөсүнө жан тартып турушту. Милиция кызматкерлери келгенден кийин дагы ызы-чуу салган топ жарым сааттан ашык кыйкырып турушкан. Ошондо укук коргоо органынын кызматкерлери Лисуновдон басмакана убактылуу иштебейт деп билдирип коюусун өтүнүшкөн. Аргасы кеткен Лисунов үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн басмакана таңкы саат 6га чейин иштебейт деп билдиргенден кийин гана жоон топ адамдар таркап кеткен. Бирок, Четимбаев кетип баратып, «Сенин бизнесиңди баары бир токтотом» деп айтып кеткен экен. Мына ушундай окуялардан кийин ишкана өтө көп чыгымдарды тартып жатканы маалым болду. «Азыр биздин ишкана өтө чоң чыгым тартып жатат. Бизде 30дун тегерегинде адам иштейт. Эми алар жумушун жоготуу коркунучунда турат. Мен болсо эл аралык уюмдардан алган кредиттерди кайтарып бере албай калуу коркунучунда турам» дейт бизнесмен. «Аль-Салам» басмаканасынын түзүүчүлөрү Лисуновдон тышкары АКШ жана Швецариядан келген инвесторлор экендигин белгилейт Лисунов. Ал инвесторлор бул окуядан улам катуу нааразы болуп турушат. Мына ушул окуядан кийин Самсаалы мырзанын көздөгөнү эмне экендигин түшүнүү кыйын. Же, Улуттук оппозициялык кыймылга киргендердин бардыгы эле Кыргызстандан инвесторлорду качыруу менен алектенип калышканбы деген суроо туулат. Же, Лисуновду коркутуу жолу менен анын бизнесин тартып алууну көздөп турабы? Ушундай баскынчылык жол менен максатына жетүү ою бар болсо, анда мындай оппозиционерлерге деги ишенүүгө болобу?

P.S. Макала Vb.kg сайтында жарык көргөн “Один из лидеров оппозиции “терроризирует” бизнесмена” аталыштагы макаладагы аргументтердин негизинде даярдалды

Айбат гезити №74



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru