Айбат » Америка бейөкмөт уюмдар аркылуу дүйнөнү башкарат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Америка бейөкмөт уюмдар аркылуу дүйнөнү башкарат

Домрин АлександрБелгилүү эксперт, юридика илимдеринин доктору Александр Домрин акыркы 20 жылдын ичинде америкалык студенттерге америкалык жана эл аралык укук боюнча АКШнын 10 университетинде сабак берип, Кошмо Штаттарынын саясаты кандайча жүргүзүлгөнүн эң жакшы билет. Ошондуктан аны менен болгон АКШ тууралуу маек кызыктуу болду деп эсептейбиз.

- Александр Николаевич, бизге бейөкмөт уюмдар акчага эч азгырылбаган, “тынчтык жана прогресстин” даңазаланышына гана өз эмгегин арнаган уюмдар экенин көп убактан бери кулагыбызга сиңирип келишет. Чынында абал кандай?

– Мен бул маселе менен узак убакыттан бери тыкыз алектенип келгем. Абдан кызыктуу иликтөө бар. Аны Россиядан биз, же Песков менен Путин жасаган эмес. Бул иликтөө 2002-жылы Вашингтондогу Джон Хопкинстин университетинде жасалган (мен да ал жакта лекция окугам). Алардын иликтөөсүнө ылайык, бейөкмөт уюмдар 37 мамлекетте жалпы бюджети 1,6 трлн долларды түзөт экен. Дүйнөдө ал убакта бюджети бул сандан ашыгыраак төрт гана өлкө бар болчу. Эгерде биз НКО жана НПОлорду мамлекет деп эсептесек, бул экономикасы боюнча дүйнөдөгү бешинчи өлкө болмок экен.

Мен Америкада акыркы 20 жылда сабак берип жүрсөм да, бирок Россияда дагы иштейм да. Менин тааныштарымдын бири 20 жылдан бери негизинен АКШдан каржыланган билим берүүчү программанын жетекчиси болуп саналат. Ал, мисалы, өзүнүн батири үчүн эмеректи Италиядан сатып алат. Билим берүүчү программаларга алынып жаткан гранттарга. “Административдик чыгашаларга” эле ушунча акча кетип атса, башкаларына канча акча берилерин элестетип атам. Эксперттердин эсептөөсүндө, биздин жашоону негизинен 300 эл аралык өкмөттөр аралык бирикмелер, 60 трансулуттук корпорациялар жана 40 миң эл аралык НПО аныктайт экен. Бул өтө ири күч.

- Анын таасирин биз бүгүн Киев жана Украинадан көрүп жатабыз?

– Эч кандай сыр катпастан, биздин америкалык шериктердин айтканын баамдасак, алар акыркы жылдары Украинадагы бейөкмөт уюмдарга 5 млрд доллар которушканын айтышууда, суроо туулат: бул акчаны алар иттерди багуучу жайларга беришкен жок да? Алар бул акчаны мындайча айтканда, жарандык коомго которушкан. Ал эми жарандык коом деген термин бүгүн Россияда да, Украинада да мамлекетти кыйратуунун синоними катары колдонулат. Мурда, Грэм Гриндин классикалык романдарынын убагында төңкөрүштөр ЦРУнун агенттери тарабынан жасалчу…

- Ооба, эсимде, романдарынын бири “Гаванадагы биздин адам” деп аталчу.

– Бүгүн башкача жол менен барышат. “Гаванадагы биздин адамдарды” кооптуу жагдайга салып не? Андан көрө бейөкмөт уюмдарга акча жиберип, башка адамдарды колдонгон жакшы эмеспи? Жергиликтүү гавандыктарга, ал эми алар болсо биз үчүн, американецтерге майдандарды уюштуруп беришет.

- Ооба, биз үчүн, бирок аме-риканецтер үчүн уюштуруп беришет, чынбы?

– Албетте. Сөз ушул тууралуу болуп атат. Мен муну узак убакыттан бери байкап жүрөм. 2004-жылы таасирдүү америкалык басылмалардын биринде Россиядагы бейөкмөт уюмдардын чет элдик каржылоосу жарандык коомдун жана демократиянын өнүгүүсүнө эч кандай тиешеси жок деген макаламды басып чыгаргам. Ошол эле күнү, бул макала чыккандан кийин мени “Евразия” фондунун вице-президенти телефон аркылуу таап, канчалык мен бул жерде жаңылышып жатканымды айтып өттү. Ошондо мен “демек, дал өзүн айтыптырмын” деп ойлоп койгом.

Узак убакыттан бери ЦРУ НКО менен НПОлорду колдоп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Россияда бул тууралуу акыркы жылдарда гана жаза башташты. Ал эми дүйнөдө эбактан бери эле НПОлордун кризисин белгилеп жатышат. Кайдан акча келип атат, кимге – түшүнүксүз. Бул бейөкмөт уюмдардын жетекчилиги жөнүндө эмнени билебиз? Кайдан пайда болушат, акчаны кайдан алып атышат, аны эмнеге коротушат – эч нерсе билбейбиз.

Чынында мен “жарандык коом” деген терминге абдан чоң урмат менен мамиле кылам. Бирок булар көп учурда мамлекет үчүн каршы курал катары колдонулат. Чет элдик каржылоодон көз карандысыз да жарандык коом бар. Анан ушул таза, адилеттүү адамдар Госдеп каржылаган гапондор тарабынан кой сыяктуу колдонулуп кеткенде зээним кейийт.

- Мунун баары бейөкмөт уюмдарга кетип жатпайбы!

– Бейөкмөт уюм деген аталыш абдан кызык. Жүз пайыз өкмөт менен каржыланса бир жөн, башка жагынан силер өкмөткө кирбейсиңер. Ал эми силер башка мамлекеттин өкмөтү тарабынан менин өлкөмдүн өкмөтүнө каршы 100 пайызга каржыланып атсаңар, силер эки эсе өкмөттүк эмес, өкмөткө каршы болосуңар.

- Биз билгендей, каржылык агымдардын жолуна тосмо коюлса, жаңы маршруттар ойлонуп табылат эмеспи…

– Албетте. Ал эми мен Америкада студенттерге ушул көптөгөн миллирддаган которуулар тууралуу айтып бергенимде, ал эми Америкада билим алуу абдан кымбат, юридикалык билим эки эсе кымбат. Менин студентим юрфакты бүтүрүп, банкка 100 миң долларга жакын акча карыз болуп калганы турган иш. Аларга бул расмий гана цифра, чынында канча экенин эч качан биле албайт болушубуз керек, силердин Госдеп биздин грант жегичтерге ошол эле “Россиядагы демократия жөнүндө” мыйзамына ылайык жылына 50 млн доллар берип турат деп айтам. Ошол эле убакта эл бул грант жегичтерди шайлабайт, аларды жек көрөт, шайлоо убагында эң жөнөкөй чектен өтө алышпайт. Бул студенттер үчүн ачылыш.

2007-жылы Майкл Макфол менен акыркы жолу жекеме-жеке жолугуштум. Аны менен 1995-жылдан бери таанышмын, ал Москвада иштеген да, мени Жаңы Орлеандагы конференцияга чакырышты. Конференция НКО, НПО, жарандык коомго арналган эле. Мен сүйлөп жатсам, Майк кирип келип, менин сындаганым үчүн, мени сындай баштады. Анын суроолорунун бири: «Сенде биздин бул 50 млн долларды конкреттүү кимге бергенибиз боюнча маалыматың барбы?” Эми мен ФСБ же КГБ эмесмин да. Мен юристмин. Мен үчүн силер бул механизмди түзгөнүңөр маанилүү. Түздүңөр да? Чынбы? Ооба, биз аны түздүк. Ал эми аны кимге берип атасыңар мен үчүн маанисиз, муну тиешелүү адамдар иликтесин. Бирок америкалык элчиликтин жанында чөөлөрдөй болуп топтошкон биздин грант жегичтер муну мойнуна алышпайт. Аларга бул тема чыккан абдан жакпайт. Анын үстүнө бир гана америкалык элчилик эмес.

- Британия, Голландия, Швеция, ошол эле Япония бар.

– Башка мамлекеттерди да унутпайлы. Сауд Аравиясы эмнеге акча берип атканын унутпайлы. Катар жана Эмираттар. Алар саясый эмес, билим берүүчү максатта берип жатабыз деп айтышат. Эң биринчи кезекте ваххабисттик максатта. Биз эмне, мунун баарына көз жумуп отура берелиби? Кандай “билим берүүчү” долбоорлор чет жактан каржыланып атат жана кандай максаттарды көздөп жатканын ойлонушубуз керек.

- Лукашенко муну алгачкы болуп жасаган. Ошондо абдан көп нааразы болгондор чыккан эле.

–  АКШ Белоруссияда кезектеги түстүү революцияны (“denim” – көк, жынсы революциясы) уюштурууга аракет кылышканда, мен Огайонун университетинде иштеп жаткам. Америкалыктар массалык толкундоолор жана каршылыктар болоруна ушунчалык ишенип алышкандыктан, гезиттин бири Минскинин көчөлөрүндөгү акциялар тууралуу жазып ийген. Бул маалымат басмага чыгып кеткенде, көрсө, акциялар болбоптур.

- Эл аралык рейтингдерге ылайык, Россияда демократия азайып, жылдан жылга жарандык коомдун абалы оорлоп баратыптыр?

– НКО жарандык коомдун өнүгүшүнө кызмат кылат деп бизге баары айтышат. Ошондо да Россияда Ельциндин убагындагы 1991-93-жылдары НКОлорду колдун манжасынан санап өтсө болот эле. Азыр болсо алар жүз миңдеп саналат. Ушулардын эле жарандык эркиндик жана жарандык коомунун рейтинг жасоочу агенттиктери уламдан улам “2” коюп келишет. Ал эми Ельцинге болсо «Фридом Хаус» «жакшы» деген бааны койгон. Парадокс эмеспи? Жок. Силер болгону «демократиялык, демократиялык эмес», «эркин, эркин эмес» деген терминдерди «проамерикалык, банан республикасы, эшиктин алдындагы бут сүргүч же андай эмес» дегендерге алмаштыргыла. Менин өлкөм Россия банан республикасы болуп калганда, баары жакшы эле. Горбачевду да, Ельцинди да колдошкон. Ельцин 20 жыл мурда Жогорку Кеңешти атып салган. Эң жакшы! АКШнын санкциясыз эч качан буга бармак эмес. Мен бул тууралуу да жазгам. Никсондун жардамчысы Моника Кроли өз китебинде жазгандай, Никсонду Госдепке Америка Жогорку Кеңеш менен президенттинтирешинде кандай кадамга барыш керек деген чогулушка чакырышкан. Варианттардын бири – америкалык куралдуу күчтөрдү Ельцинди колдоого жиберүү болгон. Никсон ыйлап ийе жаздаган. Анткени ал акылы ордунда болгон саясатчы эле.

- Мамлекет жана жарандык коом тандеминде ким кай жакта болушу керек? Кимдин орду кай жерде?

– Менин өзүм үчүн чыгарган башкы формулам, ал эми жарандык коом жөнүндө мен Россияда жана АКШда көп жазгам: «Россиядагы жарандык коомдун өнүгүшү россиялык мамлекеттүүлүктүн бекемделиши менен коштолушу керек». Мага Сибирдеги биздин окумуштуулардын позициясы абдан жакын, ал жазат: «жарандык коом – бул укугун билген гана эмес, улуттук намысты, өз Мекенин сүйгөн жарандардын коому». Ал эми азыр бизге таңуулап жаткандары жана жарандык коом деп атагандары – бул биздин россиялык мамлекеттин алсыздандыруусу, аласалдырып жок кылуу аракети, ачыктан-ачык русофобия.

Азыр биз Украинада эмнени көрүп атабыз? НКОнун “жумшак күчү” бир заматта согушка айланып кеткенин көрүп жатабыз.

Россияда акыркы жылдары болуп жаткан окуялар – жаңы мыйзам долбоорун кабыл алуу, АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигин кууп жиберүү, Улуттук демократиялык институттун, Эл аралык республикалык институттун офистерин жабуу мени абдан кубандырууда. Мени “кремлдин булбулу” деп атабагыла, бул тууралуу буга чейин эле айтып келгем. Бул, албетте, мурдатан болушу керек эле. Бирок азыр болуп жаткан процесстерге россиялык мамлекетке рахмат деп айтышыбыз керек.

“Комсомольская правда” гезитинен кыскартуулар менен которулду

Айбат гезити №74




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru