Айбат » Максатбек Токтомушев: “Алкымыбызды тыйсак, баары өз ордуна келет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин » Максатбек Токтомушев: “Алкымыбызды тыйсак, баары өз ордуна келет”

Токтомушев Максатбек- Ассаламу алайкум, маектешүүдөн мурун кыскача суроо узаткым келип турат, азыр дин үчүн кызмат кылуу эмес, жөн эле таза мусулман болуп жашоо оор болуп турган убакта, жалпы мусулмандардын жоопкердиги моюнуңузга жүктөлүп отурат, муфтий болуп шайлангандан бери өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

– Ва алайкум ассалам, бардык мактоолор Аллах Таалага, пайгамбарыбызга Салам-салаваттар болсун. Мен муфтийлик кызматка келгенге чейин эле, жөнөкөй мусулман катары өз жоопкерчилигимди сезип, динге кызмат кылып келгем. Анткени, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисинде: “Кимди мусулмандардын ал-абалы тынчсыздандырбаса, ал бизден эмес” деп айтат. Демек, Ислам үчүн, мусулмандар үчүн кызмат кылуу ар бир мусулмандын милдети. Мен да адамдарды чындыкка, тазалыкка, адептүүлүккө, илимге чакырып, аз болсо да мусулмандык милдетимди аткарып жүргөм. Ал эми, расмий муфтий болуп дайындалуум мен үчүн бир сыймык, же аброй катары сезилген жок. Тескерисинче, оор жүктү сездим. Мурда жеке адам катары моюнумдагы милдетимди аткарып жүрсөм, эми муфтий катары милдетимди аткаруум керек. Чындыгында, бул жеңил жумуш эмес. Кыяматта Аллахтын алдында элдин ыйманына, адебине, ынтымагына жооп берүү керек. Муфтий болуп дайындалган күндөн бери, мына ушул ой мени кыжаалат кылып келет. Албетте, мындай оор жүктү жалгыз алып кетүү кыйын, жалпы элдин, мусулмандардын жардамына муктажбыз.

- Кечиресиз, учурда кайсы бир деңгээлде диний лидерлердин кадыр-баркы төмөндөп кетти. Бул эч кимге жашыруун эмес. Мунун себеби эмнеде жана сиздин пикириңизде диний лидер кандай болуусу керек?

– Биринчи кезекте, диний лидердин сөзү да, кылган иши да Куран жана хадиске дал келиш керек. Экинчиден, диний лидер өз элинин диний абалын жакшы билүүсү керек. Алардын абалын билип, аны кантип жогору деңгээлге көтөрөм деген ой-пикир менен жашаш керек. Ар дайым эл менен бирге болуусу керек. Мына ушундай сыпаттар болбосо, андан кадыр-барк кетет.

- Муфтияттын, жеке эле муфтият эмес жалпы мусулмандардын көйгөйү болгон ажылык маселеси бар. Ажылыктын чыры Чубактын кунундай болуп бүтпөй келет. Ушул маселени чечүү боюнча кандай иш чараларды аткарып жатасыз?

– Абдан зарыл жана туура суроо узаттыңыз. Ажылык маселеси боюнча, бардык жерде, казылар менен, имамдар менен, эл менен болгон жолугушууларда бир сөздү айтып жатам, сизге да ушул сөздү айтайын: “Эгер мен алкымымды тыйсам, баары өз ордуна келет”. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бекеринен: “Ар бир үммөттүн азгырыгы болот, менин үммөттүмдүн азгырыгы – акча” деп айткан эмес экен. Ажы маселесин бир гана акча маселеси татаалдантып жүрөт. Бул нерсени кайра-кайра айтып жатабыз, бирок майнап жок. Эми биз сөздөн ишке өттүк. Учурда, эң негизи төрт маселе чечилип, ачыкка чыгып калды. Мейманкана, самолёт, ажы башчылык, анан квота бөлүштүрүү маселеси. Мына ушул төрт маселени чечүүдө Турция менен Малайзиянын тажрыйбасына басым жасап жатам. Анткени, ажылыкты бир таза системага түшүрүп койсок, биз бул кызматтан кеткенден кийин да, өлүп жок болуп кетсек деле система элге кызмат кыла берет. Турцияда он жылдык, Малайзияда он сегиз жылдык тизмелер ачык жазылып турат. Ажыга баруу үчүн жазылган адам, канча жылдан кийин өз кезеги келерин көрүп-билип турат. Ал жерде ажы башчылар эмес, ажыга баруучуларды сынак менен кабыл алат экен. Ушул адам ажы амалын толук аткара алабы, же жөн эле, эл дүрбөсө кошо дүрбөп жөнөп жатабы?

Илимине, тартибине, адебине баарына көңүл бурулган. Малайзиянын экономикасы мына ушул ажылык иш чара менен көтөрүлгөн. Бул ишти туура уюштурсаң, пайдасын, туура эмес уюштурсаң кесепетин көрөсүң. Мына ушундай иштерди эске алуу менен, иш чараны баштап жатабыз. Азыр, авиа каттам боюнча сынакты жарыяладык. 25-марттан, 5-апрелге чейин ачык сынак менен кабыл алабыз. Бизге келгендерине 1500 доллар дегениңер жарабайт, арзаныраагын сүйлөгүлө деп эскертип жатабыз. Биринчиден кызмат жакшы болсун, экинчиден арзан болсун. Эч кандай тааныш, акча маселеси болбосун. Менин Аллахка шүгүр өзүмө жете турган байлыгым, ишим, соодам бар. Мага башка акчанын кереги жок. “Алып кой, чөнтөгүңө салып кой” деген сөздөрдүн кереги жок деп эскертип жатам. Жакындарыма, дос-чарыма азыртадан айтып жатам: “Мага ажылык маселесинде жардам сурап келбегиле”.

Ал эми мейманкана маселесинде да бир жаңылык кирип жатат, Мадинада мурда 3 күн турушса, азыр 8 күн турууга макулдашып жатабыз. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисине ылайык, ыйык мечитте 40 убак намаз окуп калууга шарт түзүп жатабыз. Колунан келгендердин баарына мейманканалардын эң арзанын таап келгиле деп айтып жатабыз. Казыларга да, имамдарга да, уюмдарга да айттык. Ким арзанын таап келсе, ошого макулбуз. Мурдакыдай тааныш-тунуш кылмай жок. Болбосо, 3 600 адамдан бир доллардан алып калсам, 3 600 доллар, он доллардан алсам, 36 000 доллар алып калса болот. Бирок, Аллахтын алдында, элдин алдында таза болуу үчүн бул нерсеге жол бербешибиз керек. Мурда, Мадинада 3 күнгө 100 доллар төлөп келчүбүз, азыр 8 күнгө 150 долларга чыгып жатат. Мындан сырткары тамагын кошуп 170 долларга чыгып жатат. Туура, бир аз мечиттен алыс, бирок автобустарын даярдап беребиз деп жатат. Биз буга да макул деп айта элекпиз. Балким андан арзаны да табылып калуусу мүмкүн.

Анан, ажы башчылык боюнча, балким мурда ажы башчы болуп жүргөндөр мени жаман көрүп калышы мүмкүн. Бирок, реформа үчүн бул нерсеге барышыбыз керек. Убагында ар бир адамга 100 доллардан алышса да,  ыраазы болбой калышчу. Быйыл ажы башчыларга бир сом бербейли деп ойлоп турам. Бизде азыр эле, “бир тыйын албай, кызмат кылып келем, ажыга эле барып келсем болду” деген адамдардын тизмеси бар. Ошондой болсо да, өтө эле бышык болуп кетпей, үй-бүлөсүнө азык алып калтырып кеткендей, тиякта курбандык кылып, кыйналбай ичип-жеп келгендей 500 доллардын тегерегинде, акча берели. Бирок, мурдагы ажы башчылар эмес. Мен казыларга айтып жатам, айылдагы илим-билимдүү, материалдык жактан жетишпеген молдокелерди сунуштагыла. Ошолорду жиберсек, өмүр бою алардын дубасын алабыз. Мурдагы ажы башчыларга “силер эми болду кылгыла” деп айтышыбыз керек. Өзүбүздү туураласак, буйруса токсон пайыз иш туураланат деп үмүт кылып турам. Аллах буйруп, ажы маселесин таза өткөрүп алсак, муфтияттын аброю бир тепкичке көтөрүлүп калат деп ишенемин.

- Сөзүңүзгө аралжы, кийинки суроомдун жарым жообун алып калдым окшойт, ушул муфтияттын аброюн көтөрүү боюнча дагы кандай иш чараларды аткаруу керек, ушуга бир аз токтоло кетсеңиз?

– Муфтияттын ар бир кызматкери өз милдетин так аткаруусун талап кылып жатам. Жума сайын кызматкерлер менен кеңешме, ай сайын казылардын отчётун кабыл алабыз. Кызматкерлердин санын 20 адамга кыскарттык. Саны көп, сапаты жок болбой, сапаттуу иштейли. Ар бир бөлүм алдына план коюп иштесин. Ушунча мөөнөттө ушундай жетишкендикке жетебиз деген максат менен иштешибиз керек. Кадр маселесин көтөрүп жатабыз. Окуу бөлүмүн жетектөөгө сынак жарыяладык эле, 14 адамдан арыз түштү. Ушундай тандоо жолу менен кызматкерлерди алып, сапаттуу кызматкерлер менен муфтияттын ишин алга жылдырабыз деген ишеним бар.

- Акыркы суроом даават маселеси боюнча, учурда даават жолунда жүргөн адамдардын тазалыгы, кийими тууралуу ар түрдүү сын-пикирлер айтылып жатат. Бул жаатта кандай ой-пикирлериңиз бар?

– Даават маселеси боюнча эки маселе чечилип калды деп айтсак болот. Биринчиси, кийим боюнча. Туура, Пакистан, Бангладеш, Индияга барып келген бир туугандарыбыз, шейхтердин кийген кийимдерин көрүп ошондой кийинип жатышкандар бар. Мунун кыргыз маданиятына туура келбей жатканы да чындык. Ошондуктан, биздин өзүбүздүн эле ата-бабаларыбыз кийип жүргөн чапан, чепкен, калпак, топуларды кийип жүрүүнү сунуш кылып, жалпы даават жолунда жүргөн бир туугандарыбызга жарыя кылып жатабыз. Учурда бул маселе чечилип калды. Экинчиси, алардын илими боюнча да программаларды иштеп чыктык. Эми, Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда бир айлык, үч айлык курстар ачылды. Ушул жерде аларга зарыл болгон илимдерди үйрөтүп, өзү да адашпай турган, башкаларды да адаштырбай тургандай кылып даярдап чыгарабыз.

Даават тууралуу айтууда дагы бир маселеге токтолбосок болбойт. Жогорудагыдай сын-пикирлерди айткан адамдар бир жактуу эмес, эки тарабын бирдей караса жакшы болмок. Учурда даават иши арамдан адалга чыгаруу боюнча иш алып бара жатат. Ууру, каракчы, сойку, басмачы, аракеч, ата-энесин сыйлабаган, жашоодогу максатын билбеген, кыскасы адамдык сыпаттан чыгып калган адамдар оңолуп жатат. Ушундай арам иштерден кайтып, келме айтып, намаз окуп, ата-энесинен кечирим сурап, бала-чакасын багып, өлкөсүн сүйүп ж.б. адамдык сыпатка келип жатат. Мындай адамдарды ар бир райондон жүздөп санап бере алам. Бул биринчи этап. Мына эми акырындык менен кийинки этапка өтүп, адеп-ахлак, маданият, илим-билим ж.б. жетишебиз. Жаман болуу бир паста, жакшы болуу аста-аста. Сырттан карап туруп бизди сындагандар, бизден талап кылгандар, биздин эң акыркы даражабызды талап кылып жатышат. Алардын оюнда дааватчы илим-билимдүү, маданияттуу, төгөрөгү-төп келишкен адам болуусу керек. Туура, бирок ошол даражага жетүү үчүн бул этаптарды басып өтүшүбүз керек. Бир эле күндө баары ойдогудай болбойт да. Биз дааватчы деп атап жаткан адам – дааватчы эмес. Ал – оңолуучу. Кечээги аракечти, бүгүн кантип дааватчы деп айтасыз? Дааватка чыккан адам, биринчи өзүн оңдоо үчүн чыгат. Башканы оңдобой эле койсун, өзүн оңдосун. Экинчиден, Аллахтын ыраазылыгы үчүн чыгат. Бирөөнөн акча алуу ж.б. максат менен эмес. Үчүнчүсү, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) акыркы пайгамбар, анын калтырган динин таратып, жакшылыкка чакыруу үчүн чыгышат. Мындан башка эч кандай максаты жок. Буйруса, аракет кылып жатабыз, сандан сапатка өтүп, даават ишин да жөнгө салып, “жумурткадан кыр издегендер” кемчилик таппай тургандай деңгээлге жеткиребиз.

- Маегибиздин акырында, жалпы элибизге, мусулман журтчулугубузга каалооңуз?

– Элибиз тынч, жашообуз бейкут болсун. Эл арасында, улут арасында ынтымак болсун. Аллах Таала баарыбызга ыйман, ырыскы, бакыт-таалай берсин. Баарыбыз бирдикте, динге, элге, өлкөбүзгө кызмат кылып өтөлү.

- Ырахмат, сиздин да ишиңизге ийгилик, элиңизге ак кызмат кылууну Аллах насип кылсын.

Алайчы Сеитбеков

Айбат гезити №74




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru